БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ 1 АЙГА ТОКТОЙТ...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ошко КАДИМКИ КАТТАМДА жүргүнчүлөр менен чогуу учуп барганы талкууга түштү. Көпчүлүк бул көрүнүштү колдоого алды.
4-мөөнөткө Орусия президенттигине шайланган ВЛАДИМИР ПУТИН ант берип, кызматына расмий түрдө киришти. Дмитрий Медведев кайрадан Орусиянын өкмөт башчылыгына бекитилди.
Бишкек-Ташкент эл аралык АВТОБУС КАТТАМЫ ишке кирди. Билет баасы – чоң кишилер үчүн 1000 сом, 5-12 жаштардагы балдарга 500 сом, 5 жашка чейинкилерге бекер.
Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Бишкектеги «Манас» кинотеатрына барып «Саякбай» тасмасын көрүп кайтты.
Парламент депутаттары Дастан Бекешев менен Алмазбек Баатырбеков КОШ ЖАРАНДЫГЫ бар экени далилденген чиновниктерди 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты.
Бишкекте профилактикалык иштерге байланыштуу ЫСЫК СУУ берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулат.
Парламент депутаты АИДА КАСЫМАЛИЕВА «элди аралабайт, көйгөйлөрдү билбейт» деп Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевди кызматтан алууну сунуштады.
Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Аврора" пансионатында 22 адам ТАМАК-АШКА УУЛАНДЫ.
Октябрь райондук соту "коррупцияны уюштуруу" беренеси боюнча 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыраткан экс-депутат КАРГАНБЕК САМАКОВдун тарапташтары "кылмыш иши адилеттүү каралсын" деп Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты.
Бишкек шаарында 40КА ЖАКЫН КӨЧӨ оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.
Жогорку Кеңеш "капиталдык курулуштар Ысык-Көлдүн жээгинен 300 МЕТР АЛЫСТЫККА гана курулсун" деген норманы караган мыйзам долбоорун 3-окууда четке какты.
10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 МИЛЛИАРД 669 МИЛЛИОН метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.