Алтынай Карыбекова, Бегимай Карыбекованын эжеси: «АЙЫЛДАШТАРЫБЫЗ «НАРЫНБЕКТИН КЫЗДАРЫ» ДЕП БИЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫШЧУ»

Боюна өңү жарашкан модель Бегимай Карыбекова биздин гана эмес, бир нече чет өлкөнүн подиумунда басып, мода дүйнөсүндө ийгилик жаратып келет. Бегимай сулуунун бир тууган эжеси Алтынай да бойлуу, келишимдүү. Алар тууралуу кененирээк билүүнү каалагандар үчүн төмөнкү маекти сунуштайбыз.

Бир туугандар:
Алтынай Карыбекова
– 1990-жылы туулган, IT-адиси
Эрназар Карыбеков – 1992-жылы туулган, жеке ишкер
Нурай Карыбекова – 1996-жылы туулган, студент
Бегимай Карыбекова – 1998-жылы туулган, модель

– Алтынай, Бегимай, кандайсыңар? Бир туугандардын бала кези кайда өттү, кепти ушундан баштасак...
Алтынай:
– Саламатсыздарбы? Биз төртөөбүз тең Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулуп, ошол жакта бала кезибиз өттү. Мектепти да ошол айылдан аяктадык. Баарыбыз борборго кетип, Бегимай менен чоң энемди айылга калтыргыбыз келбей, экөөнү жаныбызга көчүрүп келгенбиз. Чоң атам 2009-жылы каза болуп калган. Атабыз жалгыз эркек. Атам менен апам үйлөнгөндөн кийин борборго иштегени кетишиптир.Чоң эне, чоң атам төртөөбүзгө бирдей мээрим төгүп, туура тарбиялашты.
Бегимай: – Биздин үйүбүз мектептин жанында болчу. Мектептен келе жатсак самоорду кайнатып, ысык нанын даярдап алып экөө тең күтүп турушчу. Бир да жолу урушкандары эсибизде жок. Бизден «дүйнөдө эң биринчи кимди жакшы көрөсүңөр?» деп сурашса, төртөөбүз тең «чоң ата, чоң энебизди» деп жооп берсек керек.

– Кимиңер эмне менен алектенесиңер?
А.:
– Мен кесибим боюнча IT-адисимин. Азыр Берлиндеги компаниялардын биринде иштейм. 2 аптага эс алууга келдим. Иним Эрназар кесиби боюнча бажы кызматкери, бирок учурда ишкерлик менен алектенүүдө. Нурай болсо КМКТАУнун дизайнерлик бөлүмүндө 4-курста окуйт.
Б.: – Нурай менин сынактарга кийчү кийимдеримди даярдоодо чоң жардам берет. Өзүңөр билгендей, мен моделмин. Учурда Орусиядагы моделдик агенттиктер менен иштешип жатам.

– Бир тууган Карыбековалардын үчөө тең келбеттүү экен. Кимдин гени, атаңардынбы же апаңардынбы?
Б.:
– Төртөөбүздүн тең бойлорубуз узун, атабызга окшошпуз. Көптөр мени чоң энеме да окшоштурушат.
А.: – Мен 9-классымда облустук деңгээлдеги сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болгом. Ошондо Бегимай «мен да ушундай сынактарга катышсам, жеңүүчү болсом» деп кыялданган. Үйдө куурчак театрын уюштуруп, ар кайсы жаныбардын үнүн туурап бизге спектакль коюп берчү. Бегимайдын актёрлук да шыгы бар. Чоң атам «көрөсүңөр, ушул кызымдан бирдеме чыгат. Жалгаса жаан, каргаса кар жаадырат» дей берчү. Жамгыр жаап жатканда ыйлап жатса «көрдүңөрбү, мен жаадырып жатам» деп сүйүнгөнү эсимде. Шаарга келгенине 1 апта болгондо «Алтынай эже, сулуулар сынагы болот экен, катышып көрөйүнбү?» деп кеңеш сурады. Жыйынтыгында Бегимай алдыңкы бештикке кирди. Ошондо уюштуруучулар Бегимайдын айылдык экенине такыр ишенишкен эмес. Ошол сынак сиңдиме күч, стимул берди.

– Мектепте кандай окудуңар?
Б.:
– Алтынай эжем мектепте өтө жакшы окуп, артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Биз деле жакшы окудук, бирок артыкчылык аттестатына жеткен жокпуз. Айылдаштарыбыз «Нарынбектин кыздары» деп биз менен сыймыктанышчу.

– Шаарга келгенде кыйналган жоксуңарбы?
А.:
– Мектептен орус, англис тилдерин жакшы окуп, кошумча курстарга барып тургандыктан борборго келгени тилден кыйналган жокпуз. Борбордогу гимназияны бүткөндөр менен тең эле окудук.

– Мүнөзүңөр окшошпу?
А.:
– Кыздардын чечкиндүүсү Бегимай. Ошол эле учурда күйүмдүү. Кээде мендеги маселени колумдан жулуп алып чечкенге аракет кылат. 19 жашта экенине карабай көп нерсеге жетишти, ата-энебизге да жардам берет. Ушул курактагы айрым кыздар ата-энесине жардам бермек түгүл, өздөрүн камсыз кыла албай жүрүшөт.
Б.: – Бир тууган болгондон кийин көп эле жактарыбыз окшош. Өң-келбетибиз да окшош болгондуктан туугандар адаштыра беришет.

– Бир туугандар ичинде деле бири-бирине жакындар болот, Бегимай, кимге жакынсың?
Б.:
– Нурай эжем менен жаш айырмабыз аз болгондуктан бала кезде ага жакын болуп чоңойдум. Ал эми Алтынай эжем экөөбүздүн жашоого көз карашыбыз, принциптерибиз, кийимге табиттерибиз окшош. Кээде гардеробубуз да аралашып кетет. Эжекелериме бирдей эле арызданып, бирдей эле эркелейм. Эрназар байкем менен чоңойгондо жакын болуп кеттим.

– Бегимай, ачык кийинип түшкөн сүрөттөрүңдү баракчаңа жүктөп каласың, ата-энең, туугандар терс пикирлерин айтышпайбы?
Б.:
– Кыргыздардын психологиясы азыр ачык кийингендерди кабыл алууга даяр эмес. Биздин кийген кийимибизге караганда аракетибиз, ишибиз маанилүү. Моделдик агенттиктер резюмеден кийин интернеттеги баракчаңа кирип карашат. Аларга кыргыз элинин комментарийлери эмес, образды канчалык ачып бергеним маанилүү.
А.: – Биздин өлкөдө модель десе эле башкача карашат. Модель деген актёр, ырчы, медик дегендей эле кесип. Бегимай ачык кийинсе да ыйманы менен жүрөт. Мисалы, биздин ийгилигибизге тууган-урук жардам бербейт. Бардыгына өз аракетибиз, алдыга койгон максатыбыз менен жетип жатабыз. Эң башкысы бизди ата-энебиз колдойт.

– Ата-энеңер эмне менен алектенет?
А.:
– Атам убагында айылдагы клубдун башчысы, «Бек» деген топто ырчы болуп эмгектенген. 1995-жылдан тарта соода-сатыкка өтүп кетти. Апам болсо медициналык окуу жайды аяктаган, башында кесиби менен иштеп жүрүп, кийин ал да соодага өттү.

– Рахмат, маегиңерге.

Коммент: "Биз чоң энебизден тарта заманбап ойлонобуз".

Бегимай апасы жана эжеси Алтынай менен. "Кандай иш кылбайлы бизди ата-энебиз колдоп турат",- дешет кыздар.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Nevestkaa
2018-05-15 12:29:26
Чындыгында фигурасы мактанаарлык элек,бул дагы кудайдан берилген белек.
+7
fatima9726
2018-05-15 12:32:36
Молодцы)))Биздин айылдын сыймыгы)Бегимай Алтынай эже силерге ийгилик)
+4
Pandora
2018-05-15 12:45:09
Адамдын сырткы корунушундогу биринчи сулуулук бой деп бекеринен айтылган эмес да.
+3
Fortuna1987
2018-05-15 14:23:14
Чынында Нарындын кыздарында кыргыздын нукура жузу, чыныгы сулуулугу катылган окшойт. Себеби коп улуттун аз жашаганында болсо керек. Мисалы: Ошто озбектер, Таласта казактар, турктор, Чуйдо ар улут дегендей. Нарындан башка улуттагыларды оной менен кезиктирбейсин. Бирин серин туристтерден башка. Илгертеден эле Ак Моор, Таттыбубу Турсунбаевалар да чыккан. Мен Чуйлук болсом да ушундай ойлойм.
+18
k.anara
2018-05-15 18:27:07
Fortuna1987,Нарындык бирок мага окшоп бою кыска,тамакты тандап жебеген,учоонункундой он келбети деле кыйратып жок кыздарды асманга алып учуруп,тобобузду кокко жеткизип ийдиниз окшойт)))рахмат.
+5
Fortuna1987
2018-05-15 20:17:32
k.anara,Нарындык окшойсуз да)))
-2
k.anara
2018-05-16 11:01:29
Fortuna1987,))))
-1
aika2015
2018-05-17 13:33:10
Fortuna1987,туура айтасыз Нарында чыныгы кыргыздар жашайт дегенге кошулам. Нарындык досторум Нарынга барганда жалан кыргызча суйлойбуз деп калышат.
+1
nursaliha
2018-05-15 14:51:34
Урматтуу айымдар жана мырзалар!!
-2
svetochka
2018-05-15 16:46:51
суроттору жокко же менин телефонум корсотпой жатабы эмне
-3
Asko777
2018-05-15 17:29:54
Сулуу кыздар экен
+2
voennyi88
2018-05-15 19:15:44
Ах атангору.
+2
Shahrizaada
2018-05-15 21:47:02
Наарындык десе эле мактап жиберипсинерго башка областтарда деле сулуу кыздар бар атагы чыкпай эле журушот
+4
k.anara
2018-05-16 07:54:40
Shahrizaada,башка облусттагыларды чыгарып сиз деле мактай бериниз.Эч кандай тоскоол жок.
+1
sayakovna
2018-05-16 13:58:58
сулуу кыздар экен
0
hanisa
2018-05-16 21:55:04
Чынында Нарындыктар сулуу болушат
+1
hanisa
2018-05-16 21:55:41
Мага Бегимай жакат бир караганда жагымдуу
+1
stervella415
2018-05-17 00:06:13
Биринчи жолу угуп коруп окуп жатам..тааныбайт экенмин
+1
ilgizk
2018-05-17 15:01:18
Бөлүнгөндү койгулачыы э кыргыздар, кыздар айтып атат Нарынбектин кыздары деп сыймыктанышчу деп А Нарындык кыздар деп эмес,
Кичине эле жакшы жагыңар чыкса эле бөлүнө коёосуңарда э Кыргызымдын баардык кыздары сулуу келишет.
+1
Aruwka.89
2018-05-18 14:48:43
Учоо тен сулуу бирок Бегимай кобуроок сулуу мага ошондой корунду
+2
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан