
УКМК парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер
Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн камакка алды. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктады.
Шадиевдин 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10 ишканасы, Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан бир канча турак жайы, унаасы камакка алынганы жазылган. Ошондой эле 25 банктын аттары аталды. УКМК бул банктарда
Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн банктык эсептери жана ячейкалары бар экенин, аларды камакка алуу керектигин же банктарга бул маалыматтарды тактоо тапшырылганын ачыктаган жок.

Ошентип
Шадиевдер «Карвен 4 мезгил», «Боорсок плюс» өңдүү 10 компаниянын 33 пайыздан 100 пайызга чейинки үлүшүнө ээлик кылары ачыкка чыкты.
Мурунку биринчи-вице-премьер жана Жогорку Кеңештин депутаты
Аскарбек Шадиевге 28-апрелде Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси
(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылган. Жардамчысы
Шадиевди чет өлкөгө чыгып кетти деп жарыяласа, УКМК ал расмий түрдө чек арадан чыкпаганын билдирген.
10-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын карады. Бул талкууда депутат
Кожобек Рыспаев Шадиевдин эсепчиси ЖЭБди жаңылоону ишке ашырган, учурда талкууга түшүп жаткан ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болуп чыкканын жар салды. Маалыматтарга караганда укук коргоо органдарынын
Аскарбек Шадиевге уурдалган 30 миң доллардан башка да иштер боюнча суроолору көп.