(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн саныбызда)
Жыныстык жагынан шал эркектер
Миңдеген жылдардан бери эркектер өздөрүнүн эркектик касиетин аял менен жыныстык кошулуудагы ал-күчүнө, жарамдуулугуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша баалап келишкен. “Мен жыныстык жактан канчалык алдуу-күчтүү болсом, ошончолук чыныгы эркекмин” деп ойлошкон. Бирок аялдардын көз карашынан алганда, бул туура эмес түшүнүк. Аялдар кээ бир эркектерди жыныстык жактан алдуу-күчтүү болгону менен, турмушта коркок, эки жүздүү, эрки бош, алдамчы деп эсептешет. Аялдар, эң негизгиси, эркектердин ишенимдүү, акылдуу, туруктуу касиетин баалашат.
Кандай болгон күндө да эркек жыныстык жагынан алы-күчү начар болуп, аялын сүйүүгө жана төшөк кумарына кандыра албаса, анда өзүн алсыз жана бактысыз сезип, санаага батып, ооруп калат. Кээ бир эркектер түшүнбөстүктөн, эркинин начарлыгынан, сексуалдык маданиятынын төмөндүгүнөн өз жандарын өздөрү кыйып коюшат. Эркек жыныстык катнаш жасоого жарабай калса, анда ал жыныстык жагынан шал эркек деп аталат. Эркектин “аспабы” бутакка илинген жиптей салаңдап калат.
Кандай эркектер жыныстык жактан шал эркектер деп аталат?
25 жаштагы жигит “жыныстык жактан шал болуп калдым” деп кайрылды. Себебин сурасам, окуяны айтып берди:
– Жайында бир келинди машинама салып алып токойго бардым. Алгач “макул болобу же болбой коёбу?” деп сүрдөп жаттым. Анан аны көндүрүп, ишти баштайын деп жатсам тарс деген катуу үн чыгып, мээм зыңылдай түштү. Катуу чочуганымдан нес болуп жатып калыптырмын. Көрсө, мергенчи кыргоол аткан экен. Ошондон кийин аялга жарабай калдым.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Астра Айдарова
erotika@super.kg