Маркум Рысбек Акматбаев тууралуу макалабызды улантмакчыбыз. Ал мындан туура 12 жыл мурда, 2006-жылдын 10-майында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал киши ким болгон? Кылмышкерби же айрымдар айтып жүргөндөй патриотпу? Бул тууралуу аны тааныгандар айтып беришмекчи.
(Башталышы өткөн санда)
Көп жылдар бою ИИМдин кылмыш иликтөө тармагында иштеген экс-министр, генерал-майор Мелис Турганбаев менен Рысбек Акматбаев тууралуу маектештик:
– Салам алейкум! Мелис Токтомамбетович, сиз көп жылдар бою кылмыш иликтөө тармагында иштеп калдыңыз. Маркум Рысбек Акматбаевдин кылмыш чөйрөсүндө кандай орду бар эле?
– Алейкум салам! Рысбек Акматбаевдин ким болгондугун элдин баары эле билет. Кылмыш чөйрөсүндө Рысбектин эч кандай статусу жок болчу, ал «мыйзамдагы ууру» эмес. Ал кандайдыр бир чөйрөдө, балким, абактарда отургандардын арасында өзүнүн авторитети бар болсо керек. Мен үчүн ал катардагы кылмышкер болчу. Уюшкан кылмыш тобунун лидери катары оперативдүү каттоодо турчу, чакырганымда келип кайда жүргөнү, эмне кылып жатканы тууралуу маалымат берчү.
– Ал кылмыш чөйрөсүнө кантип келип калган?
– Биздин оперативдик маалыматтар боюнча, 80-90-жылдары Рысбек КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлгөн ортого акча сайылган жашыруун мушташтарга катышчу. Ошентип ал спорт чөйрөсүндө кадыр-барк топтоп, айланасына спортчуларды, көбүнчө спорт мектебин бүткөн балдарды чогултуп кылмыш тобун түзгөн. Анан ал рэкетчилик менен алектене баштаган. Ал убакта спорт мектебин бүткөн балдар каралбай калып, кылмыш топторуна кошулуп кетишчү. Рысбекти Рысбек кылган ошол спортчу балдар болду. Ошентип жүрүп Рысбек рэкетчилик кылганы үчүн соттолгон. Кийин өзүнө каршы чыккандардын баарын өлтүрдү.
– Анын саясатка аралашканы туура эле болду деп ойлойсузбу?
– Жок, Рысбектин эң чоң катасы саясатка аралашканы болду. Ар кимдин өз жолу бар да, ошол жол менен кетиши керек. Ал криминалда жүрүп эле саясатка аралашып кетти. Бийлик менен ойнобош керек эле, бийлик да аны менен ойноп койду. Акаев деле, Бакиев деле аны шайлоолордо, башка иштерде пайдаланчу да. Рысбек алардын буюртма киши өлтүрүүлөрүн аткарчу. Ошентип Акаевдин да, Бакиевдин да убагында чоңдор Рысбекти калкалап жүрүп өздөрү аны өстүрүп, «монстрга» айлантып алышты. Бийлик аны менен эсептешип жүрүп, акыры ал чийинден чыгып кетти. 2005-жылдагы революцияда да анын ролу чоң болду. Бакиевдер бийликке келген соң аны аябай колдонушту, ал убакта канчалаган кишилер буюртма менен өлтүрүлүп кетти. Рысбек да бийликке өз талаптарын койду. Бийлик бутактарына, парламентке кылмыштуу топтордун мүчөлөрү иштей башташты.
– Рысбек Акматбаевди ким өлтүрттү деп ойлойсуз?
– Аны так айтыш кыйын, бирок иниси өлгөндөн кийин Рысбек «мандатымды бер» деп президент Курманбек Бакиевди деле жакалабадыбы. Куловду болсо премьер-министр кезинде «чык, мурдуңду талкалайм» деген да. Ошондо башка өлкөлөрдөгү тааныштарым телефон чалып, «силерде криминал өтө эле көөп кетти го» деп таң калып жатышты. Ага бийлик өзү жеткирди, ага чейин бир нерселерди убада берген да. Аягында, мүмкүн, Рысбектин аларга кереги жок болуп калды, мүмкүн, ортолорунда карама-каршылыктар болду, анан ошонун негизинде акырын жок кылып коюшту. Эгер ал саясатка аралашпаганда, балким, тирүү жүрмөк. Криминалды бийлик пайдаланганы, анын аягы кантип бүткөнү кылмыш чөйрөсүнө да, бийликтегилерге да сабак болсун.
