1-майда ырчы Гүлзада Рыскулова саат 11:20да төртүнчү уулун жарыкка алып келди. Борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган ырчынын ымыркайы 4 килограмм 200 грамм салмакта. “Учурда балам экөөбүздүн тең ден соолугубуз жакшы. Буюрса, бүгүн үйгө чыгабыз. Ат тандай элекпиз. Экинчи балам 2 жарымда, үчүнчүсү 1 жарымда, экөө мени бири-биринен талаша беришчү, эми эмне кылышат билбейм”, - дейт ырчы айым.