НУРЛАН МЕНЕН АСЕЛДИН ҮЛПӨТ ТОЮ. КОЛУКТУ 275 МИҢ СОМДУК КӨЙНӨК КИЙДИ
10-майда шоу-бизнестин атактуу түгөйлөрү, ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын заманбап үлпөт тою өттү. Жубайлар достору менен сейилдөөгө чыгып, Бишкектин четиндеги эс алуучу жайлардын бирине токтошту. Аларды коштоп Данияр Эрматов, Нияз Абдыразаков, Эрнист Сыдыков, модель Бегимай Карыбекова, Айдана Дека, Малика Дина менен казак актёру Еркебулан Токтар баштаган бир топ чыгармачылыктагы достору менен курбу-курдаштары эки жашты коштоп жүрүштү.
Тойго Нурлан Насиптин досторунун баары смокинг кийип келишсе, Кадырбекованын курбулары бир түстөгү, тагыраагы, көгүш түстөгү окшош көйнөктөрдү кийишиптир. Аселдин курбусунун милдетин бала кезинен берки досу, бирге окуган классташы Айсулуу аткарды.
Жаштардын үлпөт той үчүн кийген кийимдеринин бааларына кызыксаңыз төмөндөгүдөй. Нурлан Насиптин костюм-шымынын баасы 26 миң сом болсо, көйнөгү 2500 сомду түзгөн. Бут кийимине болсо 3000 сарптаган. Ал эми Асел үлпөт көйнөгүн атайын буюртма менен Наиль Байкүчүковго тиктирген. Анын баасы башындагы таажысы менен чогуу 275 миң сомду түзсө, бут кийимин 15 миң сомго алган.
Айта кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова концерт тоюнда өкүл атасы, өкүл энеси катары бал шириндер аталган Урмат Усенов менен Неляны шайлашты. Өкүл ата Урмат буларды билдирди:
– Албетте, кубанычтабыз. Өкүл ата-эне болуш жөн эле нерсе эмес, өзүнүн моюнга тагылган милдети бар. Эки жашка турмуштук кеңеш менен жардам берип, алардын ынтымагын бекемдөө да. Ата-энесине айта албаган маселелер болсо өкүл ата, өкүл энесине айтат. Биз дагы жоопкерчиликти аткарганга даярбыз.Чыгармачылыкта Нурлан менен Асел экинчи өкүл бала, өкүл кызыбыз. Биринчиси Мирбек Иманбеков жубайы экөө болчу. Нурлан менен мурун эле ага-ини катары жакшы мамиледе болчубуз. Анын эмгекчилдигин, тарбиялуулугун, талантын сыйлайм. Үйлөнөрдүн алдында телефон чалып сунуштады. Нурланга чын дилимден батамды берип, макул болдум.
Ылайым бал шириндердин жолун жолдоп, чыгармачылыкта да жетелешип жүрүшсүн демекчибиз.
"Супер-Инфо" гезитинин кийинки санында жылдыздардын тоюнан эксклюзивдүү репортажды окуңуздар.
Ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт кийимдери тууралуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
nursaliha
2018-05-15 14:47:53
Ар дайым бактылуу бала чакалуу болушсун!!!!!
0
nursaliha
2018-05-15 14:48:38
Урматтуу айымдар жана мырзалар!!
-2
Persi.Djekson
2018-05-15 19:02:09
Понты дороже денег
+3
Yasmina87
2018-05-15 23:07:17
Бактылуу болгула Урмат Нелянын жолун жолдоп жаманынарды жашырып жакшы жагынарды корсотуп эле журо бергиле жакшы адамдар тарбиялаган эки жаш алга
0
monster_high_98
2018-05-16 10:23:59
Башында эле жакшы журушкон эмес булар бири бирин жамандап эле,Нурлан азыр озгорду деп Асел жамандап журот эле Нурлан деги эле,аман эле болгула!Асел эми койногун мактанбай эле койбоптур,ким билет эми ага да атаандашуу болобу,улгулуу тугойлор болуп койногунордун баасын мактанбай сооп иш кылып мактансанар,,,,,
+3
Peri.jo
2018-05-20 22:24:11
monster_high_98,СМИ жон койот дейсинерби?! Сурап жанын коюшпайт да.
-1
Aisanur_89kg
2018-05-16 13:21:26
Оомат бир келет,бул эки жашкада оомат кулуп турган чагы,концерттерине да эл сыйлап зал толо коруучулор барып колдоп дегендей,ушундай оомат келгенде карманып калгыла болор болбос,турдуу тумон койнокторго эле чача бербей,марттан бери тойунар же концертинер бутпойт уже эл тажап баштады,эми кичине тыныгуу жасап сагындырып жаны ыр,клибинер менен чыккыла,а то элдин алдында кадыр баркынар деле калбай калат.
+2
Persi.Djekson
2018-05-16 21:24:06
275 минге детдомдогу бир топ баланы тойгузуп койсо болот эле...
+2
tram-lam
2018-05-18 19:21:01
Persi.Djekson,а балким тойгузуп жатышкандыр? Мына тойгузуп жатам деп гезитке чыгармак беле? Чыгарса эле сизге окшогондор "жеп" кетпейби, сооп кылса да мактанат деп
+2
Mamiev
2018-05-17 11:23:05
Кантседа бактылуу болушсун
-1
tolgonayka95
2018-05-17 19:11:11
275мин сомдук койнокту кийседа Асель озгорбоптурго ошол эле куник Асельго андан коро жан талашып жаткан адамдарга жардам кылсанар болмок же уйу жокторго уй белек кылсанар соопко калмаксынар чынында
-1
tram-lam
2018-05-18 19:21:40
tolgonayka95,а балким жардам берип жатышкандыр? Мына жардам бердим деп гезитке чыгармак беле? Чыгарса эле сизге окшогондор "жеп" кетпейби, сооп кылса да мактанат деп
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-17 21:14:36
275 сомдук койнок кийсе да бактылуу болуш керек
-2
Jigitchem
2018-05-18 01:20:59
Жон эле койгула дордойдон эле алдынар да анан баасын асмандатып. Бир нөлүн алып эле койгулачы
+1
nurhan2702
2018-05-18 15:00:54
Бактылуу болгула! Бирок албетте мумкунчулугунор бар болсо оорулуу адамдарга, балдарга кайрымдуулук кылгыла. Коз жашын тогуп бир нанга жетпеген кайырчыга бергиле. Аллах эки эселеп бактылуулукту тартуулайт
+1
adik2806
2018-05-18 20:56:28
Оо вот это новости
0
AykaMer
2018-05-20 19:34:18
Иши кылып эмки санында да той деп чыгышпасын да.... Анжеликадан зорго кутулсак,эми бул баштаганы турат.... Короче бактылуу болсун!!!
0
aimai
2018-05-20 20:35:04
bular kimder irchibi je akterbu taanibait ekenmin
-1
Peri.jo
2018-05-20 22:20:55
aimai, калп эле жинди боло бересинерби э? Кыргызстанда жашайсынар в озу?!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.