Ал убакта криминал күчөп кеткен эле, ал тургай жаш балдар деле «чоңойгондо рэкет болом» деп калган. 2010-жылдан кийин гана мурункудай «беспредел» токтоду.
«БИЙЛИК АГА БАТУКАЕВ СЫЯКТУУЛАРДЫ КАРШЫ КОЙДУ»Кезинде Рысбек Акматбаевден бокс үйрөнгөн, кийин аны менен чогуу жүрүп калган Алмаз Эшмамбетов машыктыруучусу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен Чолпон-Ата шаарында төрөлүп-өскөм. 1985-1986-жылдары мектепте окуп жүргөнүмдө Рысбек абамдын кол алдында бокс менен машыгып калдым. Анда өзүбүздүн зал жок болчу, мектептин артындагы аянтчада машыкчубуз. Биз менен чогуу машыккандардын арасынан райондук, облустук деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орун алгандар болду. 1989-жылы аскерге кетип, 1991-жылы келдим. Ошол убак Союз тарап, каатчылык башталган заман эле. Жумуш жок, элдин баары эле бурч-бурчта самогон ичип, карта ойноп отуруп калышкан. Мас болуп көчөдө жатып калгандарды көрсөк, биз айланып өтүп кетип калчубуз, Рысбек абам болсо тургузуп, таанышы болсо машинасына салып үйүнө чейин жеткизип койчу. Көп адамдарга моралдык да, материалдык да жактан жардам берчү, аябай барктуу эле.
Бир киши Орусиянын Красноярск шаарынан тактай ташычу экен. Акчасын которуп, товарын күтсө келбейт. Акчасынан да, товарынан да жок калат. Ошондо Рысбек абам бул жактан эле ал кишинин акчасын кайтартып берген. Рысбек абам бийликтин туура эмес кылганын айтканы үчүн эле жаман көрүнүп алды да, бийлик ага карата Батукаев сыяктууларды каршы койду.
«КЫТАЙ АБЫШКАДАН КАРАТЭ ҮЙРӨНГӨН ЭКЕН»Каарманыбыздын классташы Бектур Акимов Рысбек Акматбаев тууралуу төмөнкүлөрдү эскерди:
– Рысбек биз менен 6-класска чейин чогуу окуду, андан кийин Нарындагы спорт мектебине окуганы кеткен. Окуп жүргөндө Рысбек башка балдардан деле айырмасы жок эле. Бирок чынчыл, калыс болчу. Бир бала башка шаардан келип биздин класста окуп жаткан. Эмнеден улам билбейм, уруш чыгып кетип, ал бала менен бир классташыбыз жекеме-жекеге чыга турган болуп калды. Жекеме-жеке мушташып жатышкан, анан беш-алтообуз биригип ал баланы сабап кирдик. Ошондо Рысбек келип «Эмнеге көптөп сабап жатасыңар? Мушташсаңар жекеме-жеке мушташкыла да» деп ажыратып койгон.
Рысбек иниси Тынычбек экөө бокс менен машыгышчу. Андан сырткары ал бир кытай абышкадан каратэни үйрөнгөн экен.
Чолпон-Атадагы автобекеттин жанында мурда базар бар болчу. Ошол жерде Алматыдан келген бирөөлөр шарик ойнотуп жүрүшкөн. Аны улуу эле бир киши "башка жакка барып ойноткула" десе көнбөй коюшкан экен, ал Рысбекке айтыптыр. Ошондо көргөм Рысбектин мушташканын, жанындагыларга да, инисине да «силер жолобогула, мен өзүм мушташам» деп 5-6 адам менен жалгыз мушташып, аларды сабап койгон. Тынычбек ошол убакта Кара-Балтада жүргөн экен, агасына жардам берүү үчүн заматта жетип келиптир.
(Уландысы кийинки санда)
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg