Кыз талашкан мушташтын арты өлүм менен аяктады. Маселе чечүү үчүн чогулган балдардын мушташы 17 жаштагы балдардын бирин милициянын колуна тапшырса, экинчисин жерге берди.
“ШЕКТҮҮ БИР ЧААП ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ ДЕП КӨРСӨТМӨ БЕРИП ЖАТАТ”
Окуя тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларды айтып берди:
– Ушул жылдын 30-апрелге караган түнү саат бирлер чамасында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун артында өспүрүм балдардын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, мушташ болгону белгилүү болду. Анда 17 жаштагы Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарынын эки тургуну мушташкан. Мушташтын себеби кыз талашуу болгон. Кара-Ойдун тургуну атаандашын талуу жерине чаап алып өлтүрүп алганын айтып көрсөтмө берүүдө. Шектүү кармалып, сурак берип жатат. Андан башка эч ким кармалган жок. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
“ЖАЛГЫЗ УУЛУМДАН АЙРЫЛДЫМ”Жалгыз уулун жерге берип, каңырыгы түтөп турган Бактуу-Долоноту айлынын тургуну, мушташта каза болгон Аман Бакачиевдин атасы Каныбек Абдиевдин учурдагы абалын сүрөттөп берүү оңой эмес.
– Жалгыз уулубуздан айрылып отурабыз. Аман болсо балам 7-майда 17 жашка чыкмак. Апасы экөөбүздүн абалыбыз оор. Чоңоюп калган баланы жоготуу кыйын экен.
Аманым түз жүргөн, жакшы бала болчу. Азыр бир кызым калды. Аман Чолпон-Атада кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөн. Эртең менен жумушка кетип, түнкү саат 12-1лерде кайтчу. Ошондуктан кечиксе деле издеген эмесмин. Мындай болуп кетет деп ойлобойсуң да. Ошол күнү да жумушка кеткен, анан үйгө өлүгү келди. Окуянын чоо-жайын азыр билбейм. Бул иштер менен бир туугандарым алек болуп жатышат. Бир баланы камашыптыр. Ал бала менен бир туугандарым көрүшүштү. “Кармалган баланын колунан адам өлтүрүү келбейт” деп айтып жатышат. Мен деле башка балдар дагы бар болчу деп ойлоп жатам. Жалгыз бала өлтүрө албайт болчу. Уулум бокс менен машыгып жүрчү. Милиция кызматкерлери тыкыр изилдеп, чыныгы күнөөлүүнү таап, акыйкат жазасын берсе экен деп күтүп жатабыз.
“МУШТАШКА УЛУУ БАЛДАР ДА АРАЛАШКАН”
Окуянын чоо-жайын маркумдун классташтарынан уккан Амандын аталаш агасы Сагынбек Абдиев да кармалган баланын күнөөлүү экенине ишенбейт. Ал окуяга катышкан өспүрүмдөрдүн айтып берүүсү боюнча окуяны баяндап берди:
– Амандын Москвадан келгенине бир айдай убакыт болгон. Москвага иштеп келейин деп кетсе, апасы сагынып чакырып алыптыр. 18ге чыга элек болгондуктан, ал жактан жумуш тапкан эмес. 3-4 ай жүрүп, кайра келген. Окуя тууралуу ошол күнү Аман менен чогуу болгон классташ балдарынан уктум. Ооба, кармалган бала экөө кыз талашышкан экен. Бирок шектүү менен Аман мушташпаптыр. Кылмышка шектүү ооруп жаткандыгына байланыштуу анын ордуна жекеме-жеке мушташка анын досу чыгып берген экен. Ал досу жеңилип калып, эки тарап келишишип, кол алышып турганда ал жакка ак түстөгү Нива үлгүсүндөгү унаа келип токтоптур. Унааны көргөн башка балдар милиция экен деп качып кетишиптир. Ал жакта Аман менен кармалган бала калыптыр. Айрым балдар унаадан 22-23 жаштардагы чоң балдар келтек, союлдар менен түшкөнүн көрүшүптүр. Анан ошол Нива менен шектүү жана дагы 3 бала Аманды “Тез жардамга” алып келишиптир. Дарыгерлер баланын жан бергенин айтышкан. Берки балдар өздөрүн Бактуу-Долонотудан болобуз деп жаздырып кетишиптир.
Шектүү “Аман экөөбүз мушташып, аны далыга тепсем кулап калып каза болуп калды” деп көрсөтмө берип жатат. Туугандары менен сүйлөшкөндө “Силердин баланы күнөөлөй элекпиз. Бирок уулуңар Нивадагы балдар тууралуу айтсын” деп талап койдук. Амандын денеси таза. Медициналык экспертиза муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн көрсөтүп жатат. Оюбузча, унаа менен келген балдар коркутуп коёлу деп жатып өлтүрүп алышкан да, анан шектүүгө “Сен үчүн келгенбиз. Күнөөнү жалгыз моюнуңа ал. Кийин чыгарып алабыз” деп айткан болушу керек.
Амандын телефонун мага беришкен. Ага улам бир кыз чала берди. Сурасам, сүйлөшкөн кызы экенин айтты. Ага мен угуздум каза болгонун. Кийин жолугуп сүйлөшөлү деп жолуга элекпиз. Негизи кыз мурда шектүү менен сүйлөшүп жүргөн экен. Кийин Аман менен сүйлөшүп калат. Анан интернет аркылуу азыркы жигитинин сүрөтүн жиберип койгон экен. Бишкекте окуп жүргөн мурунку жигити атайын Аман менен сүйлөшүү үчүн келиптир. Чыныгы күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз.
Окуя тууралуу экинчи тараптын да оюн билүү үчүн шектүүнүн аталаш агасын таап байланышканыбызда, ал окуя тууралуу азырынча комментарий бербей тургандыктарын билдирди.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg