ИЛИМ КАРЫПБЕКОВДУН «ИЙГИЛИК СЫРЫ» КОШОМАТЧЫЛЫКПЫ?

Коомчулукта "КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек" деген пикир кызуу талкууланууда. "Коомдук деп аталган телеканал коомдук болбой, бир жактуу каралоо маалымат булагына айланды" деген пикирин КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, учурда Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан да билдирген.

Элчинин ал пикирине КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков төмөндөгүдөй жооп жазган:»Опе-ей, Түштүк Кореядагы элчибиз Кылычбек Султанов мырза эми ойгонуп кеткен го? Карыпбековдун жетекчилигинин алдында КТРК эң балит технологияларды колдонду, жоопко тартыш керек дептир. Колунда деле 100 000 сандык гезити бар эле, эмнеге буга чейин менин жетекчилигимдеги эң балит технологияларга жол бергендигим боюнча айтпай келди болду экен? Ошондо эле жазып чыкпайт беле? Аа, анда элчилик кызматтан алып коюшмак да антсе, а эми жаңы бийликке жагып, ордунда калуунун ыкмасы го? Анда түшүнөм, Кылычбек мырза, мындан дагы жакшылап мени жамандап, анан гезитиңиздин кызматын сунуштасаңыз калып каларсыз. Дагы бир аз аракеттениңиз! Керектүү кишилерди мактаганды да унутпаңыз, ансыз болобу?»

Кылычбек Султан Карыпбековдун бул кеңешине: «Илим, кошомат айтуу өнөрү өзүңө эле буюрсун. Мен өз оюмду дайыма ачык айтып келгем. Дагы да айта берем»,- деген жообун узатты.

Эске салсак, Кылычбек Султан 2013-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп жүргөн кезинде бул блок боюнча вице-премьер Камила Талиеваны «өзү жоопкер болгон блоктун баарын ашепке айыптоо менен социалдык блокту башкара албастыгын көрсөттү, өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына ушундай баа берип койду» деп сындап, мындай жетекчилер менен иштешпей турганын билдирип, кызматтан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилик кызматынан кетүүгө арыз жазган.

 


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан