(Башталышы өткөн сандарда)
4 жыл издөөдө жүргөн Рысбек Акматбаев 2005-жылы ошондогу башкы прокурор Азимбек Бекназаровго келип жолукканы белгилүү. Экөөнүн ортосунда кандай сөздөр болгону тууралуу коомдук ишмер Азимбек Бекназаров айтып берди:
– 2005-жылы мен башкы прокурор болуп турганда Рысбек Акматбаев мага «Өз ыктыярым менен келип колго түшүп берейин. Бир суранычым бар, бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, мени издөөдөн алып, камакка албай, үй камагына чыгаргыла» деп телефон чалды. Ага чейин Топчубек Тургуналиевди жана башка депутаттарды ортого салып жүргөн болчу. Анан ал мага келип, сүйлөштүк. Мен «Сен өзүң криминал болсоң, «кызылдарга» өз ыктыярың менен келгениң «каралардын» мыйзамы боюнча «западло» болуп эсептелинет да, сени жазалашат «каралар». Сен «кызылдар» менен кызматташканың үчүн «положенец» болбой каласың да» дедим. Анан ал баласы тууралуу айтты. Баласын үйүндө плафонго илип өлтүрүп кетишкенби же балкондон ыргытып салышканбы?..
«Баламды өлтүрүп кетишти. Мен качып, издөөдө жүрүп, уулумду көмө алган жокмун. Аялым да өлдү. Аларга куран окута алган жокмун. Өзүм 5 маал намаз окуйм. Балам, аялым үчүн куран окута албасам, мага жашап эмне кереги бар? Ошондуктан тергөө менен кызматташам, эч жакка качып кетпейм. Эгер күнөөм болсо, аны моюнум менен тартам, колго түшүп берем» деди. Баласын айтканда мен ойлонуп калдым. Макул болуп, тергөөчүлөргө, орун басарыма жибердим. Анан жактоочулары менен келип, көрсөтмө берди. Прокуратура бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, ишти ИИМге өткөрүп берген, ИИМ тергеди. Менин убагымда анын иши сотко өткөн. Кийин мен прокуратурадан кетип, депутат болуп калган убакта ал Максимге (ред.: Бакиев) өтүп албадыбы. Анан Бакиевдер өздөрү кийлигишип Биринчи Май райондук сотунан актоо өкүмүн чыгартышкан. Анткени аны депутат кылып, депутаттарга каршы пайдаланабыз дешкен.
«БИЙЛИК «КАРАЛАРДЫ» ПАЙДАЛАНЫП ТУРУП, АНАН КӨЗДӨРҮН ТАЗАЛАГАН»– Албетте, Рысбек Акматбаевдин күнөөсү болгон. «Каралардын аталары» болгондон кийин күнөөсү болот да. Ансыз Кыргызстанда кыбыр эткен иш болбойт. Тергөө канчалык аны далилдеди, мен билбейм. Ишин окуган жокмун, тергөөчү болгон жокмун, үстүнөн жалпы жетекчилик кылдым. Мени Бакиевдер 5 айга жетпей башкы прокурорлуктан кетиришти. Көп иштерди «сындырабыз» деп мени кызматтан алышкан. Анткени Аксы окуясы боюнча президенттин өзүн, Курманбек Бакиевди суракка алып жатканбыз. Кийин парламенттин коррупцияга каршы атайын комиссиясынын төрагасы болуп дайындалып, коомдук көзөмөлдө турган олуттуу иштерди мен контролдоп калдым. Акматбаевге карата актоо өкүмү чыкканда шаардын прокурору Учкун Каримовду чакырып, «Эмнеге ал кишилерди актатып жатасыңар? Туура эмес болуп жатат. Эмне себептен сунуштама жазбайсыңар?» десем, алар шаардык сотко сунуштама жазышкан. Бирок шаардык сот Рысбектин ишин карабай калды. Өзүн өлтүрүп коюп, иш кыскартылып кетти.
Ал убакта баары ачыкка чыгып, мунун баары чоң саясатка айланып калган. Иниси Тынычбектин өлүмүн Батукаев менен Куловдон көрүп, Рысбек ачык чакырык жасап, Ак үйдүн алдына митингге чыгып, "Куловду жок кылам" деп кыйкырган. Аны президент чыгып тынчтандырган. Бул жерден Рысбектин Бакиевдер менен иш кылып жатканы ачыкка чыгып калган. Коомчулукта аны «бийликтин буюртмасын аткарып жатат» деген ой пайда болду. Ошондо парламенттеги Рысбекти колдоп жүргөн бир топ депутат досторуна жолукканда «Эмнеге Максимдердин ишин кылат? Кой дебейсиңерби. Бийлик ар дайым ошондой «караларды» пайдаланып туруп, анан алардын көзүн тазалайт. Ушул бийлик эле тазалайт Рысбекти» деп айтчумун. Кийин ошондой эле болду.
«РЫСБЕК МЕНЕН ЖОЛУКПАЙ КОЙГОНУМА АЗЫР ДА ӨКҮНӨМ»
– 2005-жылдын аягында, мен депутат болордун алдында мага Мирлан Коноев Алматыдан чалып, «Бакиевдер Казакстандан киллер жалдашты. Жакында сизди атып өлтүрөт. Бишкектен чыгып кетиңиз. Муну сизге айтып коюшумду мага Рысбек байкем тапшырды» деди. Мени өлтүрүүнү Рысбекке тапшырганда ал баш тарткан экен. Ал убакта апам ооруп, Аксыга жөнөп жаткам. Мен баргандан 3 күндөн кийин апам каза болуп калды, Аксыда 20 күндөй жатып калдым. Шайлоого да катышып, Бишкекке кеч келдим. Кол салуу болгон жок.
Рысбек өлөрүнүн алдында дагы өзүнүн жердештери – менин курсташтарым аркылуу мага жолугууга аракет кылды. «Мен "каралар" менен кызматташпайм» деп жолукпай койгом. Ал убакта депутат болчумун. Рысбек өлгөндөн кийин иш сапар менен Көлдө жүрсөк, Коноевдердин атасы 50дөй аксакалдар менен келди. Исхак Масалиев, Топчубек Тургуналиевдер жана башка депутаттар менен чыгып жолуктук. «Рысбектин туугандарына кол салуулар болуп жатат. Арызданганы келдик» дешти. Ошондо атасы мени четке алып чыгып, «Рысбек сизге тапшыр деп маанилүү документтерди берген. Аларды сизге качан берели? Документтер Бишкекте. Азыр биз үйдөн чыга албай калдык. Бишкекке чыккан жолдон өлтүрүп кетишет» деди. Тилекке каршы, ал документтерди ала албай калдым. Кийин жакындарынын бир тобун чын эле өлтүрүп коюшту. Азыркыга чейин Рысбек менен жолукпай койгонума өкүнүп жүрөм. Балким, айта турган сөздөрү бар беле?..
«ЖОЛДОШУМДУ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮ КУДАЙГА КОЙДУМ»
Рысбек Акматбаев ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлүмүнө да айыпталган.
2004-жылдын январь айына чейин Ош ШИИБин жетектеп турган Чыныбек Алиев ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалат да, ага буюртма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу тапшырмасы берилет. Бирок 2004-жылдын 5-майында Чыныбек Алиевди өлтүрүп кетишет. Бул кылмышка шектелип Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалат. Ал эми Рысбек Акматбаев "Алиевди өлтүрүүгө буюртма берген" деп айыпталып, ага издөө жарыяланат. Эркин Мамбеталиев сот тарабынан Алиевдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, эркиндигинен ажыратылып, 2005-жылдагы Март революциясынан кийин акталып чыгат.
2006-жылы Эркин Мамбеталиев «8 адамдын өлүмүнө тиешеси бар» деп айыпталып кайра кармалат. Сотто анын 3 кишини: Чыныбек Алиевди, Жыргалбек Сурабалдиевди жана уюшкан кылмыш тобунун жетекчиси Таалайбек Абасовду өлтүргөнү далилденет. Жыйынтыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, Эркин Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыратылат. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин сот «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу бул ишти кайрадан карайт. Бул сапар Жогорку Сот "Эркин Мамбеталиевдин Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тиешеси жок" деп таап, ал башка кылмыштары үчүн 15 жылга эркинен ажыратылат. Бирок жаза мөөнөтү мунапыс менен кыскартылып, эркиндикке чыккан. Бул окуя тууралуу оюн сурап Чыныбек Алиевдин жубайына кайрылганыбызда, ал «Биз көрбөгөндү көрдүк. Жолдошумду өлтүргөнгө тиешеси барларды Кудайга койдук. Мындан башка жооп бере албайм» деди.
«УУЛУМДУ ЖАНЫШ БАКИЕВ ӨЛТҮРТТҮ»Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик аксакал учурда 82 жашта. Ал уулун төмөнкүчө эскерди:
– Уулдарым Рысбек менен Тынычбек биздин да, чоң ата-чоң энесинин да колунда жүрүп чоңоюшту. Рысбек кичинесинде апасына «атама айтыңызчы, мага штанга алып берсин» деп айтыптыр. Көрсө, бизден 55 чакырым алыстыктагы Ананьево айылындагы бир дүкөндө штанга сатылчу экен. Анда мен гаражда башкы инженер болуп иштечүмүн, макул деп бир айдоочуну кошуп жөнөтүп жибергем. Айдоочу дүкөндөн алыс токтотуп койгон экен, уулум оор штанганы өзү көтөрүп ташыптыр. Алып келгенден кийин штанганы орнотуп, груша илип алып, Тынычбек экөө машыгып жүрүштү.
Окуусун аяктап келгенден кийин Чолпон-Атада, Кара-Ой айылында бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Милицияда иштөөгө чакырган экен, барбай коюптур.
1988-жылы машыгуудан чыккан соң бир пансионатка барып суу сатып алуу үчүн 25 рубль сунушса, милиция кызматкерлери акча талап кылышкан деп кармап кетишиптир. Ошентип ак жеринен 4 жылга кесилип кетти. Ар кайсы түрмөлөрдө көрбөгөн кордукту көрүп, аман-эсен кайтып келди. Уулум менен чогуу отурган бир азербайжан жигит келген, ошол «Рысбек "мусулмандар качан эле карагай кыркып иштечү эле?" деп түрмөдөгү мусулмандарды иштетпей койгон» деп айтып берген.
Анан эле Рысбек менен Тынычбек Фрунзеге барып ишкерлик менен алектене башташты. Рысбек «Манас» аэропортунун жанынан 20 гектар жер алып кызылча айдап, Тынычбек Алматыдан товар ташып, Германиядан машина ташып бутуна туруп кетишти. Кийинчерээк асыл тукум жылкылар менен алектене башташты. Рысбек Англиядан күлүктөрдү алып келди. Ошол күлүктөрү жарыштарга чыгып, жумасына 2ден унаа утуп турушту.
Жаныш Бакиев эле Рысбекти өлтүрттү деп ойлойбуз. Себеби Жаныштын баңгизаты менен алектенип жүргөнүн билип, Рысбек ага «башка тапканыңар деле жетишет да. Баарын тоноп жатасыңар, баңгизаты менен алектенбей эле койбойсуңбу» дептир. Ошондон кийин эле ал Рысбекке өчөшүп туруп алды. Ак үйдө, УКМКда иштеген тааныштары Рысбекке «Кыргызстандан чыгып эле кетчи» деп айтышса, уулум көнбөй коюптур. Рысбекти атып кеткенден кийин эле Феликс Кулов «Жаныш жакшы иштейт экен. Ага генерал бериш керек» деп чыкпадыбы...
Рысбегимдин артында 3 уул, 2 кызы калды. Улуу кызы Ошко турмушка чыккан, экинчи кызы менен 2 уулу Канадада окуп жүрүшөт. Бир уулу прокуратурада иштечү, азыр Бишкекте юрист болуп иштеп жатат. Уулдарынын баары өзүнө окшош.
Нурбек Абдыкадыров,
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg