КӨК БӨРҮ: “ДОСТУК” КӨПТӨН КҮТКӨН ЖЕҢИШИНЕ ЖЕТИШТИ

9-Май Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул мелдешке жалпы 10 команда ат салышты.

КОМАНДАЛАР КҮЧҮНӨ КАРАП БӨЛҮНДҮ
Бул мелдештин өзгөчөлүгү болуп командалар акыркы көрсөткүчтөрүнө жана күчүнө каралып, эки лигага бөлүндү. Жогорку Лигада “Ынтымак”, “Достук”, “Биримдик” жана “Четинди” командалары ойносо, Биринчи Лигага "Сары-Өзөн", "Көк-Жал", "Аафият", "Толкун", "Жаш-Күч" жана "Жаш-Тилек" командалары кирген. Биринчи Лигада командалар "А" жана "Б" тайпаларына бөлүнүп ойносо, Жогорку Лигадагы командалар жарым финалдык баскычтан баштап, дароо финалга аттанган командаларды аныктады.
Биринчи Лигада оюндар кызуу жүрүп, финалга “Сары-Өзөн” менен “Толкун” командасы чыгышты. Чечүүчү оюнда Чүйдүн командасы атаандаштарын 7:2 эсебинде жеңип, 1-орунду камсыздоо менен 200 миң акчалай сыйлыкка ээ болушту.

ЖОГОРКУ ЛИГАДАГЫ КЫЗУУ ОЮНДАР
Жогорку Лигадагы беттештер жогорку деңгээлде өттү. Анда “Ынтымак” командасы менен тарап кетип, кайра чогула калган “Биримдик” менен кез келип калды. Эки дөө-шаа команданын оюну мелдештин мыкты оюндарынын бири саналды. Карыпбек Эшиев баштаган Таластын командасы 2 улак көбүрөөк салып, оюнда жеңүүчү аталышты. Жалпы эсеп 5:3 болду. Экинчи оюнда “Достук” “Четинди” командасын 15:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ошентип финалга кайрадан көнүмүш адатка айланып бараткандай, “Ынтымак”–“Достук” беттеши орун алмай болду.
3-орун үчүн беттеште Рустам Тыналиевдин “Биримдиги” “Четинди” командасын 8:1 эсебинде утуп алды.

МАНАС НИЯЗОВ ХЕТ-ТРИК ЖАСАДЫ
"Достук" менен "Ынтымак" буга чейин 8 жолу беттешкен. Анда “Достук” 2016-жылдан бери жеңилүү ызасын тартып келген. Алсак, акыркы 3 ири мелдештин финалдарында 1 упай артыкчылыгы менен “Ынтымак” жеңишке жетишип келген. Бул беттеште ийгилик "Достук" оюнчусу Манас Ниязов тарапта болду. Анын чеберчилиги менен алгачкы 2 таймда тай казанга 3 улак ташталды. 3-бөлүктө “Достуктун” оюнчусу Таши Майлыбашев эреже бузгандыгы үчүн 2 мүнөткө оюндан четтетилди. Муну "Ынтымак" пайдаланып, Чубак Нурмамбет уулу бир улак салды. Калган мүнөттөрдө Азим Болот уулу айырмаланганы менен, “Ынтымак” жеңилүү ызасын тартты. “Достук” көптөн күткөн жеңишине ээ болду.

“МИНГЕН АТЫМ БОЙКАНЫН ЖЕҢИШКЕ САЛЫМЫ ЧОҢ”
Жеңиштен соң мелдештин мыкты оюнчусу наамына татыган Манас Ниязов буларды айтты:
– Мелдешке жакшы даярданып, кызуу машыгууларды өткөрдүк. Көптөн бери финалдык беттештерде жеңилүү ызасын тартып жүрүп, жеңиштин даамын сагынып жүргөнбүз. Оюн абдан кызыктуу өттү. Финалдык беттешке утабыз деп чыкпай, буйрукка жараша болот деп чыкканбыз. Жеңиш биз тарапка буюруптур. Нооруз майрамына арналган мелдеште минген атым Бойка бир аз семиз болуп, жакшы оюн көрсөтө албай калган. Бул мелдешке карата салмак таштап, аны жакшы таптаганга үлгүрдүк. Финалдык беттеште 3 улак таштап, командама жеңиш алып келем деп ойлогон эмесмин. Буга Бойканын салымы өтө чоң. Бүгүнкү жеңишти майрамдап, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп баштайбыз. Интернетке мен жана байкелерим Байыш менен Кыяз Ниязовдор бул мелдешке катышпайт деген маалымат чыккан. Чынында командабызда пикир келишпестик, түшүнбөстүктөр пайда болгон. Бирок тагыраак эмне болгонун айта албайм.
“Бүгүнкү оюнда оомат “Достук” командасында экен. Жакшы оюн болду, күчтүүсү жеңди. “Достук” ийгиликке жетишти. Спорт ушунусу менен кызык. Татыктуу жеңилгенди да билели. Командабыздын атынан “Достукту” куттуктайбыз!”- деп оюндан соң “Ынтымак” командасынын жетекчиси Талас Бегалиев атаандаштарын куттуктаганды унуткан жок.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Манас Ниязов көк бөрүдөн "Достукка" жеңиш алып келди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан