САПАР ИСАКОВ «САЯСИЙ КУУГУНТУК ЖҮРҮП ЖАТАТ» ДЕЙТ

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга кайрадан суракка чакырылды. Экс-чиновник Бишкек ЖЭБин Кытайдан алынган 386 миллион долларга жаңылоо ишинин алкагында, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп тургандагы иштери үчүн суралууда. Тагыраагы, Исаков Ак үйдө турганда ЖЭБди модернизациялоодо иш аткаруучу катары Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо керектигин айтып ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин атына кызматтык кат жазган. Атамбаев ал каттын негизинде Энергетика жана Каржы министрликтерине тапшырма берип, аягында ТВЕА тандалган деп сөз болууда.

ЖЭБди жаңылоо ишин иликтеген депутаттык комиссия "Сапар Исаковдун жогорудагы каты ТВЕА компаниясынын тандалышына олуттуу таасир эткен" деп жарыялаган. Кыскача айтканда, депутаттык комиссия Исаковду «2013-жылы ТВЕА`нын кызыкчылыгын көздөгөн» деп сындап жатышат. Исаков президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары өз ыйгарым укуктарынын алкагында гана иш кылганын, экс-президенттин атына жазылган кат маалымат иретинде гана болуп, анда кайсы бир компанияны тандоо керектиги жөнүндө сөз жок экенин айтууда.

УКМКга суракка келген мурунку премьер-министр «саясий куугунтук жүрүп жатат» деди. "Алмазбек Шаршенович менен иштеген команда абдан таза иштеген, коррупция жок. Ошол команданын ичинде азыркы президент Жээнбеков да болгон. Ошондуктан ал киши деле өзү билет. Тергөө иштери саясат жок жүрүш керек, парламентте депутаттар өз иши, тергөөчүлөр өз иши менен алек болуш керек. Жалган жалаа менен күнөөлөгөн туура эмес. Ким күнөөлүү экенин сот чечет. Депутаттар акыйкат болсо, ЖЭБ боюнча кээ бир аттарды жашырбай баарын айтыш керек",- дейт нааразы болгон Исаков.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сапар Исаков: "Саясий куугунтук болуп жатат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан