КОЙ (21.03-20.04)
Аптада өз алдыңызча купуя аракеттенесиз. Мунуңуз туура, анткени жакшы ийгиликтерге жетишесиз. Колуңузга акча тийиши мүмкүн. Курч мүнөздү көрсөтпөсөңүз кошуна, туугандар тараптан колдоого ээ болосуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дос, өнөктөштөр тараптан сунуштар түшөт. Жагымдуу сүйлөшүүлөр да жүрөт. Жубайыңыз экөөңүздөрдүн ортодогу жылуу мамиле сакталат. Эскертип кетчү нерсе, алдыдагы бир ай каржы жаатында ийгиликти камсыздайт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Убакытты созбой аракетти тездетиңиз. Ыңгайлуу убак. Жумушсуз жүрсөңүз жумушка орношосуз, иштеп жаткан болсоңуз, анда кызмат ордунан бир тепкич жогорулай аласыз. Ден соолукту чыңдоо, медициналык кароодон өтүү үчүн да жагымдуу мезгил.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чыгармачылыкка да, эс алууга да убакыт бөлөсүз. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Алыскы шаарда жашаган балдарыңыз келет же сиз аларга барасыз. Алыскы сапарга чыксаңыз башка шаардыктар, көзөмөл органдарынан сак болуңуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Үй-чарба маселелери сиз ойлогондой чечилет. Жер тилкесин же үй алуу, жасалгалоо иштери алгылыктуу жүрөт. Колуңузга акча тиет. Туугандар менен жакшы тил табышасыз. Алар жана ата-эне тараптан колдоолор болот. Жакын санаалаштар менен жагымдуу сүйлөшөсүз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада жакшы кабар угасыз. Бир туугандар, тааныштар менен алака жакшырат. Документ, иш кагаздары, жол, унаа маселелери оң жагына чечилет. Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүп, сизди кызыктырган маселелерди чечүүгө аракеттениңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акчалуу болосуз. Акча табуу үчүн эч нерседен тайманбаңыз. Бирге иштешкендерге сылык мамиле жасаңыз. Ошондо алардан колдоо таап, идеяны ишке ашыра аласыз. Балдардын өнөктөштөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жеке иштериңиз жакшы нукка түшөт. Кадыр-баркыңыз жогорулайт. Ар тараптан ийгиликтер коштойт. Болгону адаттагы көктүгүңүздү ооздуктаңыз. Балдар, сүйүү, эс алуу жааты да четте калбайт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жабык типтеги же ири мекемелер менен чечкиндүү иш алып барууга туура келет. Айрым максаттар ишке ашат. Үй-чарба иштерине чоң жардамыңыз тиет. Эл менен камыр-жумур мамиледе болосуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Курбу, кесиптештер, айрым ишкана жетекчилери тараптан колдоолор болот. Алар менен биргеликте чечкиндүү кадамдарга барасыз. Сапарга чыгууга туура келсе кетенчиктебеңиз. Сапар ийгиликтүү өтөт. Жакшы кабар угуп, жакындарыңыздын сыйына татыйсыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчиликтин эшиктерин каккылап, айлык акы маселесин чечүүгө аракет кылыңыз. Жыйынтыгы кубантарлык болот. Аброюңуз көтөрүлөт. Сүйгөнүңүз, балдарыңыз кубаныч тартуулайт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Башка шаардык адамдар, дин өкүлдөрү, көзөмөл органдары менен жакшы маанайдагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Алар жана кайын журт тараптан колдоолор болот. Кадырыңыз жогорулап, иштериңиз алга жылат. Жакындарыңыздын сыйына татыйсыз.