Ырчы Талант Кадыров ырчылык жолунда жыгылып да, туруп да көрүп, бирок сахнага деген сүйүүсү өчпөгөнүн айтты. Каарманым тууралуу маегинен көп нерселерди билдим, сизге да кызык болот.
– Талант, сени билген адамдар ишине өтө так адам катары сыпатташты эле, сен бул жолу өтө күттүрдүң.
– Туура айтышат. Убакытка өтө такмын. Биринчи жолу ушундай болуп калды. Бир жакшы инсандар чакырып, аларга кызмат кылууга туура келип, кечигип калдым, бул үчүн кечирим сурайм.
– Кечирилдиң. Жакында Айя Садырова экөөңөр дуэт ырдап чыктыңар, эл жакшы кабыл алды. Идея кимдики?
– Каныкей Эралиева таежем. Алардын колунда көп жүрдүм. Экинчи апам десем да болот. Мага ырлары аябай жагат. Уруксат сурап ырдап калдым. Алгач Анжелика менен ырдасамбы дегем, кийин Минюра менен... Буйрук экен, Айяга бир концерттен жолугуп калып, экөөбүздүн үнүбүз келишкенин байкадым. Сунуш кылдым. Жыйынтыгы жаман болгон жок.
– Адатта ырчынын баласы ырчы болуп калат. Бул генденби же тарбияданбы? Сенин мисалыңда кандай болду?
– Атам Алтымыш Кадыров менен апам Рая Нургазиева экөө тең Ош шаардык филармониясында иштешчү. Иним экөөбүз тең ошол атмосферада өстүк. Шыгымды байкаштыбы, 5 жашымда эле мага пианино сатып берип коюшту. Кызыгы, экөө тең мага үйрөткөн жок. Өзүм баскылап жүрүп тез эле үйрөнүп кеттим. Бул шык мага кандан берилген болуш керек. Мында бир нерсе бар окшойт деп чечишти да, мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке беришти. Окууну бүткөндө кафелерде ырдап баштадым. Кийин «Жаныш-Байыш» тобу, Бек Борбиев, Абдумалик Шерматов менен гастролдоп жүрүп чоң сахнага чыкканды жактырып калдым. Атыбыз чыгып, эл таанып калганда «60`К» тобун түзүп иним (ред: Самат Кадыров) экөөбүз ырдап калдык. Эл жакшы кабыл алып эргүү менен кетип жатканда ортодо бир окуялар болуп кетти. Чыгармачыл адамдар турмуштун соккусун башкача кабыл алат экенбиз, эмоцияларга алдырабыз, кадимки инсандарга караганда катуураак кабыл алабыз. Иним «болду, кереги жок» деп ырдабай койду. Мен жалгыз эмне кыларымды билбей калдым. Чет жакка кетүүгө аргасыз болдум. Көп нерсени көрдүм, бутума турдум, үй-бүлөлүү, үй-жайлуу болдум. 2016-жылдары келип баарын кайрадан баштоону чечтим.
– Алтымыш Кадыров ырчы катары эмес, ата катары кандай эле?
– Атам менен апам турмуш шарттан улам ажырашып кетишти. Атам жакшы адам болгон. Балалыгым атамды куса болуу менен өттү. Атам менен кездешүүлөрдүн саны аз болгондуктанбы же атамды жакшы көргөндүктөнбү, кездешүүбүздүн ар бири эсимде. Балмуздак алып берсе деле сүйүнүп калчумун, аны алып бербесе деле атамдын жанында жүргөнүмө сүйүнчүмүн. Бир окуяны такыр унутпайм. Интернатта окуп жүргөм. Терезени тиктеп туруп жаан арасында кара узун плащ кийген кишини чала-була көрүп калдым. «Ушу киши атам болуп калса кана?!» деп кыялданып койдум да класска кирип кеттим. Аз өтпөй атам кирип келсе болобу. Ушундай кубангам.
– Апаңдын таасири кандай болду сенин жашооңдо?
– Азыр жатсам-турсам апама узун өмүр, ден соолук тилейм. Бизге ата да, эне да болду. Жалгыз бой эки эркек баланы тарбиялаш оор экени белгилүү эмеспи. Түйшүгүбүздү көп тартты.
– Тентек бала болгон окшойсуң, ээ?
– Өткөөл курак деп коёт эмеспизби. Ошол учурда эч кимди укпай каласың го. Мен "гастролдойм, окубайм" деп эле туруп алдым. 9-класста туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү алып поездге отуруп Сибирге качып кеттим. Өтө «горячий» бала болчумун, эч кимди укчу эмесмин.
– Анан өрт бала кантип алдымда отурган токтоо жигитке айланды?
– Ошол барышымда эле турмуш мени тарбиялап койду. Жүк ташуучу болуп иштедим, мындай эле айтайынчы. Азыркылар "тачка" дейт го, меники чана болчу. Ал жак аябай суук да, товарларды чана менен ташуу менин идеям болчу. Башынан эле башкача бала элем. Интернатта окуп жүргөндө ачка калган балдарды да мен бакчумун. Сабактан кийин гезит сатып, айтор, бир нерселерди ойлоп таап кыла берчүмүн.
Сибирге барып 1 жыл туугандарыбыздын товарын кичинекей чана менен ташып иштеп жүрүп тажап кеттим. Чанамды чоңойтуу идеясы келди. Жалаң орустун арасында куруучу болуп бир кыргыз байке иштечү. Ошого барып чоң чана жасатып алдым. Чана менен товар ташып жүргөнүмдү көрүп орустар да кызыга баштады. «Толик, помоги нам с санкой» дешет. Мен ар бир сумканы 50 рублга ташыйм. Ал мен үчүн жакшы эле акча болчу. Өзүнчө эле "тачкист" эмес, "санкист" болуп алдым (күлүп). Кыргыздар менден уялышат, тим эле сөгүп жүрүштү. Ошентип тапкан акчамды тууганыма берип чогултуп жүрчүмүн да. Аным бир күнү бербей койсо болобу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү да алып алды. Ыза болуп кийимдеримди чогултуп кетип калдым. Башка жерге барып иштеп жолума акча таап күбөлүгүмдү алып мекениме келдим. Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп өзгөрүлдүм. Окуумду улантайын, апама, бир тууганыма жардам берейин деп баштадым.
– Бир тууганың азыр ырдабай калдыбы?
– Инимдин учурда өз иши бар. Ырдабай калганда үнү "отуруп" калыптыр, азырынча ырдап чыга турган каалоосу деле жок. Кийин бир мезгили келет деп ойлойм.
– Бир нече жыл мурун татынакай эки келин келген. Бири Саматтын, бири сенин мурунку келинчегиң экен. Экөөңөрдүн дарегиңерге сөздөр болгон эле. Ошол иштин аягы кандай бүттү?
– Ал иш ошол боюнча жабылган (күлүп). Ал никеден кызым бар, катташып турам. Экөө жакын курбулар болчу. Бир кафеде иштеп калганбыз. Саматты ошол кафеге алып барганыма азыр өзүмдү күнөөлөйм. Чакырбасам ал кыз менен таанышып, үйлөнбөй калат беле? Эми бул да бир себеп да. Мен мурунку келинчегим менен кыз-жигит болуп жүрүп, кийин иним анын курбусу менен кыз-жигит экенин билбедимби. Экөөбүздүн тең үйлөнө турган оюбуз жок болчу. Эмне болду өзүбүз да түшүнбөй торго илинип калдык. Ал күндөрдү эстегим келбейт.
– Азыркы келинчегиң ырчылыгыңа кандай карайт?
– Кызганат бардык аялдардай эле. Бирок ортодо ишенич, сый бар. Азыр техника өнүгүп калбадыбы. Дайыма видеочакыруу менен сүйлөшүп турам. Шектенгенге деле шылтоо жок.
– Кандай атасың?
– Кандай атамын (ойлонуп)? "Менин балалыгым атамды сагынуу менен өттү" деп айтып кетпедимби. Уулум мендей болушун же мен атамдай болууну каалабайм. Аз убакыт көрбөй калсам эле сагынып кетем. Жашоомдогу эң маанилүү адам бул – уулум. Кызымды да жакшы көрөм, мээрим төгөм. Бирок менден алыс өсүп калды.
– Алтымыш Кадыровдун мыкты обондору, ырлары бар эмеспи, аларды ырдап чыгууну ойлогондурсуң?
– Атабыздын атын өчүрбөйлү деген идея менен топтун атын да койгонбуз. Атамдын ырларын ырдайбыз, бирок азыр эмес. Анткени мен атымды нөлдөн баштап өзүм түзгүм келет. Ансыз да даяр имидж деп ойлошот. Атамдын атын жамынбай өз ысымымды чыгаргандан кийин анын ырларына кайрылсам дейм.
– Азыр ырчы болуу оңой, үндү жаздыруу, келбетти оңдоо, жарнама деген нерселер бар. Рыспай Абдыкадыров, Чубак Сатаев, Алтымыш Кадыров булардын эч бирисиз эле элди багындыра алды. Азыр эмнеге ошончо шарт болсо да алардыкындай ырлар, обондор чыкпай жатат? Тескерисинче, ырчылар алардын ырларын жаңылап ырдоо менен алек?
– Билбейм, бирок алардыкындай обон чыгышы мүмкүн эмес. Жакшы обондор деле бар, бирок азыркы муун кадырлай албайт. Менимче, алардын доору башка болду. Биз эмес, доор өзгөргөндөн болсо керек.
– Ишиңе ийгилик.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg