КТРКнын БАШЧЫСЫНА ИШЕНИМ КӨРСӨТПӨӨ СУНУШТАЛГАНЫ ЖАТАТ

Көпчүлүк жарандык активисттер, депутаттар, саясатчылар "Карыпбеков КТРК башчылыгынан кетиши керек" деген пикирлерин билдирип жатышат.
Жарандык активист Эдил Байсалов: "Илим Карыпбеков коомдук каналды мурунку бийликтин туура эмес, калп маалыматтары менен саясий оппоненттерин жок кылуу үчүн пайдаланды. "КТРКнын имаратынын бул жерин чаптап койдум, айнектен эшик орноттум" деп айтып калат. Бул чарба башчынын деңгээли болуп саналат. Бизди КТРКнын ичинде эмне болуп жатканы кызыктырбайт. Эмнеси айнектен экенинин кереги жок. Эң негизги продукциясы коомдук каналдын эфири болушу керек",- дейт.
Парламент депутаты Эмил Токтошев Илим Карыпбековдун КТРКны жетектөөгө моралдык укугу жок экенин айтат. "Белизгейт", Өмүрбек Текебаев боюнча элдин башын айландырган бир тараптуу маалыматтарды кайра-кайра кайталоо менен берип жатты. Карыпбеков КТРКны бир топтун каналына айландырып койду",- дейт Токтошев.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштап чыкты. «2017-жылы 1 миллион 500 миң долларга сатып алынган көчмө студиянын техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы тууралуу так маалымат берген эмес. Ошондой эле саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтери үчүн Байкоочу кеңештин кийинки жыйынында Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштайм»,- деди Болгонбаев. Байкоочу кеңештин кезектеги жыйыны качан өтөрү белгисиз. 1,5 миллион долларга көчмө студия сатып алуу күмөн жаратарын парламентте депутат Каныбек Иманалиев да айтып чыккан.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан