YELLA “РЕЗИДЕНТ ТНТ MUSIC” ДОЛБООРУНА ӨТТҮ

Yella (Назгүл Токтакунова) Орусиянын ТНТ телеканалындагы “Резидент ТНТ music” долбооруна катышып, 1-турдан өттү. Аталган долбоор 2-жолу өткөрүлүп жатат. “Досторум ушул долбоорго катышып көрбөйсүңбү деп сунуштап калышты. Макул болуп “Как в кино” деген ырымдын аудиосун, клибин жөнөткөм. Каналдын продюсери өзү “куттуктайбыз, жүздөн ашуун ырчынын арасынан сиздин ыр тандалган 10 ырдын арасына кирди” деп интернеттен байланышка чыкты. Сүйүндүм, 2-этап боюнча 1-июнга чейин ТНТ каналынын форматына ылайык ыр жаздыруу эле. Азырынча ыр тандай элекмин. 7-майга чейин интервью да беришим керек болчу. Орусияга барганга жетишпейт экенмин, интервьюну бул жактан даярдап салып жибермей болдум. Эфирге 10-майда чыгат. Бул долбоордон сырткары да көп иштер менен алек болуп, азыр жадакалса уктаганга убакыт тар болуп жатат. 1-орунду алган жеңүүчүгө миллион рубль тапшырылса, 2-орунду алган ырчыга клип тартып берип, аны телеканал аркылуу элге жайылтат экен. 3-орунга ээ болгон ырчы Орусияда өткөрүлчү чоң концертке катышат”, - дейт ырчы. Назгүлгө ийгилик каалайбыз, алдыңкы 3 орундун бирине илинет деген ишеничибиз бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tyty1990
2018-05-08 09:27:57
Yella дагы ким болду экен депмин,көрсө өзүбүздүн назгүл турбайбы
+5
Aikan1966
2018-05-08 10:23:12
Ийгилик кыргыз кыздарына.
+7
engel
2018-05-08 15:03:17
Ийгилик болсун
+3
Malika...08
2018-05-08 17:52:08
Бул кыз жанагы ырчы балага турмушка чыкканбы? Тойго даярданып жатышпады беле
-1
kakukani
2018-05-08 19:30:36
Ийгилик Назгуль эже
+1
nnn.sss
2018-05-08 19:33:13
Уну оло жагат,сонун ырчы,ийгилик!
+1
Kleopatra_91
2018-05-09 17:14:24
Жоок ал менен уйлонушкон эмес , бул тцрмушка чыга элек по моему
0
Bolotbek1991
2018-05-14 00:52:26
Ийгилик Назгуль эже
0
Bolotbek1991
2018-05-14 00:53:12
Ийгилик
0
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан