14-май күнү Бишкектеги Спорт ордосунда эрежесиз уруш боюнча»WEF Global 12» турниринде мекендешибиз Барчынай Узгенбаева өзбекстандык Шахзода Рахимованы экинчи раундда кулатып, жеңишке жетти. Спортчу, милициянын лейтенанты жана жөн эле сулуу кыз Барчынай.
Туулган жылы, күнү – 13-февраль, 1995-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Жетишкендиктери – Грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, панкратион боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону.
– Барчынай, чемпион болушуң менен куттуктайм! Каршылашыңдын кыр көрсөткөнүнө карабай, аз убакыттын ичинде жеңишти багындырып алдың.
– Рахмат, жеңиш оңой болгон жок. Беттештин алдында каршылашым жөнүндө эч нерсе билбей эле чыга бергем. Мени менен мушташкан кыз өзбекстандык Шахзода Рахимова деген мушкер Азиянын чемпиону. Ал аябай күчтүү анан чапчаң экен. Биринчи раундда муунтуу жолу менен жеңейин десем моюн берген жок, анан экинчи раундда колун кайрып уттум. Мушташып жатканда башымда бир эле ой болуп жатты. Беттеш биздин өлкөдө өтүп жаткандан кийин өзүбүздүн желек желбиресин дедим да, аябай аракет кылдым.
– Азаматсың. Канча убакыттан бери спорт менен машыгып келатасың? Кандайча эрежесиз урушка аралашып калдың эле?
– Мен Ошто мектепте окуп жүргөндө спорттун уруш түрлөрүнө кызыгып, бокс, самбо, дзюдо, таэквондо менен машыкчумун. Мектепти бүткөндөн кийин чоң окууга тапшырыш керек болуп, борборго келип Ички иштер министрлигинин академиясында тергөөчү адистигинде окуп калдым. Окуу менен спортту бирдей алып кетүү оор болгонуна карабай, академияны бүттүм. Биздин окуу жай өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылгандыктан, мени атайын багыт менен Ошко жөнөтүштү. Бирок кызмат менен спортту чогуу алып кете албасымды билип, экөөнүн бирин тандоого туура келди. Жыйынтыгында Ошко барып иштебей тургандыгым жөнүндө рапорт жазып, кайра Бишкекке келе бердим. Ошентип спортту тандап, ал үчүн кесибимди курмандыкка чалдым. Балким, болочокто кесибим боюнча иштээрмин, убакыт көрсөтөт.
– Профессионалдык деңгээлде мушташуу үчүн олуттуу машыгууларды өткөрүү керек да...
– Ооба, студент кезимден эле UFC’нин мушкерлерин көрүп "мен да ушинтип мушташсам" деп кыялданчумун. Анан өзүмдү ушул багытта сынап көрөйүн деп жакшы машыктыруучу издей баштадым. Fighter.kg деген клуб бар экенин, анда Кенжебек Чекиров деген агай эрежесиз уруш боюнча мушкерлерди машыктырарын угуп, ушул залга келгим келчү. Анан клубда иштеген Бексултан деген байке аркылуу агайга жолуксам, мени карап туруп «Менин залымда кыз кишинин машыкканын каалабайм» деп койду. Көрсө, Кенжебек агайдын «кыздарды машыктырбайм» деген эрежеси бар экен. Бирок кыялыма жетүү үчүн агайдан өзүмдү көрсөткөнгө убакыт сурадым. Ошондо ал «Кызым, сындан өтө алсаң ушул залда каласың» деп бир жума убакыт берди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп күжүрмөн эмгек кылып, агайдын колунда калдым. Азыр залда машыккан жалгыз кызмын. Ушундан улам мени менен чогуу машыгып, ага-инидей болуп калган мушкерлердин эркесимин.
– Кайсы ыкмага көбүрөөк басым жасап машыгасың?
– Азыр бир күнү бокс менен, бир күнү грэпплинг менен машыгып, партерде жана туруп иштеп жатам. Аракет кыла берем, келечекте UFC’нин деңгээлине чыгып Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретсем дейм. – Октагондо сүрдүү көрүнөсүң, жашоодо кандайсың?
– Эми, кыз деген спортчу болсо эле эркек чалыш болуп калышы керек деп ойлобойм. Кыз өзүн кыздай алып жүргөнү туура го. Ал эми беттешке күлүп-жайнап же назиктигиңди көрсөтүп чыга албайсың да, мушкердин сүрү болушу керек деп эсептейм. Мен да башка кыздар сыяктуу эле көйнөк, юбка, туфли кием. Бейтааныш чөйрөдө спорт менен машыгарымды билгизбегеним менен, баса келсем эле спортчу экеним билинип калат. Канчалык өзүмдү кыздай алып жүрбөйүн, басыгымды деги өзгөртө албай койдум (күлүп).
– Спорттун өтө агрессивдүү түрү менен машыкканыңа жакындарың каршы болгон жокпу?
– Жок, менин эң биринчи күйөрманым – апам. Ал каршы болбой, тескерисинче, колдоп-коштоп турат. Бирок ага мушташарымды алдын ала айтпай, беттеш аяктаган соң гана кабарлайм. Кантсе да эне да, сарсанаа боло берет.
– Өзүн спортко арнап койгон Барчынайдын жүрөгү бош экенин билем. Болочок жубайың кандай сапаттарга ээ болушун каалайсың?
– Канчалык спортчу болбоюн, баары бир кыз кишимин да. Ошондуктан болочоктогу теңим камкор, мени коргоп, колдоп, тирөөч боло ала турган жигит болсо дейм. Анан жигиттердеги аракетчилдикти, ыйманды баалайм. Өзүмдүн боюм 178 сантиметр да (күлүп), ошондуктан бою узун, спорт менен машыккан адам болсо деп калам.
– Маегиң үчүн рахмат. Спортто ийгиликтерди жарата бер.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg