ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ «ЖЭБ БОЮНЧА АК ЭКЕНИМДИ ДАЛИЛДЕЙМ» ДЕЙТ

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев SUPER.KG порталына маек курду. Ал Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны жана ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинде саясий кызыкчылыктар бар деген пикирде. «Парламенттеги депутаттардын көбү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнүшкөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен. Менде документтер бар, күнөөсүз экенимди далилдей алам. Мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын»,- дейт Сатыбалдиев. Буга чейин мурдагы премьер Сапар Исаков парламент депутаттарын «саясий өлүк» атаса, Сатыбалдиев депутаттарды «базарчы» атады.

Айта кетсек, ушул аптада Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык, борборду Кытайдан келген кредитке жаңылоо иштерин иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы ишин жыйынтыктады. Келерки аптада комиссия парламентте маалымат берет. Комиссия мүчөсү Сайдулла Нышанов "ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим түзүү алдында негизги сүйлөшүүлөр Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда жүрүп, Кыргыз тараптын кызыкчылыгына дал келбеген келишим ошол маалда түзүлгөн" деп чыкты. Депутаттык комиссиянын корутундусуна айрым мүчөлөрү кол коюудан баш тартышканын ырасташты. Депутат Алмазбек Токторов корутунду ЖЭБдеги кырдаалга күнөөлүү жетекчилерди актагандай жазылып калды дейт. Маалыматтарга таянсак, комиссиянын айрым мүчөлөрү «ЖЭБ боюнча фамилияларды атабай, жалпылап «жогорку бийлик жетекчилери» деп жазалы» деп чыгышкан. Комиссиянын ишине коомчулук эмки аптада баа берет.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан