МУХАММЕД САЛАХ – ЕГИПЕТТИН ДАГЫ БИР КЕРЕМЕТИ

Египет өлкөсү пирамидалары менен дүйнө жүзүн көңүлүнө буруп келсе, эми буга дагы бир керемет кошулду. Ал – футболчу Мухаммед Салах.

МУХАММЕД САЛАХ
Туулган жылы, күнү
– 1992-жыл, 15-июнь
Туулган жери – Басьюн, Египет
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 71 килограмм
Ойногон клубу – «Ливерпуль» командасы
Жетишкендиктери – Швейцария чемпиону (2013-жыл), Швейцария Суперлигасынын мыкты оюнчусу (2013-жыл), Англия чемпиону (2015-жыл), Африканын мыкты футболчусу (2017-жыл), Англия Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу (2017-жыл)
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы

ДӨӨ-ШААЛАР МЕНЕН АТААНДАШУУ
Мухаммед Салах Европага аты чыга элек кезинде бүтүндөй Египетте таанымал эле. 2017-жылдын 8-октябрында чыныгы өлкө баатырына айланды. Ал күнү Египет курама командасы Салахтын голу менен 28 жылдан соң Дүйнө чемпиондугуна чыккан. Муну менен ал атактуулуктун жаңы тепкичин басты. Бул тепкич Месси жана Роналдунуку. Учурда Салах бул жактан өз ордун табуу менен алек.
Футболчу быйылкы сезондо Англия Премьер-Лигасында таамай соккулары менен 31 гол жаратса, «Ливерпуль» менен Чемпиондор Лигасынын финалына жетти. Египеттик футболчу «Месси жана Роналду менен атаандашпайм» деп айтса да, көмүскөдө «Алтын топ» үчүн күрөш кызуу жүрүп жатканын футбол күйөрмандары көрүп турат.

«САЛАХТЫН АР БИР ГОЛУ – МОУРИНЬОГО АТЫЛГАН ОК»
Мындай ийгиликти жаратуу жолу Салах үчүн оңойго турган жок. 2014-жылы лондондук «Челси» 21 жаштагы футболчуну 16 миллион еврого сатып алат. Ал кезде англиялык клубдун башында Жозе Моуриньо турган. Ошол сезондун жыйынтыгында Салах «Челси» үчүн 13 жолу талаага чыгып, 2 эле гол киргизет. Албетте, мындай көрсөткүч Моуринього жаккан эмес. Ал дароо Салахты курамдан чыгарып, италиялык «Фиорентинага» ижарага өткөрүп жиберген. «Салах «Челсиге» келгенде жаш жана тажрыйбасы жок болчу. Менин оюмча, ал толук даяр эмес эле. Аны ижарага берүү катачылык болгон деп ойлобойм. Италияга барып футболчу катары чоңоюп келди»,- дейт Салахтын азыркы көрсөткүчтөрүн көрүп жаткан Моуриньо. Бирок күйөрмандар арасында мындай таланттуу футболчуну колдон учуруп жибергендиги үчүн «Салахтын ар бир голу – Моуринього атылган ок» деген сөз жашап келет.

АЙЫЛДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Салах Египеттин Александрия шаарына жакын Нагриг деген айылда чоңойгон. Чаң баскан үйдүн короосунда 7 жашынан тарта топ тепкилей баштаган. Бул айылда жөндүү топ да табылчу эмес. 14 жашында мектептеги мелдештен кийин «Эраб Контракторс» футбол клубунун көзүнө түшүп, алгачкы келишим түзөт. Салах машыгууга жетишүү үчүн 4 сааттык жолду басып отурган. «Үйдөн эртең менен саат 9да чыгып, кайра кечки 10дордо гана келчүмүн. Бул убакыт менин сабагыма жана машыгуума кетчү»,- деп эскерет Салах.
Мындай өжөрлүктүн арты менен ал 19 жашында улуттук курама командага чакырылат. «Салах, мүмкүн, өтө акылдуу футболчу эместир. Бирок анын кичинесинен тарта тырышчаак болуп чоңойгондугу, ар бир учурду өзүнө керектүү пайдаланып кете алары байкалат»,- дал ушундай мүнөздөмө менен 19 жаштагы Салах Европага аттанат.

КАЙРЫМДУУЛУГУ БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ
Канчалык атагы алыска чыкпасын ал жөнөкөй болууга аракет кылып келет. Өзүн жөнөкөй мусулман катары сыпаттайт. 2017-жылы Египеттин акча бирдиги колдоого муктаж болуп турган кезде Салах 200 миңден ашык фунт стерлингди өлкөсүнө которгон. Ошондой эле ал оорукана, мектеп, айылдарга жана ардагер футболчуларга колдон келишинче жардам көрсөтүп келет. Салахка белек тартуулайм дегендер четтен табылат. Футболчу андайларга «мага белек тартуулайм десеңиз, менин айылыма жардам бериңиз» деп сылык баш тартат. Жакында эле Сауд Арабиясынын бийлиги белек катары Салахка Мекке шаарынан жер үлүш тартуулап жаткандыгы тууралуу маалымат чыкты.


ЭЛДИН СҮЙМӨНЧҮГҮ
2018-жылы Египетте президенттик шайлоо өтүп, анда талапкерлерге ынанбаган шайлоочулар бюллетенге Мухаммед Салахтын ысымын өздөрү жазып, добуш беришкен. Бул «шайлоонун» жыйынтыгында Салахтын добушу 1,5 миллионго жетип, расмий эмес «шайлоодо» экинчи орунга чыккан. Бул шайлоочулардын «жиндилиги» эмес, Салахты канчалык эл жакшы көргөндүгүнүн далили.
«Ал бир дагы саясатчы жасай албаган ишти жасады. Салах Жакынкы Чыгышты бириктирди. Марокколук, тунистик, саудит, кувейттик, омандык жана башка күйөрмандар Салахка жан тартышат. Египетте бир катар экономикалык көйгөйлөр, жумасына бирден теракт болуп жаткан учурда Салах эл үчүн үмүт жаратып турат. Ар апта сайын Каирдин кафелери «Ливерпулдун» күйөрмандарына толот. Эки саат улут толугу менен биригип Салахты колдошот»,- деп айтышат жергиликтүү египеттиктер.
Салах аларды дагы кубанычка бөлөйт. Алдыда Чемпиондор Лигасынын финалы жана Дүйнө чемпиондугу турат.

Гол киргизгенин сажда кылып белгилейт.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
nukura_jigit
2018-05-15 09:20:17
Красавчик
+13
Tyty1990
2018-05-15 09:59:16
Реалдын куйорманымын, бирок Салах реалды женет деп ойлойм.
+13
egiz-jigit
2018-05-15 11:08:06
Мыкты фудболчу
+7
Albinoc.piratium
2018-05-15 11:21:12
Красавчик
+2
Dembele84
2018-05-15 11:23:05
Финалда Салах гол киргизип,Ливерпуль женишке жетсе,алтын топту алууга чоон мумкунчулук жаралат.
+12
raiana53
2018-05-15 12:57:24
Каирде жашайм Мисриецтер футбол коргондо уйдо балдар чоочуп ойгонот ужас гооооооооооооооооол деп стадиондо олтургансып кыйкырышат
+2
mmdina2013
2018-05-15 16:37:01
raiana53, Мисирликтер менен чогуу иштешкем. Жон эле суйлошуп атышса да катуу суйлошот. Бери жакта карап турган адамга урушуп аткандай сезилет)))кийин конуп калдым.
+5
Meni_unut
2018-05-16 13:32:16
Жонокойлук адамдын жылдызы!
+2
Bayastankyrgyz
2018-05-16 18:28:41
азамат.. Салах сен реалга отушун керек ..алга
+3
Adi.Avazbekov
2018-05-17 11:57:13
Bayastankyrgyz,realga otso rinaldunun kolokosundo kalat liverpool mn ele oinogon jakshy ozun korsotkongo mumkunchulugu choon
-4
Rolly
2018-05-17 16:29:12
Менда ошолор менен окуйм, суйлошкондо биздин вокзалдагы таксисттер эс алат, ушунча катуу суйлошо.
+1
halid_FCB
2018-05-20 07:14:28
Чындыгында жонокой футболчу дагы да болсо ийгилик
Чемпиондор лигасын утсун кудай буйруса
+2
fanatkg
2018-05-21 01:24:15
32гол...
0
iasin
2018-05-21 10:49:16
Биздин кыздарыбыз Каирде да журушобу ээ
0
Nake94
2018-05-21 21:23:00
Реалга ийгилик..
0
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан