ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨРГӨ «БАЛ ШИРИНДЕР» ӨКҮЛ АТА, ӨКҮЛ ЭНЕ БОЛДУ

Концерттин аталышы – «Таттуу махабатым»
Концерттин датасы – 4-май
Өткөн жери – Кааба уулу Кожомкул атындагы Cпорт ордосу
Башталышы – 19:50 (50 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (Орун жетпей туруп көргөндөр да болду)
Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова жана Эркин Рыскулбеков
Билет баасы – 500-2000 сом
Мыкты номер – Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы «Тамашалуу ыр», «Жакшы көрөм түбөлүк» аттуу ырлары.

Көп жылдык концерт көрүү, жөнөкөй көрөрман катары оюмду бөлүшүү тажрыйбамда жаштар элеп-желеп болуп күткөн, тескерисинче, улуу курактагылар эңсеп күткөн концерттер болуп келет. Жаңы гана баш кошушкан Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын той-концертин көргүсү келген жаштар көп болчу. Мен анан мындай концертти кантип өткөрүп жибермек элем, бардым. Сыртта эл додолошуп турат, кассада билет жок, билетти алып, кымбаттатып саткан чайкоочулардын күнү тууп, билеттин баасын асмандатып 2000 сомго чыгарып жиберишиптир. Эл менен кошо тыгылышып, түртүшүп отуруп орунума жеттим.

Сахна Спорт ордосунда дайыма кездеше бербегендей кызыктуу жасалыптыр. Ортодо турган 2 лед-экранда той ээлеринин, «тоюс» концерт ээлеринин кыналыша түшкөн сүрөтү турат. Сахнанын четинде тизилген ак гүлдөр, бурчта Нурлан менен Аселдин сүрөтү түшүрүлгөн 4 кабаттуу тортту көргөндө концертке эмес эле, өзүмдү тойго келгендей элестеттим. Аңгыча эле жарык жалп өчтү да, арча түтөткөн актриса Альбина Имашова сахнага чыгып аластап кирди. Аркасынан эле жаркылдап Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбеков сахнага чыга келишти. Аз өтпөй Спорт ордосунун капталындагы эшиктен таттуу түгөйлөрдү ырчы Неля «Жар-жар» айтып киргизип, элге жүгүнттү. Ошол маалда "тоңк" этип башыма бир нерсе тийди, карасам момпосуй. Көрсө, ак элечек кийген 10дон ашуун байбиче чачыла чачып баштаган экен. Айрымдары чачыланы «автоматтык түрдө» оозго салып жибергенге жетишип, байбичелер 2 жашка бата тилеп жатканда момоюп, жетишпегендер чөнтөк издеп сыйпалап эле калышты. Андан соң "жаш кожоюн" концертти «Апакемдин келини» аттуу ыры менен ачып, ак көйнөкчөн көпөлөгүн сахнага жетелеп чыкты. «Жубайым» деп элге тааныштырганы кулакка жакшы угулат экен. Кыргыздын салтын улай таттуу түгөйлөр өкүл ата, өкүл эне тандашканын, мындай олуттуу милдетти «бал шириндер» Урмат Усенов менен Неля Нуркул кызына тапшырганын билдиришти. «Бал шириндер» өкүл балдарына бата беришип, бакыт каалашып, «жуп болсун» деп 2 ыр тартуулашты. Эркин Рыскулбеков: «өкүл ата деген чоң белек берчү эле, булар 2 ыр менен кутулуп кетти го» деп Урматтын бакчасына «таш ыргытты».
Концертте Нурлан менен Аселге гүлдөр «жаады». Нурланга жалаң эркек балдар гүл берип жатышса, күйөрман кыздарынан гүл ала берип «жаман көнгөн» ал тамаша-чынга салып: «Үйлөнгөн соң болду эми, мага кыздар гүл беришпейби?» деп элди күлдүрүп өттү. Асел да күйөөсүнөн калбай элге тамаша ыргытып, «үйгө келген адамдар конок болушат, бүгүн силер биздин коноксуңар, кол чаап отургула» деп Спорт сарайын өзүнүн "үйү" кылып алды.
Концерттин ортосунда алпаруучулар сахнага 2 ырчынын «күйөрман-сүйөрмандарын» алып чыгып «күнөөкөрлөрдүн» ырларын ырдатышты. Кристина деген орус улутундагы кыз Нурландын ырын эзди эле, зал кол чаап, ышкырып эле жатып калышты. Андан соң балдарга суроо беришти, сөз арасында Нурзат да тим турбай «Аваздын сүйгөнү ким?» деп «не в тему» суроо узатты эле ал бала: «Айдана Дека» деп балп эттирди. Көрөрмандардын арасында отурган Аваз менен Айдана элге кошо жылмайышып, «не удобный» абалда калышты. Андан соң жаш жубайлар сахнадан торт кесишип таттуудан бири-бирине ооз тийгизип, калганын сыртка чыккан коноктор жээрин эскертип өтүштү. Нурлан куудул болсо да жарашмак окшойт, анда-санда сүйлөп элди күлдүрүп, көрүүчүлөр менен байланыш түзүүгө аракет кылып жатты. «Үйлөнгөн жакшы экен» деп Нурлан залда отурган достору Аваз, Нурматты карап күлүп койду. Анан «Негизи үйлөнгөн адам толот дешет, а мен 2 килограммга арыктадым» деп «арманын» айтып өттү. Андан соң таттуу түгөйлөр бир кездери элге кеңири тараган «Тамашалуу ырды» жаңылап жаздырышкан экен, дуэт аткарышты. Нурлан: «Апам ушул ырды жаңылап ырдасаң сонун болот дей берчү эле, бүгүн апамдын дагы бир кыялын орундаттым»,- деди. Өзбектердин «Бололу бирге» деген ырын Нурлан менен Самара Каримова чогуу ырдашып, хитке айланган эле. Асел Кадырбекова Нурланга жооп кылып, бул ырды казак ырчысы Куандык Рахым менен аткарып чыккан. Ал кезде таарынышып жүргөн эки жүрөк кошулуп, акыры бирге болушкан соң бул ырды чогуу ырдашты.
Концерт аяктаарда алпаруучулар Нурланды сахнага алып чыгып жаш балдар, кыздарга кулагын чойдуртушуп, турмушка чыга элек кыздарды сахнага чакырып, Асел аларга гүлдестесин ыргытты. Гүлдестени Нурайым деген сулуу кыз тосуп алып, Асел менен селфиге түштү. Айтмакчы, азыр техника өнүгүп, гүл бергени чыккандар сөзсүз ырчылар менен селфиге түшүп жатышты. Алардын бирин Эркин кыйнап отуруп өзү менен сүрөткө түшүрдү. Куйкум сөздүү Эркин «кыздар күйөөгө тийгенде күйөөсүнүн фамилиясына өтөт го, эми Асел Насип болобу?» деп өнөктөшүнөн сурап, элди күлдүрдү. Конок катары Нияз Абдыразаков, Кундуз Канатбек кызы ырдады. Концерттин соңунда Нурлан адатка айланткандай апасына, кайненесине гүлдесте тартуулап, келген коноктун баарына ыраазычылык билдирди. Кайрадан «пробка». Бирөө аларды Спорт сарайына камап койчудай болуп баары эле чыкканга шашат. Элдин арасында кыпчылып калган балдар ыйлайт, бир аял кулап кетип, аз жерден тебелендиде кала жаздады. Сыртка чыксам таттуу түгөйлөрдүн таттуу тортунан келген эл ооз тийип, айрымдарына жетпей, айтор, жашоо кадимки кызыктуу ыргагында уланып жатыптыр. Ушунча жыл бирин-бири байкап жүрүп баш кошушту, бактылуу болушсун деп тилек кылып, үйгө жөнөдүм.


Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Guldoijan
2018-05-15 09:39:37
Нурлан Асел акча төлөп ижарага алган соң үйүм деп айтса болот го дейм
0
abdykadyrova
2018-05-15 09:44:41
Бактылуу болушсун
+4
Paprikafm
2018-05-15 11:24:58
Аябай жакшы сындайсында Толик, куло берип жыргадым, бактылуу болушсун
+10
Aika92Suma
2018-05-15 17:35:04
Paprikafm, туура айтасыз кулбой окуп эле отургам
Спорт сарайына камап койчудай дегенди окуп жыргап алдымм
+5
LittleBarbie
2018-05-15 11:36:02
Толик сынчы молодец!Озум да концертке баргандай эле болдум
+7
Stervamyn
2018-05-15 11:41:59
Тонк этип коныет тийди)))Молодецсиз ай
+7
Aima94
2018-05-16 19:42:02
Stervamyn,)))
0
engel
2018-05-15 14:52:31
Барып келгендей эле болдум. Кинолентадай болуп козумон чууруп отуп жатты азаматсыз Толик сынчы
+6
Nuriyashka
2018-05-17 10:55:40
engel,менда элестетип окуп жаттым )))
+1
nursaliha
2018-05-15 14:53:05
Урматтуу айымдар жана мырзалар!!
-1
nursaliha
2018-05-15 14:53:46
Соонун болуптур бир кулуп алдым!
+4
Elina9695
2018-05-15 21:54:23
Кызык Толик сынчы кызбы же эркекпи. Ким болсода жакшы сындайт
+2
meni_kut
2018-05-17 20:53:06
Elina9695,келин
0
hello.kg
2018-05-16 05:50:06
"Тонк"деген жеринде кыйрап кулдумго
+2
Aisanur_89kg
2018-05-16 14:19:56
Озгочо той концерт болуптур,менда коргондой эле болдум тонк этип момпосуй тийгенин,жаш балдар ыйлап,аял кулап атканын элестетип ушунча дун дун болдунар,эми жашоонор зынк болуп бактылуу болгула.
+5
Aima94
2018-05-16 19:42:48
Бактылуу болгула не дейбиз башка
+1
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан