Үлгүсү – Toyotа Highlander
Өлкөсү – Япония
Чыккан жылы – 2002-жыл
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3000 сантиметр куб
Түсү – Күмүш түстө
Баасы – 17 миң АКШ доллары
Элибиздин сүйүктүү ырчысы Шахра Талипова учурда Жалал-Абад шаарында жашап, Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда эмгектенет. «Жалал-Абаддын элине көнүп калгам, жумушумдан кете албай ушул шаарда жүрө берем»,- деген ырчы айым бизге алдындагы темир тулпары тууралуу маек куруп берди.
– Шахра эже, саламатсызбы? Жакшы унаа айдайт экенсиз, качан алдыңыз эле?
– Бул темир тулпарды 7 жыл мурда балдарым менен базарга барып өзүм жактырып, тандап алгам. Ал кезде унаа кымбат болчу, баасы 17 миң долларды чапчыган. Буга чейин Мерседес, Жигули 07 айдагандыктан бат эле көнүп кеттим.
– Демек, автоунаанын коробкасы автомат болобу, механикабы айдай берет экенсиз да?
– Ооба, мага айырмасы жок, экөөнү тең жакшы айдайм. 20 жылдан бери рулда жүрүп тажрыйбалуу эле айдоочу болуп калдым. Автомат коробка жакшы экен да, бир кол менен бир бутту гана иштетип ойноп айдап кете берет экенсиң.
Эсимде, автомектепти 3 ай окуп бүтүп, айдоочулук күбөлүктү колго алгандан кийин Жигулим менен көчөгө чыктым. Жалал-Абаддын ичи болчу, жакшы эле айдап келип, жол чырактын кызылы күйгөндө токтодум. Оюмда жашыл күйгөндө жолумду улантам деп сцеплениени басып, бирге салууга камданып турам. Анан жашыл күйөрү менен бир аз жылып барып эки жолдун кесилишине жетип токтоп калбадымбы. От алдырайын десем болбойт, ошол жерде тура бердим. Жаңы айдап жаткандан кийин аварийка жандырыш керек экенин деле билбептирмин. Анан унаадан түштүм да, мени күтүп сигнал басып жаткан айдоочуларга карап туруп «эй, өтүп кеткиле, өтүп кеткиле» дедим. Тердеп да кеттим. Мени көргөн эл болсо күлүп жатышат. Анан Кудай жалгап МАИ кызматкери келип калды. «Эми эмне кылсаң өзүң бил, биринчи жолу айдап чыктым эле» десем, «ий эже, Кудай сактаптыр, дагы жакшы машинаңыз эч нерсе болбоптур» деп жолдун четине айдап чыгып койду. Анан ал мага сцеплениени басып, бирге салгандан кийин газды катуураак тебе бериш керек экенин түшүндүрдү. Ошол МАИчинин айтканынан кийин ара жолдо өчүп калбай жакшы айдап кеттим.
Ал Жигулим менен өлкөнү түрө кыдырып кетип калчумун. Жаш экенмин, ыңгайы келгенде башка айдоочулар менен жолдо жарышып да койчумун.
– Азыр деле МАИчилер сизди дароо эле таанышса керек?
– МАИ кызматкерлери мени дээрлик токтотпойт. Жалал-Абаддабы, Бишкектеби дайыма «сиздин ден соолугуңуз керек, жакшы жүрүңүз, ак жол» деп узатып коюшат. Кээде «эже, бизден эмне кызмат керек?» деп калышат, а мен «ой айланайын, ден соолукта, аман болгула» деп тилегимди айтып кетип калам. Кыскасы, алар мени, мен аларды сыйлайм.
– Көпчүлүк темир тулпардын өзүнө тиешелүү «мүнөзү» болот эмеспи. Сиздин унааңыз да «кыялын көрсөтүп» калабы?
– Ооба, кээде «кыялы» кармап түтүн чыгып калмайы бар. Бирок токтоп турган абалда газды басып-басып койсом оңолуп калат.
– Машинаңыздын абалына караганда ага өзгөчө мамиле кылат окшойсуз?
– Ооба, салонду таза кармап, майын тез-тез алмаштырып, фильтрин убагында тазалатып, дөңгөлөктөрүн текшертип турам. Анан күйүүчү майдын да сапатына көңүл буруп, жакшы жерден куйдурам.
– Эже, өнөр адамы болгондон кийин алыс жолго көп чыгасыз. Узакка чыкканда ыңгайсыздык жаралган учур болду беле?
– Мен узун жол, тыгын жол деп бөлбөйм. Кайда болсо деле кете берем. Бала-чакам Бишкекте болгондуктан борборго бат-бат барып турам. Жумушка барсам да, эс алууга чыксам да керектүү буюмдарды дайыма жаныма салып жүрөм. Мисалы, Суусамырга эс алууга барсам, уктаганга ыңгайлуу жер жок болсо, жаныма салып жүргөн жууркан-жаздыгымды жазданып унаага эле жатып алам. Андан тышкары илгичке илип туруп сахнанын формаларын, жайкы, кышкы кийимдерди, ал тургай купальниктен бери салып алам. Жөнөкөй сөз менен айтканда, машинам экинчи үйүм болуп калды.
– Жолуңуз дайым ачык болсун, маегиңиз үчүн рахмат.
Алтынай Тынышова
star@super.kg