16-май күнү SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу ырчы Клара Алибекова болду.
Окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып ырчы тартип сакчылары менен болгон окуяга токтолуп өттү. Эсиңиздерде болсо, түн ичинде милиция кызматкери Клара Алибекованы мазактап видеого тартып, аны интернетке чыгарып салган.
"Тартип сакчылары менен болгон окуя мени стресске алып келди. Ал эми мага туура эмес мамиле кылгандар өзүнүн жазасын алган жок. "Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей эле болуп калды" деп билдирди ырчы.