Армения: ЭЛ БИЙЛИКТИ ОППОЗИЦИЯЛЫК ТАЛАПКЕРДИ КОЛДООГО АРГАСЫЗ КЫЛАБЫ?

Армения парламенти 1-майда премьер-министрди шайлай алган жок. Жалгыз талапкер, оппозициялык «Елк» фракциясынын лидери Никол Пашинянды 45 депутат колдосо, 56 депутат «каршы» добуш берди. Премьерликке шайлануу үчүн кеминде 53 добуш алуусу керек эле. Пашиняндын өкмөт башына барышына 58 депутаты менен парламентте көпчүлүктү түзгөн «Армения республикалык партиясы» фракциясы каршы чыкты.

Парламенттеги көпчүлүктүн мындай аракетине Пашиняндын миңдеген тарапташтары нааразычылык билдирип, өлкөдө жолдорду жаап салышты. Армения Конституциясына ылайык, 8-майда парламент кайрадан премьерди шайлоого аракет кылат. Бул жолу талапкерди парламент депутаттарынын үчтөн бири – 35 депутат сунуштоого тийиш. Эгер 2-жолу премьер шайлай албаса анда парламент тарашы керек болот. Акыркы маалыматтар боюнча, АРП фракциясы 2-майда жыйын өткөрүп, оппозиция лидери Пашиняндын талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды. «Биз талапкер чыгарбайбыз, парламент депутаттарынын үчтөн бири сунуштаган талапкерди колдоп беребиз»,- деди АРП фракциясынын лидери Ваграм Багдасарян. Буга чейин Пашиняндын талапкерлигин «Елк» фракциясы сунуштап, калган 2 оппозициялык фракция колдоого алган. 8-майдагы шайлоого кайрадан Никол Пашинян сунуштала турганын «Елк» фракциясы буга чейин ачыктаган.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан