ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 14-майдан 20-майга чейин




КОЙ (21.03-20.04)
Аптада күтүлбөгөн пикир келишпестиктерге туш келесиз. Башкысы токтоо болуңуз. Абалды курчутуп жибербеңиз. Бийликтегилер менен алака кыласыз. Үй тиричилик иштерине атайын убакыт бөлүүгө туура келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрым бир көйгөйлөр тынчыңызды алат. Жагдайлар күтүүсүз чечимдерди кабыл алууга аргасыз кылат. Ийкемдүү болуңуз. Аптанын акыр чендеринде гана кенен эс алууга шарт түзүлөт. Туугандар менен сүйлөшүүлөр көп болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көзөмөл органдары, башка жактык адамдар менен мамиле кылууда сактык, каршылыктарга туш келгенде кыраакылык керектелет. Акча маселеси да бейпайга салат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй-бүлөнү гана ойлоп, досторго ашыкча көңүл бурбоо керек. Антпесеңиз үй-бүлөдө түшүнбөстүк жаралат. Каржы жаатында тактык талап кылынат. Жеке иштериңиз боюнча ар жакка чуркоого туура келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кесиптеш, өнөктөштөргө кылдат мамиле жасаңыз. Алардын айрымдары сизге колдоо көрсөткөнү менен, арасында бут тоскондору да чыгат. Баарына даяр болуңуз. Жашыруун душмандардын тузагына түшпөө үчүн купуя аракеттерди орду менен жасаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Балдарга, эс алууга, жакын санаалаштарга туура убакыт бөлүү абзел. Антпесеңиз таарынычтар жаралат. Сапарга чыгуу маселеси козголот. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Балдарга, үй тиричиликке көңүл бурууга туура келет. Үй иштерин жасоодо сак болуңуз. Өрт же башка кырсыктын болуп кетиши толук ыктымал. Жетекчиликке, өкмөт өкүлдөрүнө убакыт бөлүү керектелет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Эски тааныштарга жолугасыз. Тууган, кошуналар менен алака кылууда ачууга алдырбаңыз. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз, сиз үчүн кооптуу мезгил. Жакшы кабарды да, ачуу чындыкты да угасыз. Кайын журт, текшерүү органдары менен сүйлөшүүлөр болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада акча да болот, акчага байланыштуу көйгөйлөр да чыгат. Каржы темасы козголгон учурда сабырдуу болуңуз. Унаага, бир туугандарга жана жумушка байланыштуу көйгөйлөр апта акырында жаралат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жекече иштериңиздин айрымдары бүтөт. Аларды бүтүрөм деп чуркап жүрүп бут тосууларга да, акча жаатындагы кыжырды кайнаткан учурларга да туш келесиз. Негизи аптада консервативдик мүнөз күтпөңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдыдагы 1 ай сиз үчүн болуп көрбөгөндөй активдүүлүктүн айы. Жакшыбы, жаманбы, айтор, акыркы айларда жасап жаткан купуя иштериңизди токтотуңуз. Топтолуп калган көйгөйлөрдү четинен чечип бүтүрөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Достор, айрым мекемелер менен иштешүүдө сизди кубанткан да, ойлонткон да учурлар болот. Алар менен иштешүүдө дипломатиялык мамиле күтпөсөңүз пикир келишпестиктер жаралат. Бир туугандар, унаа, жол маселеси тынчыңызды алат. Кабар угасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан