Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде 2018-2019-окуу жылына карата төмөндөгү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт.
Окутуунун формалары:
Күндүзгү бөлүм бакалавр даражасына (окутуу мөөнөтү 4 жыл, контракттык негизде):
► Эл аралык мамилелер
► Экономика
► Педагогика
► Лингвистика
► Юриспруденция
► Филологиялык билим берүү (араб тили)
► Менеджмент
► Журналистика
► Реклама жана коом менен байланыш
► Колдонмо информатика
► Коммерция
► Бизнести башкаруу
Сырттан окуу боюнча бакалавриат (контракттык негизде):
► Экономика
► Менеджмент
► Юриспруденция
Магистратура (окутуу мөөнөтү 2 жыл)
► Филологиялык билим берүү «Араб тили»
► Журналистика
Орто кесиптик билим берүү – 9-11 класстын базасында окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай:
► Менеджмент
► Экономика
► Укук таануу
► Башталгыч класстын мугалими.
Окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт. (Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ошондой эле окуудагы жетишкендиктерге карата 25% контракттан жеңилдиктер каралган).
Профессордук окутуучулук курам
Англис тили, араб тили жана адабияты боюнча Мароккодон, Мавританиядан, Египеттен, Иорданиядан, Пакистандан, Америкадан келген доктор, профессорлор сабак беришет. ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИНЕ ТАПШЫРУУНУН 4 АРТЫКЧЫЛЫГЫ:
1. Заманбап аудиториялар, жатаканалар, жыйындар залы, ашкана, медициналык борбор, машыгуу залы жана башкалар – студенттер үчүн.
2. Биздеги жашоо көңүлдүү: КВН, ийримдер, кароо-сынактар, спорттук мелдештер, эс алуу кечелери, «Акыл ордо» интеллектуалдык оюндары жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.
3. Бардык багытта билим алган студенттерге араб жана англис тилдерин тереңдетилген программа менен окутуу киргизилген.
4. Ийгиликтүү ишке орношуу.
БИЗДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР КАЙДА ИШТЕШЕТ?
КРнын Президенттик Администрациясында; КРнын Тышкы Иштер Министрлигинде; КРнын Кувейттеги, Катардагы, БАЭнын элчиликтеринде; Коммерциялык уюмдарда; КРнын ЖОЖдорунда; Банктык чөйрөдө; Телеканалдарда жана башкаларда.
Биздин дарек: Э.Ибраев көч., 6 а.
Байланыш тел.: 0312 33-73-81, 0701757510