Арабызда Эринчээк аттуу жалкоо бала бар. Ал сөз уккандан да, сүйлөгөндөн да, бир нерсе сурасаң жооп бергенден да эринет. Ага «сабак оку, иш кыл» деп айтуунун эч кереги жок. Анткени ал баары бир окубайт, иш кылбайт. Кээде оозуна тамак салып берсең да жутпай коёт. Бир күнү классташтар тоого саякатка жөнөп калдык. Классташтар гүл терип, кубалашып ойноп жүрдүк, Эринчээк кыбырап, тээ артта калды. Баскысы келбей араң эле келе жатты. Биз тоого чыгып, аска-зоонун арасынан ышкын, карагайдын түбүнөн кымыздык, балтыркан терип жедик.
А Эринчээк эч нерсе терген жок.
– Эринчээк, кел, ышкын, кымыздык, балтыркан тер. Бөбөгүңө алып барып бер,- дедик.
– Э, тергим келбей жатат.
Бир кезде кардыбыз ачып, ала барган тамак-ашыбызды жемей болдук.
– Эринчээк, кел, тамактаналы,- деп чакырдык. Ал көптөн кийин бизге минтип жооп берди.
– Ордумдан тургум келбейт, эч нерсе жегим келбейт.
– Тамак ичпесең кубатың кетип, чарчайсың да. Кел, тамактанып ал,-дедим көндүрмөккө. Эринчээк ордунан туруп, басып келгенден да, жооп бергенден да эринип дулдуюп жатып алды.
Ал ошентип эринчээктигинин айынан ачка калды. Биз болсо курсагыбызды тойгузуп, тоо арасын шаңга бөлөп ойноп жаттык. Ал аңгыча кеч бешим болду. Ар бирибиз бир кучактан ышкын, кымыздык, балтыркан көтөрүп үйгө кайттык. Эринчээк болсо, бизди ээрчип баса албай, шылкыйып араң келе жатты. Анын карды ачып, өңү бозоруп турду.
– Достор, ынтымактуу болуш керек эмеспи. Тергенибизден Эринчээкке бир-экиден берсек кантет?- дедим жолдошторума кайрылып. Алар оболу баштарын чайкашты, анан макул болушту.
– Эринчээк, муну ата-энең менен бөбөгүңө ала барып бер. Алар сени «тоодон ышкын, кымыздык ала келет» деп күтүп жатышат да,- дедик биз ага тергендерибизден сунуп жатып. Аны көргөн Эринчээк сүйүнүп да, уялып да кетти. Анан анын эки бети кулактарынын учуна чейин кызарып чыкты. Ал ошондо бизге ыраазы болуп турганын жашыра албай, толкунданып минтип айтты:
– Силерге ырахмат, достор! Мен эми эринчээктигим менен жалкоолугумду таштаймын. Мындан ары силерге уят болгонумду токтотомун,- деди үнүн акырын чыгарып.
Аман Кармышаков