(Башталышы өткөн сандарда)
– Уулум, билесиңби, биз сага бир нерсени айталы деп турабыз,- деди Керем.
– А мен билем,- деди күлүңдөгөн балакай.
– Эмнени билесиң?
– Сен энеме үйлөнөсүң жакында.
– Аа, ал го бар. Биз сени менен башка нерсе тууралуу сүйлөшөлү дегенбиз.
Жамиля чыдабай кетти. Уулун бооруна кысып акырын үн катты.
– Сенин атаң Керем.
– Эне, сен алмаштырып жатасың. Менин атам Ахмед. Болду, мен башка эч нерсени сүйлөшпөйм,- өкүм үн каткан балакай чуркап кетти. Чындык ар ким үчүн оор. Шылкыйган алар бул жолу да уулу менен сүйлөшө албай келишти.
– Керем Тунжа, сиз өз эркиңиз менен Жамиля Тунжаны аялыңыз катары кабыл аласызбы?
– Кабыл алам.
– Жамиля Тунжа...
Кулагына жаңырган бул соболдон мындан 7 жыл мурун жарым эс Ахмедге турмушка чыкканын эстеди. Кабыл алганга аргасыз болгон. Жарга такалган калыбында бул жолу да аргасыз.
Келген коноктор, Керем, баары аны тиктеп калды. Никелештирип жаткан адам кайра сурады.
– Макулмун, кабыл алам,- деген жооп угулду. Керем жеңилдене дем алды.
Үйлөнүштү. Бир чатырдын алдында жашаса да, алар бири-бирине көнө албай коомай мамиле жасап жүрүштү. Кайсы бир учурларда экөө тең ыңгайсыздана көздөрүн кайсы жерге жашырарын билбей, кандай мамиле кылышты билбей калышар эле. Биринчи күнү эле Керем аны бөлмөсүнө жалгыз калтырып жаздыгын алып чыгып кетти.
– Мен качан сен даяр болгонуңда бул бөлмөнүн босогосун аттайм. Эскиден эч нерсе калбай калганда, өзүң чакырганда келем. Ага чейин күтөм. Азыр жөн гана сени менен чогуу бир үйдө жашаганыма бактылуумун,- деди. Жамилянын алдында эки адам бар болчу. Бири 17 жашында бөлмөсүнө кирип эркине карабай зордуктап койгон адам эле. Өзүнүн атын булгабаш үчүн кем акыл инисине зордоп үйлөндүргөн, зордоп эне кылган ушул болчу.
Экинчи Керем өзү үчүн, уулу үчүн болгон курмандыкка бара ала турган, ал үчүн түрмөгө да жатып чыккан, башканын коюнунан келгенин билсе да кабыл алган адам эле. Кайсынысына ишенип, кайсынысына саксактап туруш керек экенин аныктай албай жүрдү. Бир билгени, ичиндеги баланы мыйзамдуу түрдө Керемдики кылуу керек эле.
Террасада отурган Керемдин жанына басып барды Жамиля. Бир нерсе деш керек эле.
– Күнүң кандай өттү?- деди ал бир сөз баштамакка.
– Жакшы, сенинчи?
– Ар күндөгүдөй.
Кайра унчукпай калышты. Экинчи кабатта Эмренин, Нурилянын, апасынын үндөрү угулуп жатты.
– Чай ичесиңби?
– Жок, убара болбо. Баса, үй кызматчыларың жетишип жатабы? Болбосо дагы бирин...
– Жетиштүү эле.
– Бир нерсе айта албай тургандайсың...
– Сен мен даяр болгондо бөлмөмө кирем деген элең. Ошо... Мен сага айтканы келдим, мен даярмын!
Керемдин жүрөгү дүк эте түштү. Кашын өйдө көтөрүп карап калды.
– Чындаппы?
– Чын, биз үйлөндүк. Бул бир жомок эмес, же бир түш эмес. Мен бул нерсеге өз эрким менен келдим, макул болдум. Узартыштын кереги жок, анткени мен чындап үй-бүлө күткүм келет. Бул жолкусу үй-бүлөм чыныгы болушун каалайм. Анткени мен чарчадым. Экөөбүзгө мүмкүнчүлүк бергим келет. Бири-бирибизден алыс турсак биз...
Керем эки аттап жетип дирилдеп турган кыздын сымбаттуу денесин кучагына кысты.
– Унчукпа...
Таң эртең менен күндүн жарыгынан көзү уяла ойгонду Жамиля. Жанында уктап жаткан Керемди тиктеди. Бүттү баары. Курсагындагы баланын тагдыры да чечилди. Жеңилдене дем алып кайрадан көзүн жумду.
ххх
Аз өтпөй Керем Жамилянын боюнда бар экенин билди. Алгач ишенгиси келбеди. Ишенген соң жер жаңырта бакырып-бакырып алгысы келди. Терисине батпай сүйүндү.
– Чынбы?- деди дагы деле ишене албай.
– Чын.
– Аллахыма шүгүр, жакшы ата болуш үчүн мага дагы бир мүмкүнчүлүк бергениң үчүн! Көздөрүндөгү толуп турган жашты силкип алды.
– Мен энеме кабар берейин, анан экөөбүз дарыгерге барабыз.
– Керем, сен энеңе кабар бер, бирок дарыгерге кийин баралы. Азырынча кичине,- деди Жамиля.
– Канча апта?
– Эки.
Жамиля куду суракта тургандай колдору титиреп кетти. «Уф, дагы канча жолу минтип титирейм? Сырымды билбесин деп дагы канча жолу кыяматтын кыл көпүрөсүндө тургандай жүрөгүм дүкүлдөйт? Бир өмүр жашыра турган сыр. Мага жардам бер, Жаратканым!»- деп алды Керем чыгып кеткенден кийин. Чындыгында оор болчу. Көзүнө тиктеп туруп башканын баласын аныкы кылуу, анын кубанычтан жинди боло караган көздөрүн тиктеп туруу. Айрыкча курсагындагы бала менен сүйлөшүп жатканда уяты, намысы, коркунучу кошулуп келип тура качкысы келчү. Адам эмнеге көнбөйт? Жамиля да көндү. Бара-бара Керемдин махабат толгон көздөрүнө тиктегенден коркпой калды. Андан да кызыгы, ал ошол сүйүүдөн күч алып жатканын байкады. Анын табына жылынып, күндөн-күнгө ишеними күчөп бара жаткандай эле. Жайдын кечтеринде салкын террасада бир нече саат бою сүйлөшүп отурганды адат кылып алышты. Керем көп нерселерди билчү, дүйнөнүн жарымын кезген, акыл-парасаттуу адам эле. Ал буга чейин бир да аял менен өзүнүн чечимин, ойлорун, сезимдерин бөлүшпөгөн эле. Атүгүл кимдир бирөөгө ушунчалык ачылам деп ойлогон эмес.
– Сен мени эмне кылдың, Жамиля?- дечү ал өзүнө-өзү таң калып.
– Эч нерсе.
– Сен менден башка бир адамды жараттың. Балалыгымдан бери эч бир адамга мынчалык сүйлөп көрбөгөм. Сени көрсөм сүйлөгүм эле келе берет. Унчукпай калсам жарылып кетчүдөймүн.
– Кызык, энеңе да ачылган эмес белең?
– Жок, кичинемде энем менен атам Ахмед менен алектеништи. Ооруп калганда деле башымда отуруп жомок айткан күндөрү болбоду. Тарбиячыларым мени жек көрүшчү. Анткени өтө тентек элем, досум да болбоптур. Кыскасы, өзүм менен өзүм болгон окшойм. Азыр Эмрени карап суктанып кетем. Уулуң сага баарын айта алат. Аны менен сен кадимкидей кеңешесиң. Менден бир аз алыстап турат, анткени ал атасыны ордун басканымды ойлонот окшойт. Эч нерсе эмес, мага кызым жакын болот,- деди ал Жамиляны ичин сылап.
– Кызбы?
– Ооба, кызым. Менин кызым.
– Менимче, уул.
– Жок, билем мен, кыз болот.
Керем ишенимдүү айтты. Асмандыкындай көпкөк көздөрү муздун сыныгындай эмес эле азыр. Кадыресе жумшарып калгандай. Жамиляны бооруна кыса кучактады.
– Мени эч качан таштаба, Жамиля. Сенсиз мага болбойт! Сен менин аялым гана эмессиң, сен менин бүтүндөй ааламымсың.
– Мен эч кайда кетпейм. Менин үй-бүлөм сенсиң мындан кийин,- деди Жамиля. Керемдин кучагында көзү илинип, биринчи жолу эртең эмне болот деп кооптонбой уктап баратканын сезди...
(Уландысы кийинки санда)