ПРЕЗИДЕНТ 9-МАЙГА КАРАТА БИШКЕКТЕ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 9-май – Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» акциясына катышты. Өлкө башчы Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.
Президент, премьер-министр, парламент спикери, Жогорку Соттун төрайымы менен бирге «Өчпөс отко» гүл коюп, Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата согуш ардагерлерин куттуктады. «Экинчи дүйнөлүк согуш жер жүзүнүн 80 пайыз калкы тартылган, адамзаттын тарыхындагы эң масштабдуу, эң катаал, эң ырайымсыз, мыкаачылыктын согушу болду. Намысты, абийирди, мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аңыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кетишти. Улуу Манастан бери келе жаткан даңазалуу жолдун уландысы болот. Аталардын даңктуу жолун улантуу, мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин бүгүнкү милдетибиз»,- деди Жээнбеков.
«Өлбөс полк» – 9-Майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтүшөт. Учурда Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт.
Көзүнө жаш алган ардагер: "Элдин биримдиги, ынтымагы бүгүнкү күндү алып келди"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.