«Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, наристелердин ооруганын укканда ар бир эненин жүрөгү сыздаса керек. Каракол шаарынын облустук төрөтканасынан ымыркайларга инфекция кирип, натыйжада 4 наристе «остеомиелит» оорусуна кабылышкан. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы аталган оорукананын дарыгерлерине кылмыш ишин козгоду.
«ЭНЕ ҮЧҮН БАЛАСЫНЫН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРГӨНДӨН АРТЫК АЗАП БОЛБОЙТ ЭКЕН»
Айнура Азаева, Түп районунун Арал айылынын тургуну:
– 2017-жылы 16-мартта ай-күнүм жетип Каракол шаарындагы облустук төрөтканага баргам. Кан басымым жогору болуп, 17-мартта кесарево жолу менен уул төрөдүм. Төрөгөндөн кийин 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Анан балдардын патологиясы бөлүмүнө которулдук. Балам 1-2 күн жакшы эле жүргөн. Анан врачтар «балаңдын башында гематома бар» деп дарыларды жазып берип, актовегин дарысын сайышты. Актовегин алган биринчи түнү эле баламдын дене табы көтөрүлүп, ыйлап чыкты.
Эртеси күнү да актовегин сайылды, ал түнү да баламдын дене табы 39га чейин көтөрүлдү. Көрсө, ошондо эле инфекция жайыла баштаган окшойт. Сол жак бутунун тизеси шишип, кол тийгизбей 3 күн ыйлады. Чыдабай калганда балдар патология бөлүмүнүн башчысы Элмира Асанбековага барсак, рентгенге тартып «балаң дисплазия (ткандардын, органдардын туура эмес өсүүсү), сөөгү жетпей турат. Эч кандай эмдөө кылбагыла, 1 айдан кийин келесиңер» деп эле ооруканадан чыгарып жиберишти.
Остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бизден мурун деле ошол төрөтканада бар экен. Анткени арыз жазган энелердин арасында Шахида Матухтаеванын баласы 2016-жылы остеомиелит болуптур. Төрөт үйү дезинфекция иштерин жүргүзүшү керек эле да. Канчалаган баланын убалына, ата-эненин көз жашына калып жатышат?!
Төрөтканада баш-аягы 12 күн жаттым. Үйгө келгенде деле баламдын ыйлаганы басылбаганынан кайра Караколго келдик, Элмира Асанбекова көрдү, бирок эч нерсе кылган жок. Анан создуктурбай Бишкекке эле алып барайын деп 17-апрелде Жалдагы Эне жана баланы коргоо ооруканасына алып келсек, врачтар дароо остеомиелит деп диагноз коюп, «көпкө дарыланышыңар керек» дешти.
Жаңы төрөлгөн, эч нерсени айта албаган ымыркай кандай кыйналды?! Эне үчүн баласынын кыйналганын көргөндөн артык азап болбойт экен (каарманым сөзүн уланта албай ыйлап жатты). Эртерээк барганыбыз үчүн врачтар оору терең жайылып кете электе токтотуп калышты. Күтүүдөн өткөн жаман нерсе жок экен. Арызданчу жердин баарына арыздандык. Баары эле "күткүлө" дешет, күтүп жатабыз. «БАЙКУШ КЫЗЫМДЫН СӨӨКТӨРҮ ИРИҢДЕП КЕТИПТИР»
Айчүрөк Гүлжигит кызы, Жети-Өгүз районуна караштуу Конкино айылынын тургуну:
– Кош бойлуу кезимде анализдерим жакшы чыгып, эч кандай коркунуч жараткан жагдай болгон жок. 2017-жылдын 8-мартында Каракол шаарынын облустук төрөтканасында төрөтүм жеңил өтүп, кыз төрөдүм. Ооруканадан чыгарда, көпчүлүк жаңы төрөлгөн балдар саргайып (желтуха) кетет го, кызым да саргайып бизди "дагы 2-3 күн кармаласыңар" дешти. "Лампага кактайбыз" деп балдардын патология бөлүмүнө которушкан. 6-сутка болгондо УЗИге тартып, «кызыңдын башында майда киста бар экен» дешти. Ошол жерде турган балдардын көбүнүн анализи негедир киста деп чыкты. "Жаңы төрөлгөн балдардын көбүндө эле болот, кийин өзү жоголуп кетет" деп сүйлөшүп калышты тургандар.
Кистага байланыштуу кызыма актовегин дарысын сайышты. Экинчи жолу ийне сайылганда тынчы кетип, ичи көөп баштады. Врач «уколдон эмес» деп койгон. Үчүнчү жолу сайылганда кызым кадимкидей онтоп, дене табы кайра-кайра көтөрүлүп уктай албай калды. Акыры жандандыруу бөлүмүнө түштүк.
Жалпысы ооруканада 28 күн жаттык. Убагында туура диагноз койбогону үчүн ириң денесине тарап кетип жатпайбы?! Элмира Асанбекова рентгенден чыккан сүрөттү карап «дисплазия» деп, «баланы бир ай бир бөлмөдө эч кимди киргизбей карагыла. Бир айдан кийин Бишкекке алып барып көрсөткүлө» деп ооруканадан чыгарып койду.
Үйгө келгенде кызымды ичи ооруп жатат деп эле ары-бери силкинтип көтөрө бериптирбиз, байкуш кызымдын сөөктөрү ириңдеп, ооруп жатканын билсем кана?.. (ыйлап) Чыркырап ыйлайт, эси ооп 10 мүнөттөй уктайт да, кайра ыйлап баштайт. Акыры чыдамым бүтүп, төрөтканадагы жандандыруу бөлүмүнүн башчысына бардым, ал кызымдын бутун ачып көрүп эле «колуңардан келсе дароо Бишкекке жөнөгүлө» деди. Бишкектеги Жалда жайгашкан балдар ооруканасына барганыбызда гана остеомиелит деп диагноз чыгарышты. Кызымдын бутуна ортопедиялык абдуктор аппаратын кийгизишти. Ал аппаратты кийгендеги кызымдын ыйлаганын сурабаңыз, 3 күн, 3 түн чыркырап үнү Кудайга жетти го, жүрөктү эзип.
Бишкектеги врачтардан сурадым «балким, инфекция менден жуккандыр» деп. Алар «жок, энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекциясы. Киндигин кесип жатканда же укол сайганда жугушу мүмкүн» дешти.
Врачтар убагында 2-3 бала бирдей чыркырап ыйлап жатканда жакшылап текшерип койсо болот эле го?! Эми балдарыбыз өнөкөт остеомиелит болуп калышты. 5 жылга 2-топтогу майып деген категорияга кирдик.
Балдарыбыздын ыйы басылып, өзүбүзгө келип калганда ата-энелер чогулуп төрөтканага бардык. Элмира Асанбекова
2 миң сомдон үчөөбүзгө карматып койду, буларга акча эле керек деди окшойт. Балдарыбыздын документин ачып караган да жок. Үйгө келип ызаланып өкмөттүн аппаратына кат жазып жибердим. Ошондон кийин оорукананын врачтары чогулуш кылышты. Анан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери чогулуш кылып, марттын башында «силердин арызыңар прокуратурага кетти» дешкен. Мен кат жазгандан кийин балдардын патология бөлүмүнөн бир медайым "арыз жазгандардын ар бирине 20 миң сомдон берели, кийин да жардам берип турабыз" деп үйгө келиптир. Башында эле көңүл буруп, колдоп коюшса болмок да. Сунуштарын кабыл алган жокпуз.
Жооп жок болгонунан жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрыла баштадык. Иш кайра жанданды. Прокуратурага барсак, 29-мартта гана арыз түшкөнүн айтып жатпайбы, ага чейин биздин арызды ким кармап отурганы белгисиз. Өкмөттүн аппаратынан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кат келди: «Кызматтык иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды» деп. Оорукананын директорунун орун басары өз каалоосу менен жумуштан кетиптир, ал эми Элмира Асанбекова бөлүм башчылыгынан түшүп, кадр жетпегенине байланыштуу убактылуу катардагы врач болуп иштеп жатыптыр. Министрликтен комиссия түзүлгөн, жыйынтыгы апрелдин аягында чыгат деген, дале чыга элек. Убакытты чоюп отуруп, же ары эмес, же бери эмес жыйынтык чыгарып коюшат го деп корком. Арыз жазган 4өөбүз эле, андан сырткары дагы 3 адам балдарын текшертип жүрүшөт. «ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Бул маселе боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кызматкери Канат Насипов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бизге 2018-жылдын 29-мартында Каракол шаарындагы төрөтканадагы дарыгерлердин айынан ымыркайлар остеомиелит оорусуна кабылып, алар майып болуп калганын айтып 4 адам арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу аталган төрөтканада текшерүү иштери жүргүзүлүп, арыз менен кайрылган 4 адамдын балдары ошол төрөтканада төрөлгөнү, кийин баары остеомиелит оорусуна кабылганы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 119-берене (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) жана 316-берене (шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
«КОМИССИЯНЫН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашевага байланыштык:
– Аталган иш боюнча министрлик тарабынан 12 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Биз Каракол шаарына барып бир гана остеомиелит эмес, башка оорулар боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Акыркы чечим кызматтык иликтөө аягына чыкканда билинет. Комиссиянын чечимине жараша медициналык кызматкерлерге чара көрүлөт.
Остеомиелит – сөөктүн ириңдүү оорусу. Сөөк, сөөктүн чучугу жана сөөктүн тегерегиндеги майда ткандар жабыркайт. Ооруну козгоочулар: стафилококк жана башка бактериялар, ичеги таякчалары. Дарылоо мезгили оору эрте байкалган учурда 2-3 айды түзөт. Оору өтүшүп кетсе бир нече жыл бою дарыланып, врачтардын көзөмөлүндө болуу керек.
ДАРЫГЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫ – ООРУГА БАЙЛАНГАН БАЛАЛЫК
Врачтардын шалаакылыгынан балдарга коркунучтуу оору жуккан бул биринчи окуя эмес. 2007-жылы Ош шаарында жана Ноокат районунда дарыгерлер жаш балдарга массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алышкан. Бул боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, анын алтоо акталып, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Мындай окуя бүтүндөй өлкө үчүн чоң сабак болушу керек эле. Бирок дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ымыркайлардын келечеги ооруга байланып калган окуялар кайталанып жатышы врачтардын аброюна шек келтирери айтпаса да белгилүү. Аталган окуялар ден соолукту сактоодо үлгү алчу кесип ээлери иштерин жоопкерчиликтүү алып баруусу тыгыз көзөмөлдө болуусу керектигин айгинелейт.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg