26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардыктар кыш чилдеде 5 күн жылуулуксуз калган. 31-январда парламент ЖЭБди 2014-2017-жылдары Кытайдан карызга алынган 386 миллион долларга жаңылоо ишиндеги шектүү жагдайларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзгөн. Комиссия 8-майда ишин бүтүп, тыянагы парламентте талкууланды.
КОМИССИЯ ЭМНЕГЕ ЖЕТИШТИ?
Башкысы – комиссия ЖЭБди жаңылоо келишими Кыргыз тараптын кызыкчылыгына дал келбеген шартта түзүлгөн, 386 миллионду иштетүүдө коррупция бар деген тыянакка келди. Буга чейин ЖЭБди жаңылоо боюнча документтерде кычкач 600 доллар, видеокамера 14 миң доллар, кондиционер
57 миң доллар деп, кадимки шаймандар базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлүп калганы ачыкка чыккан.
Комиссия төрагасы Улан Примов баяндама жасап Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына дал келбеген келишимге, бул иш боюнча тийиштүү документтерге кол койгон деп 30га жакын адамдын атын атады. Тизмеде экс-премьер министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергетикалык холдингдин» мурдагы директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчылары Салайдин Авазов, Узак Кыдырбаев, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана башкалар бар. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоону ишке ашыруу үчүн Кытайлык ТВЕА компаниясын тандоону сунуштаган деп тизмеге илинди. Примов убагында Сапар Исаков жана президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова Кытайдан карыз алуу боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кызматтык кат жазганын, ал кат ЖЭБди жаңылоодо ишти аткаруучу компания катары ТВЕА`ны тандоого таасир эткенин белгиледи. Комиссия төрагасы корутундуда аты аталгандардын ишине укуктук баа берүүнү УКМК, Эсептөө палатасы жана Башкы прокуратурага сунуш киргизди.
МАСАЛИЕВДЕН ӨЗГӨЧӨ ПИКИР
Комиссия мүчөсү Исхак Масалиев өзүнчө баяндама жасады. Масалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча Сапар Исаковдун катынын негизинде Алмазбек Атамбаев Энергетика жана Каржы министрликтерине тапшырма бергенин, кызматтык абалынан аша чапканын, ТВЕА`ны тандоого экс-президенттин тиешеси бар экенин айтат. Депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик статусунан ажыратып, бул окуяда анын ишин укук коргоо органдары иликтеши керектигин, ак болсо актыгын, айыптуу болсо айыптуулугун аныктап чыгуу зарылдыгын билдирди. Ушундай эле пикирди комиссиянын дагы бир мүчөсү Алмазбек Токторов айтты.
Сапар Исаков экс-президент 2 министрликке түз тапшырма бербегенин, "карап көргүлө" деп сунуш бергенин айтты.
Парламент депутаты Кожобек Рыспаев өлкө энергетика тармагына сырттан 1 миллиард доллардан ашык кредит алганын, бирок бул акчалар кантип иштетилгени боюнча аткаруу бийлигине эмдигиче суроолор бериле электигин белгиледи. Рыспаев ЖЭБге жумшалган 386 миллионду териштирүүдөн кийин "Датка-Кемин" электр чубалгысын тартуу долбоорун да ушундай эле дыкаттык менен текшерүү зарылдыгын айтат.
Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мурдагы жана азыркы чиновниктер катышты. Корутунду кызуу талаш-тартыш менен коштолууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg