СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Рак…
Уккан кулагыма ишене бербей, ээсим оой түштү. Врач дагы эмнелерди айтканын уга албадым. Чамасы, диагнозумду далилдеп жатса керек. Кулагым чуулдап, мээм чыңалып чыкты. Врачты телмирип карап отура бериптирмин. Канча отурганым Кудайга, анан ошол врачка белгилүү. Көптө барып акылымды топтодум.
– Жакшы калыңыз...- деп айтканымды врач уктубу же жокпу, ушинтип айттымбы же айтпадымбы, айтор, чыгып кеттим. Ыйлай алган жокмун. Кайда баратканымды билбей, тек гана жинди немедей бет алды кете бердим. Үйгө да, жумушка да баргым келген жок. Акыры сейил бакка жөнөдүм. Бул жерде эс алуу мага жакчу. Анткени кызыл-тазыл селкинчектер, наристелердин тунук, таза күлкүсү, кайсы бир нерсени талашып ыйлаган ыйлары да жагымдуу угулчу. Бул жагымдуу ызы-чуу сарсанаа ойлордон, өзөгүмдү өрттөгөн ызадан бир аз болсо да арылтып, көңүлүм ачылып калар эле.
Жай күнүндөгүдөй эл көп болбосо да, орундуктар бош эмес экен. Чоң каруселдин жанындагы орундуктан жай таап отурдум. Көзүмдөн жаш чыкпай буулугуп, көкүрөгүм куйкаланып жатты. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда калганымды эми даана туйдум. Бутум дагы бир тагдырдын тузагына илинген экен. Рак... Бул өмүрүң чектелүү деген сөз эле. Үйгө кеч кайттым. Ошол күндөн тартып жашоо мага таттуу, ар бир күнүм кымбат боло баштады. Алтургай азаптарга тушалып, башымдан шор арылбаса да жашагым келип, өмүрдү баалай баштадым. Жашоо, жарыктык кандай таттуу экенин сездим. Саналуу калган өмүрүмдө көп нерсеге жетишүүнү каалап жаттым. Ошол аздыр-көптүр өмүрүмдү татыктуу жашап өтүүгө бел байладым.
Апамды аяп, бир туугандарымды сагынар элем. Бактияр келбесин билсем да, тымызын күтүп, кусаланам. Айлана-чөйрөмө суктана карап, жанымдагыларга аяр мамиле кылып калдым. Махабатым менен бактым гана кыска болбостон, жанымды сыздаткан дартымдан азаптанып жашай баштадым. «Шаарга келбей эле койбой». Ушинтип көп өкүндүм. Билимимди жогорулатып, шаардан келечегиме жол табам деп келбедим беле. Ооба, келечегимди таптым, бирок кайра жоготтум. Көзүмдөгү нурду көз жашка, дилимдеги аруулукту ызага, жүрөгүмдөгү арзуумду азапка, соолугумду дартка алмаштырып, көөдөнүмдү өксүккө толтуруп алдым. Айтса, айтпаса төгүнбү, кайсы бир күнү өмүрүмдү өлүмгө алмаштырарым да анык болуп калбадыбы. Мүмкүн врач айткандай, диагнозум ката чыгар. Ар нерсени ойлонуп отуруп, оюма нелер гана келбеди. «Эгер мени бул оору өлүмгө жеткире турган болсо, анда Бактияр экөөбүз чыныгы дүйнөдө табышабыз. Кыяматта өлгөндөр тирилип, жалган дүйнө менен чын дүйнө бириккен кезде бизге кайрадан нике кыйылып, периштелер күбө өтөт. Ал эми жалган дүйнөдө биздин жүрөгүбүздү сыздатып, эки башка жолго кетүүбүзгө себепкер болгон наадандар тозок отунда куйкаланып жаткан болушат. А Бактияр экөөбүз түбөлүк бирге болобуз.
Апам мени сөзсүз кечирет. Жалган айтууга мажбур болгонумду, жалгыздыгымды, айыккыс дартымды жашырганымды түшүнөт. Албетте, атам акыреттен мени күтүп аларына ишенем...». Ушундай ойлор менен өзүмдү жубатып да жаттым.Менин тагдырым башкалар үчүн кадимки турмуш чыгар. Бирок күнөөңдү моюнуң менен тартып, жашоонун канчалык оор экендигин менден башка эч ким билбес.
Мен адашкан жокмун, жаңылдым-жаздым деп башымды ташка уруп өкүнбөймүн! Мен, болгону, Бактиярды сүйдүм. Бир гана нерсеге өкүнөм. Менин аруу махабатым, чын ниетимден жасаган сый-урматым Бактиярдын көзүн көр, дилин сокур кылганына. Бир убакта менден кемчилик издеп, атымды булгап, жалаа жапкандар менин махабаттын курмандыгы болгонумду билишет. Эгер ал инсандардын жүрөгүндө кыпындай адамгерчилик бар болсо, кийин өкүнүшөр.
Үй-бүлө очогумдун отун өчүрбөй, турмушумду сактап калуу үчүн менден эмне талап кылынса, баарын жасадым. Колумдан келишинче аракеттендим. Менин бактылуу болгум келген!
Арга калбаганда «сүйүү жок» деп айтабыз. Сүйүүдөн улам ашыгын узакка көрбөй кусадан ооруп калгандар, сүйгөнүнө жетпей калганда жанын курмандыкка чалгандар канча? Демек, сүйүү бар. Аянычтуусу, ал баарын эле бактылуу кыла албайт тура. Сүйүүдөн азап тартып, турмушум бузулуп, атым булганса да, анын аруулугунан танбайм. Мени жашоого кайра жаратып койсо, кайра эле Бактиярды сүймөкмүн.
Мына, өмүрүмдүн жыйырма бешинчи жазын, эрте жаздын жашыл көктөмүн көрүп турам. Ким билет, дагы канча көктөмдү көрүп, жарыктыкта канча убакыт жашайм?
Малика буларды айтып бүткөн соң биз палатага кирдик.

ххх

Сыртта жаз жадырап мээримин чачат. Малика айткандай, сирень гүлдөгөн маал. Ал акыркы окуяларын айтып бүткөн күнү мен ооруканадан чыгып кеткен элем. Бир аптадан соң кайра барып, аны таппай калдым. Биз менен бирге жаткан эже да чыгып кетиптир. Тааныш мээрман айымдан сурасам, билбейм дегендей ийинин куушуруп койду. Дайынын билейин деп чалсам, Малика чөнтөк телефонунун номерин алмаштырып жибериптир. Ошентип, Малика менен байланыша албай калдым. Ичимден “мүмкүн дагы башка ооруканада дарыланып жаткандыр” деп ойлоп койдум. Андан бери билинбей жыл алмашты. Бул учурда Маликанын дарегин биле албадым. Бир жолу “бир мекемеде иштеп жатат” дегенди угуп, дароо жумушуна издеп бардым. Бирок, тилекке каршы, ал эс алууга чыгып, Москвага дарыланууга кетиптир.
“Аманчылык болсо, Малика келгенде сөзсүз жолугам. Алтургай Бактиярды издеп таап, аны менен да бул туурасында баарлашам. Малика акылынан азып, жүрөгү канап сүйгөн инсан кандай адам болду экен? Мүмкүн Бактияр да берген убадасынын аягына чыкпай, өзү сүйгөн инсанды арылбаган азапка салып кеткен чечкинсиздиги үчүн дил азабын тартып жүргөндүр, ким билет?..” деп ойлоп, үйгө жол тарттым.
…Кесибим журналист болгондуктан, күндөрдүн биринде редакциянын тапшырмасы боюнча майып балдары бар жалгыз бой энелерге арналган кайрымдуулук акциясына бардым. Спорт Ордосунда эл жык-жыйма экен. Майыптардын коляскасына балдарын салып сүйрөп келген энелер алдыңкы орундарды бүт ээлешиптир.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asal2409
2020-07-18 09:34:53
Мурунку сандарын таппай жатам
0
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА