Жумуртка дасторконубуздагы эң белгилүү азык экени талашсыз. Антпегендечи? Даамдуу, арзан, тоюмдуу жана пайдалуу! Жумуртка кошуп түрдүү даамдарды даярдоого болот. Ал гана эмес айрым пикет, митинг учурларында пайдаланган жайыбыз да бар. Жумуртканын пайдасы тууралуу жакындан таанышып алалы.
ПАЙДАСЫТооктун жумурткасы
Башка канаттуулардыкына караганда тооктун жумурткасында белок алда канча көп болгондуктан булчуңдарды чыңдоодо пайдалуу. Ошондой эле холестерин 2 эсе аз болуп саналат.Бөдөнөнүн жумурткасы
Жумуртканын бул түрүнүн курамы В2 (рибофлавин), В1 витаминдерине, калий жана темирге бай. Аны пайдалануу менен дерматит, конъюнктивит ооруларынын алдын ала аласыз жана эс-тутумуңузду жакшыртасыз.Өрдөктүн жумурткасы
Өрдөктүн 2 жумурткасында 7,8 микрограмм В12 витамини бар. Демек, өрдөктүн 2 жумурткасы сизди бир сутка бою гемоглобиндин түшүп кетүүсүнөн сактайт. Сарысынын курамында май көп болгондуктан, иммунитетти көтөрүүдө, салмак кошууда пайдаланууга болот.Каздын жумурткасы
Каздын жумурткасы Омега-3 май кычкылына, антиоксиданттарга бай. Булар жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Ал эми курамындагы лютен эрте картаюунун алдын алат.Үндүктүн жумурткасы
Үндүктүн жумурткасында цинк менен темир көп. Цинк урук чыктагыч безинин иштешин жакшыртса, темир организмге кычкылтектин жетишин камсыздайт.
ФРИТТАТА
Керектелүүчү азыктар:
Пияз – 1 баш
Гүлдүү капуста – 200 грамм
Шампиньон – 150 грамм
Сыр – 6 грамм
Жумуртка – 5 даана
Сарымсак – 1 тишче
Сүт – 50 миллилитр
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Туз, мурч, калемпир –татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Пиязды жарым тегерек, шампиньонду, сарымсакты жука туурайбыз. Ал эми гүлдүү капустаны ажыратып алабыз.
2. Көмөч казанга 2 аш кашык май куюп, сарымсакты, пиязды, козу карынды жана гүлдүү капустаны салып, күчтүү отто 2-3 мүнөт кууруп алабыз. Андан соң капкагын жаап, 4-5 мүнөткө жай отто дымдап коёбуз.
3. Чоң идишке жумурткаларды чагып, сүттү жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч, калемпир кошобуз.
4. Эми муну дымдалып турган жашылчалардын үстүнө куюп, 3 мүнөт дагы дымдайбыз. Тамагыбыз даяр.
РУЛЕТ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 6 даана
Шпинат – 1 боо
Жумуртка – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Быштак – 100 грамм
Каймак – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинат, сарымсакты жууп-тазалап, майда туурайбыз. Буга быштак менен каймакты кошуп аралаштырабыз.
2. Жумуртканы чагып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аябай аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.
3. Көмөч казанга майдан куюп, ысыган кезде жумуртка менен сырдын аралашмасын куймактай кылып тегиз куюп бышырып алабыз.
4. Куймактын бетине шпинат, сарымсак, быштак жана каймак аралашмасын тегиз салып, оройбуз. Дасторконго койгонго чейин 1 сааттай муздаткычка салып коюңуз. Рулетибиз даяр!
ЭСКЕРТҮҮ! Чийки жумурткадан жасалган даамдарды жегенден абайлоо керек. Анткени сальмонеллёз бактериясы организмге кирип кетүү коркунучу бар.
Жумуртка 3 сааттын ичинде сиңгендиктен, жатарда жегенге болбойт. Жумурткага аллергиясы барларга болбойт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg