– Салам, Айдана! Чыгармачылыгыңда кандай жетишкендиктер, жаңылыктар бар?
– Саламатсызбы? Чыгармачылыгымда жаңылыктар көп. Азыр жаңы долбоор менен иштеп баштадык. Жаңы клип тарттырып жатам. Бул клибимде таптакыр башкача образда, мурункуга окшобогон Айдана Дека болом. Элге сюрприз болсун деп клиптин презентациясына чейин образымды Инстаграмга жүктөбөй, элге көрсөтпөй катып жүрөм.
– Ырдаганың, кийингениң корейлердикине окшоп кетет. K-pop күйөрманы окшойсуң.
– Мурда K-pop күйөрманы эмес болчумун. Бий тобумда жалаң өспүрүм кыздар бийлейт, ал эми азыркы өспүрүмдөрдүн баары эле K-pop`ко кызыгышат. Бийчилерим менен маектешип калганда алар мага K-pop тууралуу кызыктарды, жаңылыктарды айта беришет. Ошентип кызыгып кеттим.
5 жылдан бери Бишкекте K-pop фестивалы өтөт. Мурда жөн эле көрчүмүн. Быйыл болсо бийчилерим менен катышайын деп чечкем. Тандоо турунан өттүк. Буюрса, жакын арада Түштүк Кореяга барып, концерт уюштуруу пландарыбыз бар. Түштүк Кореяга барып фотосессия уюштуруп, клип тарттыргым келчү, буюрса, жакында ошонун баарын ишке ашырганга аракет кылам.
– Эгерде мүмкүнчүлүк болсо кайсы кыялыңды орундатат элең?
– Аябай кыялкечмин, көп нерселерди кыялданам. Азыр айтсам баналдуу угулат болушу керек. Бирок мен эң негизги – дүйнөдө согуш болбой, тынчтык болсун деген кыялымды орундатмакмын.
– Дүйнөлүк жылдыздар менен дуэт аткарууну кыялданып көрдүң беле?
–Ариана Гранде, Селена Гомес, Жастин Биберлер менин жүрөгүмө жакын ырчылар. Корей ырчыларынан «BlackPink» тобунун кыздары менен чын жүрөктөн дуэт аткаргым келет. Мага негизи
K-pop`тун эркектери жакпайт, кыздары абдан жагат.
– Сыртыңдан караган кишиге жемин жедирбеген кыздай көрүнөсүң...
– Кээ бирлер «абдан жоош көрүнөсүң» десе, «аябай тыңсың, баарына жетишип, чогуу алып жүрөсүң» дегендер да көп. Өзүм жөнүндө айтсам, эгерде жумуш болсо жоопкерчилик менен аткарып, олуттуу мамиле жасайм. Мурда ыр жаздырсам, клип тарттырсам же кийим тиктирсем бүт нерсеге өзүм кийлигише берчүмүн. Азыр ойлосом туура эмес экен. Анткени ар бир адам өзүнүн ой жүгүртүүсү менен иштейт да. Аларга тоскоол болсом ар бир ырым, клибим окшош, мен каалагандай эле боло берет экен. Ошондуктан ар кимге тың болуп кийлигишпей калдым (күлүп). Бирок чынында эле башкаларга жемимди жедирбейм.
– Бийчи кыздарыңды кандай жол менен тарбиялайсың?
– 9 жаштан 16 жашка чейинки 100гө жакын бийчи кыздарым бар. Кыздарымды урушпайм, өзүмдүн сиңдилериме мамиле кылгандай мамиле кылам. Өспүрүмдөр менен иштешүү өзгөчө нерсе, психолог да болуу керек. Анткени өспүрүмдөр чоңоюп, өткөөл куракка жеткенде ар биринин мүнөзүн түшүнүп, тил табышуу зарыл. Мен ар бири менен жакшы мамиледемин.
Кээ бир бий студиянын кыздары эжейинен коркушат. Анткени эжейи урушат. Дайыма кыздарга «мен силерди андай ыкма менен тарбиялабайм, бири-бирибизге ишенимдүү, күйүмдүү, эже-сиңдидей бололу» дейм.
– Кыз менен жигиттин достугуна ишенесиңби?
– Ишенем. Анткени классташтарымдын, чыгармачылыкта жүргөн кесиптештеримдин арасында эркек досторум көп.
– Мурунку маектериңде «бир жигит көңүлүмдү буруп жүрөт» дедиң эле, ал эмне болду?
– Дагы эле жакшы мамилеси, адамгерчилиги көңүлүмдү буруп жатат (күлүп). Жигитим боло элек. Азыр сүйүүгө, жеке жашоого убактым, каалоом жок экенин ал деле билет, түшүнөт. Ал убакытты, менин чоңоюшумду күтүп жатат окшойт.
– Көбүнчө ырчы Аваз Акимов экөөңөр чет өлкөлөргө чогуу барып, концерт уюштуруп каласыңар.
– Экөөбүз Түркияга эле барганбыз. Биз менен кошо Самат Эркинбеков дагы барган. Ага чейин чет өлкөлөргө көп эле чакыруулар болгон, бирок ата-энем «жалгыз барбайсың» деп жибербей коюшкан. Түркияга чакыргандар экөөбүздүн жалпы тааныштар экен. Мага чалып «1 ырчы кыз, 1 ырчы жигит, 1 алып баруучу керек. Сени чакырсак кайсы ырчы жигитти сунуштайсың?» дегенде Авазды сунуштагам. Аваздан да өзүнчө сураса мени сунуштаптыр. Ошентип сунуштарыбыз төп келип калып чогуу барганбыз. Ал жакта апамдын дагы тааныштары болгондуктан ишенип жиберген.
– Бакыт деген сен үчүн эмне?
– Жумушка кубануу менен шашып барсаң, жан дилиң менен иштесең, жумуштан кийин үйгө баратканда дайыма жакындарың күтүп жатканын билсең – бул эң чоң бакыт. Мисалы, мен бий студияма кыздар менен бийлейин, сүйлөшөйүн деп жанталашып барам, кечинде үйдө жакындарым күтүп жатканын билем, мен үчүн ушунун өзү бакыт.
– Тойлорго чакыруулар болобу?
– Албетте, болот. «Бийле» деген ырым менен тойлорго көп чыктым. Мени көбүнчө жаштар көп барган үлпөт тойлорго чакырышат. Бийчилерим менен кошо барып, өзүмдүн шоу программамды көрсөткөндү жакшы көрөм.
– Чыгармачылыкка короткон чыгымдарыңды тапкан кирешең актайбы?
– Азырынча чыгармачылыктан акча таппайм, тескерисинче, аябай көп акча коротуп жатам. Чынын айтсам, чыгармачылыктан акча табууну максат кылбайм. Мен үчүн акча табуу эмес, чыгармачылык биринчи орунда. Мисалы, бий студиямда жакшы бийлеген кыздар акча төлөшпөйт. Анткени жакшы бийлеген, таланттуу кыздарга жардам бериш керек. Клип тартканда, ыр жазганда эч качан акча аябайм. Чыгымдарыма ата-энем колдоо көрсөтөт.
– Өзүңдү келечекте кандай келин элестетесиң?
– Кайын журтума эркелеген келин болсом керек. Эркелеген дегенде эч нерсе кылбаган эмес, бүт иштерди так кылган, жаман мүнөзүмдү көрсөтпөй, дайыма күлүп жүргөн шайыр, тыпылдаган тың келин болгум келет (күлүп).
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg