БИР БҮРКҮМ. ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫ 10-СЕНТЯБРГА ЖЫЛАБЫ?
Укук коргоочу ЧОЛПОН ЖАКУПОВАнын экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулган доосун төлөө үчүн Ысык-Көлдөгү коттеджинин сатыкка коюлушун Жогорку Сот "кайра каралсын" деп артка кайтарды.
«Учурда КАМАКТА ОТУРГАН саясатчыларга карата эң туура чечим – президенттин ырайым кылуусу». Бул пикирди Бишкекте өткөн форумда экс-премьер Феликс Кулов билдирди.
ОКУУ ЖЫЛЫНЫН башталышы 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдырылышы мүмкүн. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Белгилүү спортчу КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти, Ош аэропортунун милициясынын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаев вице-президенти болуп дайындалды.
Аида Салянованын ордуна ГҮЛНАРА-КЛАРА САМАТ парламентке депутат болуп, 17-майда ант берди.
Өлкөгө алынып келинген автоунааларды КАТТОО МӨӨНӨТҮН 5 күндөн 10 күнгө узартуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент комитети 3-окууда жактырды.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 62 МИҢ ОКУУЧУ мектепти аяктайт.
Футбол боюнча ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ учурунда Орусияда мигранттардын каттоого туруу мөөнөтү 1 күндөн 3 күнгө узартылды.
16-майда «200 миң доллар пара алган» деп шектелип кармалган Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси УЛАН ЧАЛБАЕВдин ордуна КУМАРБЕК ТОКТАКУНОВ дайындалды.
Кыргыз өлкөсүнүн 8 жараны Түркияда СОЙКУЛУККА АЙЫПТАЛЫП, өлкөдөн чыгарылды.
Энелер күнүнө карата жети жана андан көп баланы тарбиялап өстүргөн 1354 аял «БААТЫР ЭНЕ» ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял «ЭНЕ ДАҢКЫ» медалы менен сыйланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.