Наталья Никитенко, депутат: «КЫТАЙ КРЕДИТИНЕ БАЙЛАНЫШКАН ИШТЕРДИН БАРДЫГЫ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ БАРЫП ТАКАЛЫП ЖАТАТ»

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко ЖЭБди жаңылоо иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эмне үчүн өкмөттүн ишине кийлигишкендигине жана министр Осмонбек Артыкбаевге тикелей буйрук бергендигине кызыкты. Буга чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ошол кездеги президенттин тапшырмасы келгенин жана анда Сапар Исаковдун колу бар экендигин билдирген.

«ЖЭБди модернизациялоо керектүү иш эле, бирок баалар бир нече эсе жогорулатылып көрсөтүлгөн. Максим Бакиев бул иш үчүн Кытайдан болгону 150 миллион гана сураган экен. Ал эми биз үстөк пайыздары менен 500 миллион доллар төлөшүбүз керек. Мага бул келишимде президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмү аралашканы түшүнүксүз болуп жатат. Бул жөн эле чарбалык келишим болгон. Эмне үчүн Атамбаев өкмөттүн ишине кийлигишкен жана ошол кездеги министр Осмонбек Артыкбаевге түздөн-түз буйрук берген? Тиешелүү адистер бул келишимге баа берип, анын коркунучу жана суверенитетти жоготууга жеткире турган кесепеттери бардыгын эскертишкен. Президент аларды уккан эмес. Иликтөөнү мындан да тереңирээк кылыш керек»,- дейт депутат.

Сапар Исаков "Бул келишим чарбалык эмес, эл аралык болгон жана президенттин аппараты Си Цзиньпин менен жолугууну даярдаган. Бул келишимди ишке ашыруу үчүн мониторинг кылып, саясий документтер даярдалган" деп жооп кайтарды.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан