НУРЛАН МЕНЕН АСЕЛДИН ШАҢГА ТОЛГОН ҮЛПӨТ ТОЮ

10-майда борбордогу тойканалардын биринде орун алган ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт тою жаштардын сейилдөөсү менен башталды. Эки жаш бир нече унаанын коштоосунда Бишкектин четиндеги эс алуу жайлардын бирине достору, курбулары менен жөнөштү. Тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жаштар сүрөткө түшүп, бийлешип, дасторкон үстүндө каалоо-тилектерин айтышты. Той кечкисин кандай уланды, сүрөттөр баяндайт.

Эки жашты ээрчитип Гүлзат Байзакова «Жар-жар» ыры менен залга кирип келгенде көпчүлүк тура калып кол чаап тосуп алды.
Канча жылдан бери ак жоолугун белендеп «балам, качан үйлөнөсүң?» деп келген Нурландын апасы келининин башына жоолук салды.
ЗАГС кызматкери өз вазыйпасын аткарып, эки жашка нике күбөлүгүн тапшырды. Эки жаш эми нике шакектери менен бири-бирин менчиктеп алышты. Салтка ылайык, нике шакектерди өкүл ата менен өкүл эне Урмат Усенов менен Неля белекке беришиптир.
Тойду эки жаштын ата-энелери сүйлөп ачып берди. Ата-энелерге кошулуп өкүл ата менен өкүл эне да чыкты.
Сүйүшкөндөр атайын бий даярдашыптыр. Нурландын аткаруусундагы «Көпөлөгүм» деген ырга туман арасында каалгый бийлегендерди суктанып карап отурдук. Бий соңунда атылган фейерверктер эки жаштын көздөрүнөн чачыраган сүйүү учкундарындай эле болду.
Жети кабаттуу тортту алгач тойдун күнөөкөрлөрү өздөрү ооз тийишип, кийин конокторго таратылды.
Колуктунун курбулары көгүш түстөгү окшош көйнөк кийишиптир. Асел ыргыткан гүлдү көгүш көйнөкчөндөрдүн бири тосуп алды.
Нурлан менен Аселдин кесиптештери эки жашты ар тараптан колдоого алып, оюндарга да активдүү катышып отурушту.
Ыр-күлкүгө, оюнга, бийге бай, куттуктоо сөзү аз той көпчүлүккө абдан жакты. Конверттер өзүнчө, каалоо-тилектер жазылган кагаздар өзүнчө кутуларга салынып жатты. Каалоо-тилектер жазылган кутудагы кагаздарды жаш жубайлар сууруп чыгып, ээлерине белектер тапшырылды.
Тамадалык тизгинге Эркин Рыскулбеков менен Кубат Кубанычбеков ээлик кылышты. Тойго шоу-бизнес өкүлдөрүнүн 90 пайызы келди десек да болот. Алар эки жашка каалоо-тилектерин айтуу менен ыр десте да сунушту.
Той ээлери, Нурландын ата-энеси Насипбек ага менен Тамара эже 600дөй адамга дасторконун жайып, бата алышты. Алар келгендерге ыраазычылык билдирүү менен соңуна чыгарышты.



Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куттуктоо сөзү аз, ыр-бийи көп Нурлан менен Аселдин заманбап үлпөт тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Nurmuhammed2016
2018-05-22 11:43:00
Туболуктуу бакыт каалайм.Эми бул Загс койногун эмне кылат экен а?
+1
aruuzat88
2018-05-22 11:51:55
Супер Инфого Нурлан менен Аселдин тойу чыкканча инстаграмдан коруп койдук окшойт баарын.
+1
belka
2018-05-22 11:55:29
Ушуну менен ушул тема жок дегенде 1 айга токтосо сонун болмок. Бактылуу болгула!
-2
Malika...08
2018-05-22 13:44:42
Сонун болуптур аны супер инфо дагы укмуш коркомдоптур. Нурлан менен Аселге курсак тойду.
+1
Mamiev
2018-05-22 14:02:41
Тажадым мен тажадым ушул эконон деген ыр бар беле?Бактылуу болушсун бирок кайра кайра чыгара бербей башка ырчыларга да оорун берсе
-1
Pandora
2018-05-22 15:41:45
Mamiev,Сени бироо мажбурлап жатабы? кор деп
Корбой койсон кутуласын.
+3
Nibiru.
2018-05-28 16:33:31
Pandora,бул жака эл корсун деп чыгарат. Анан короюн десе ушул экоо эле болуп атса тажайт да.
0
Pandora
2018-05-22 15:46:44
Тажагандапга КЕНЕШ багка бетке отсонор КТРКнын урушу бар экен ошону окула
+2
azimova90
2018-05-22 16:18:15
Куш боонор бек болсун.Суйуунор туболуктуу болсун.Кармашкан колунар эч качан узулбосун чексиз бакыт каалайбыз.
+2
Siren90
2018-05-22 17:13:24
Аселдин койногу жонундо соз жок го
0
Nuri1988Elim2010
2018-05-25 23:38:27
Siren90,ооба соз.бир нерсе дейин десен коро албагандай билишет экен.Менин синдим же жакыным болгондо каршы болмокмун кийишине
0
Yasmina87
2018-05-22 17:14:14
Бактылуу болгула баарыбызга насип кылсын жакшы кундор
+1
Zainidin96
2018-05-22 23:03:27
Эми бир ай нурлан менен аселдин тою интернеттен тушпойт качан кирсен нурлан Асел инстаграмда деле фейсбук ондноклассникте деле экоонун тою бутпос болдуго
0
step_by_step
2018-05-23 01:55:21
Буларды коюп Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мама жана, Апаз Жайнаков, Асанкалый Керимбаев сыяктуу кыргыз маданиятынын дөө шаалары жөнүндө жазгылачы(ар бирин өзүнчө) урматтуу админ.
+2
admin_media
2018-05-23 10:13:18
Mamiev, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
777bazamat
2018-05-24 13:18:12
Нике тунун качан корообуз анан... :-)
-2
aida007
2018-05-27 23:05:07
Менин тушумо да кирди кечке той
0
Abdynur
2018-05-28 14:14:47
Ассалломмуу Алейкум ушунча чыгымдын кимге кереги бар
0
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан