Ырчы Нурмат Садыров баш калаабызда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү үй алып, апасына белек кылган. Бул ирет ошол үйгө "саякатка" бардык.
– Мурда батирде жашап, кафелерден тамак иччү элем. Эми жакшы болду, өз үйүмдө жашап, апамдын колунан тамак ичип, батир менен кафеге корогон акчага муздаткычты толтуруп жатам.
– Бул конок бөлмө. Өтө деле чоң эмес, бирок туугандар, достор келгенде отуруп, баарлашканга ыңгайлуу бөлмө.
– Уктоочу бөлмө – менин бөлмөм. Ушул жерден сыналгы көрөм, интернет менен алаксыйм. Бош убактымда чыгармачылык менен алектенип, жаңы идеялардын үстүнөн иштейм.
– Алган сыйлыктарым, наамдарым ушул жерден орун алган. Дагы бир топ сыйлыктарым бар, сандыкта катылуу.
– Гардеробумда 50дөй сахна кийимдерим бар. Алардын эң кымбатын 50 миң сомго тиктиргем.
ЧАЙ МАЕК
«Нурматым келинчек алып келип, дагы бир сюрприз жасаса деп күтүп жүрөм»
Үйдүн тарыхын ырчы өзү айтып берсин:
– Нурмат, үй алууга көптөн бери камынып жүрөт белең?
– Апам «Акчаңды ыгы жок чачпай чогултсаң жакшы болмок. Үй алмаксың» деп айта берчү. Үйдөгүлөргө, апама айтпай 1 жылдай акча чогултуп жүргөм. Маңдай терим менен тапкан акчама 2 бөлмөлүү даяр үйдү 2018-жылдын март айында сатып алдым. Баасы 43 миң доллар болду. Чынын айтыш керек, бул үйдү алууга «Торгоюмдун» салымы чоң, тойлордо ырдап тапкан акчама алдым. Үйдүн мага чейинки кожойкеси Ак үйдө иштеген эже экен. Ал «Мен да ушул үйдөн ийгиликтерге жетип, мындан чоң башка ак өргөөгө көчүп баратам. Сен да ийгиликтерге жет» деп көп буюмдарын ырымдап, белек кылып калтырып кетти. Досторум менен чогуу барып терезе парда, палас сыяктуу анча-мынча буюмдарды алып келип түнү бою жасап, эртеси, 2-апрель күнү апама сюрприз кылдык.
– Бул үйдө кимдер жашайсыңар?
– Үйдө мен, апам, эжем, жездем жана алардын балдары болуп чогуу жашайбыз. Улуу агаларым көп жылдан бери борбордо турушат, бардыгы үйлүү-жайлуу. Апам мурда алардыкында жашачу эле, эми жанымда болуп, мага күндө майрам. Мурда батирде жашап, гастроль, той деп жүрүп мен дагы апамдын жанында көп турчу эмесмин. Эми жанындамын, неберелери учурашканы келип турушат, айтор, апамдын маанайы мурункуга салыштырмалуу жакшы болуп калды. Бул үйдү апама белек кылып калтырып, өзүм болсо башка жактан жер тилкесин алгам, ошол жакка жер үй салам деген ниеттерим бар.
Ырчынын апасы Базаркан Тажыбаеваны да кепке тарттык:
– Саламатсызбы, уулуңуздун мындай сюрпризи кандай сезимдерге туш кылды?
– Ошол күнү уул-келиндерим "Нурмат сизди кафеге чакырып, сүйлөшкөн кызы менен тааныштырат экен" дешкенинен кооз кийинип алып, койкоюп келатам. Анан эле көп кабаттуу бир үйгө алып барышты. Нурматым күлүп-жайнап эшикти ачып «Апа, үйүңүз кут болсун!» деп тосуп алды. Уулумдун бул белегин укканда аябай толкунданып, сүйүндүм. Дайыма «сюрприз» кылганды жактырат. Эми келинчек алып келип мени кубантса экен деп, дагы бир «сюрпризин» күтүп жүрөм. Кээде ыр жазып калам. Азыр силер келгенде да толкунданып, эргүү келип уулума арнап ыр жаза койдум. Анда окуп берейин:
Нурматым менин кымбатым,
Кудайым берген чоң бактым.
Тамшантып элди жүрө бер,
Ташкындай берсин талантың.
Токтогулдун торгою болуп аталып,
Сабалап бийик уча бер,
Талбасын эч бир канатың.
Тилегиң Кудай берсе экен,
Өмүрүң узун болсо экен.
Жакшы бир жанга туш болуп,
Бакыттын кушу консо экен.