Малайзияда 9-майда парламенттик шайлоо өтүп, өлкө тарыхында 1-жолу оппозиция жеңишке жетишти. Расмий маалыматка таянсак, өлкөнүн экс-премьери Махатхир Мохамад башында турган «Үмүт альянсы» коалициясы парламентте 122 мандат алат. Өкмөттү түзүү үчүн 112 орун жетиштүү эле. Ал эми көп жыл бийликте турган «Улуттук фронт» коалициясына бул жолку шайлоонун жыйынтыгы боюнча 79 гана мандат тиет. Махатхир Мохамад – мурда бийликте 22 жыл туруп, Малайзияны гүлдөткөн 93 жаштагы саясатчы. 3 жыл мурун бийлик партиясына нааразычылык билдирип, андан чыгып кеткен. 2015-жылы оппозиция менен биригип «Үмүт альянсы» кыймылын түзгөн. Шайлоодо жеңген партиянын лидери катары эми Махатхир Мохамад кайрадан өкмөт башына барат. Айта кетсек, «Улуттук фронт» 13 жолу катарынан жеңишке жетишип, Малайзия эгемендик алган 1957-жылдан бери бийликте турган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.