БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ГАЗ КЫМБАТТАДЫ...

  • Юристтер Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-АПРЕЛЬ деп өзгөртүлгөнүнө каршы. «Биздин укук» коомдук фондунун юристтери Бишкек шаардык кеңешин бул чечими үчүн сотко бермекчи.
  • Экс-депутат АИДА САЛЯНОВАга карата козголгон кылмыш иши Жогорку Сотто каралып баштады. Буга чейинки инстанциялар Салянованы күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.
  • ДИНАРА МОЛДОШЕВА Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды.
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУН өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, иш-чара жогорку деңгээлде өтүшү керектигин эскертти.
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ 30-апрелден 6-майга чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрөбүз деп тарап кетишти.
  • Мурдагы вице-премьер ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВге козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, соттук процесс башталды. Экс-чиновник «терроризм актысы жөнүндө атайлап жалган билдирүү жасаган» деп айыпталууда.
  • Май айында кыргызстандыктар ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу үчүн 14 сом 41 тыйындан төлөшөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирди. Апрель айында эл 14 сом 35 тыйындан төлөгөн.
  • Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин «Алмазбек Атамбаев КЫЗМАТТАШУУНУ СУНУШТАДЫ» деп интернетке тараткан маалыматын КСДП жалган деп жарыялады.
  • Жогорку Сот журналист НАРЫН АЙЫПтын экс-президент Алмазбек Атамбаевге 3 миллион сомдук айыпты бөлүп төлөөсүнө тыюу салган сот чечимин жокко чыгарды.
  • Журналист ЭРНИС КЫЯЗОВ "5-каналга" башкы директор болуп шайланды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан