Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Анара Акбаева: «КОШ БОЙЛУУМУН, ЖЕТЕЛЕГЕН 2 БАЛАМ МЕНЕН КӨЧӨДӨ КАЛДЫМ. ЖОЛДОШУМ БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ»

№812 25-май -31-май, 2018-ж.


Кош бойлуу жаш келин 2 баласы менен унаа оңдоочу жайдагы кичине бөлмөдө баш калкалап жатат. Бул чакан үй-бүлө күнүмдүк тамак-ашка, кийим-кечеге муктаж. Уулунун апасын карап, анын айтып жатканын түшүнгөндөй муңдуу көз карашы, оюнга алаксыбай ойлуу отурганын көрүп, жаш балдарды таттуу балалыгынан ажыратпасак, жашоонун түмөн түйшүгүнө эрте салбаганга аракет кылсак деген ой келди.

«КУРСАГЫМДА 5 АЙЛЫК НАРИСТЕМ БАР КЕЗДЕ КАТУУ САБАЛДЫМ»
Каарманыбыз оор тагдыры тууралуу оор үшкүрүнө сөз баштады:
-2009-жылы Беловодскто иштеп жүрүп Райымжан аттуу жигит менен таанышып калдым, экөөбүз бир жолу жолуккандан кийин эле мени ала качып кетти. Өзүм Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынан болом, Чүйдүн Беловодск айылына келин болуп бардым. Келин болуп баргандын эртеси эле жолдошум жаактан ары бир чапты. Бозоруп эле туруп калдым, «көйнөк үтүктөгөндү да билбейсиңби, жакасы калып калыптыр» деп ачууланды. «Келгениме 1 күн боло электе уруп баштасаң, келечегибиз эмне болот? Кеч боло электе кетейин» дедим. Райымжан «үй-бүлөдө мындай чырлар болуп турат. Кетпе, экинчи кайталанбайт» деп мени жоошутуп койду.
Көп өтпөй кош бойлуу болдум, 5 айлык курсагымда бар кезинде катуу сабалдым. Жолдошумдун достору менен конокко барган элек, өзүнүн эле досторунан кызганып алардын көзүнчө сабап салды. Балким, туугандарыбыз тарабынан «кой-ай» деп туура жол көрсөткөн адам болсо жакшы жашап кетмек белек? Бирок биздики тескерисинче болду. Жолдошумдун таежеси бар, ошол да экөөбүздүн ортобузга чок салды окшойт. Бир жолу ашканада таежеси, апасы, анан жолдошум болуп сүйлөшүп отурушуптур. Таежеси Райымжанга «майып немени эмне алдың? Ал сага аял болуп жыргатпайт» деп айтып жатыптыр, угуп аябай ыза болдум. Жолдошума айтсам «Унчукпа. Сени мен алдым, мени менен жашап жатасың» деп койду. Өзүм төрөлгөндөн эле бир жак капталым жакшы кыймылга келбейт, 2-топтогу майып катары жөлөк пул алчумун. Бирок күйөөгө тийгенден кийин жөлөк пулдан баш тартып койгом, анткени жолдошум «мен пенсионер аял менен жашабайм, баш тарт» дей берген.

«КЫЗЫҢДЫ ӨЛТҮРҮП КОЁ ЭЛЕКТЕ АЛЫП КЕТ» ДЕДИ»
-Өзүнчө жашайбыз деп кайненемден бөлүнүп, Сокулук айылына батирге чыктык. Бирок өзүнчө жашаганда деле жыргап кеткен жокпуз. 2010-жылы уулумду жарыкка алып келдим, жолдошумдун жини кармаганда баламды көтөрүп качам. Башында кошуналардыкына кирчүмүн, алар да бара-бара «жолдошуңдан коркобуз» деп киргизбей калышты. Андай күндөрү ар кайсы подъезддерге кирип түнөп чыгабыз.
Бир күнү кайненемдикине бардык. Баягы таежем экөө отурушкан экен. Жолдошум мени ашканага сүйрөп кирип эле «мына, силерге жакпаган келин, ушуга эле асыласыңар» деп мени тепкилеп кирди. Айнектерди чагып, өзүнүн да колун кескилеп, ортого түшкөн кайненеме да кол көтөрдү. Акыры кайненем менин апама «кызыңды өлтүрүп коё электе алып кет» деп телефон чалды эле, алар келип мени Жалал-Абадга алып кетишти. Ал жакта деле көпкө жүрө албай, кайра жолдошумдун жанына келе бердим.

«ИЧЕР СУУМ ТҮГӨНӨ ЭЛЕК ОКШОЙТ, АМАН КАЛДЫМ»
-2014-жылы кызыбыз жарыкка келгенде Райымжан аябай сүйүнгөн. 2-3 ай мени жакшы карады, кол көтөргөн жок. Ии, жашообуз оңолот экен деп сүйүнүп алгам. Бирок көнгөн адат калбайт экен. Кетип калат, эки-үч күндөп келбейт. Келсе да сабайт. Анан иштеп келем деп Орусияга кетти. Анда-санда акча салып турчу, кийин такыр эле салбай калды. Балдарым ачка болгонунан талаага чыгып, дунгандарга жалданып иштей баштадым. Балдарым үйдө жалгыз калышат, кээде кайненем келип карайт.
Бир жолу жумуштан жарым саат кечигип калсам кайненем «сен көрүнгөн менен жүрөсүң» деп каргап-шиледи. «Апа, мени менен иштегендердин баары аялдар. Ишенбесеңиз мени менен кошо барып келиңиз» десем, «сен алдын ала алар менен сүйлөшүп койгонсуң да» деп ишенбейт. Кыйналганымды айтып бир тууган эжеме чалсам, ал «бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт. Өзүң чеч маселеңди» деп телефонун коюп койду. Жашагым келбей бычак алып айылдын четиндеги суунун жээгине бардым да, билегимди кестим... Мени бир кичинекей кыз көрүп калыптыр. Көзүм тумандап баратканымды билем, эсиме келсем үйдө жатыптырмын. Ичер суум түгөнө элек окшойт, аман калдым. Кайненем жанымда экен, экөөбүз бири-бирибизден кечирим сурадык.

«ТАГДЫРЫМА БАШЫНАН ТАЯК КЕТПЕЙТ ДЕП ЖАЗЫЛГАН ОКШОЙТ»
-Бир күнү жолдошум эскертпестен эле келип калды. Талаада элем, чогуу иштеген кыздар бирдик калбай калганда бири-бирибиздин телефонубузду алып чалчубуз да. Райымжан келип менин телефонумду кармап турган маалда бир жигит чалып чогуу иштеген кызды сураптыр. Болду, балээге калдым. Башка кызды сураганына ишенген жок, жолдошума «груша» болдум. Менин жашоом тирүү калуу үчүн күрөш менен өтүп калды.
Жалал-Абадга кетип калдым. Бирок барганда деле жыргабасымды билчүмүн, анткени атам да ичип алып, апамды баш кылып балдарына да кол көтөрөт. Бир туруп тагдырыма «төрөлгөндөн эле башынан таяк кетпейт» деп жазылган окшойт деп ойлоп коём. Кичинемде мени апамдын Өзбекстанда жашаган сиңдисине берип коюшкан. Өз апам карабаган, анын сиңдиси кантип карамак, болгон кордукту көрдүм, мектепке да барган жокмун. 15 жашымда гана ата-энемдин колуна келгем. Атамдын ичкичтиги, балдарына, аялына кол көтөргөндүгү менин жолдошума эстафета болуп өткөндөй. Өз үйүмө баргандан кийин атам мени эле эмес, баламды да ура баштаганынан апама айттым «апа, өлсөм сөөгүм жолдошумдукунан чыксын. Балам менин атамдан кордук көргүчө, өз атасынан көрсүн. Кыйналсам да кайра барайын» деп келе бердим.

«СЕНИ МЕНЕН АЖЫРАШАМ. ТАЛАК БЕРДИМ!»
-Кошуналарымдын баары билет менин кандай тозокто жашаганымды. «Кыйналбай кетип калбайсыңбы?» дешет. Айтканга оңой болгону менен, балдарым менен кайда батам? Үчүнчү ирет кош бойлуу болгонумда «бул жактан акча табуу кыйын болуп калды» деп Райымжан кайра Москвага кеткен. Бир күнү чалып «болду, сени менен ажырашам. Талак бердим!» деп телефонду коюп койду. Анан башка аял алганын айтып, аны менен түшкөн сүрөттөрүн жөнөтө баштады. Мен «ажырашсаң мейли, бирок балдарга 1000 сом болсо да салып турчу, кыйналып жатабыз» дедим. Кайдагы акча, кайра мени коркутуп жатат.
Кайненем да үйүнөн чыгарып салган. 2 баламды жетелеп талаада калдым. Алгач тааныштардыкына бардык, бир-эки күн тургандан кийин эле жумуштары бар экенин айтып үйдөн чыгарып коюшат. Күндүзү каралбай калган үйлөрдү издейм, кечкисин ошол жакка барып түнөйбүз. Өткөндө күндө жаан жаап жатты го, ошондо эптеп чатыры бар жай издеп калбадымбы. Күндүзү орус кошунабыз чакырып тамак берет, ага ыраазымын, көп жардам берди. Анан тааныштар айтып калышты, «ушундай кыйынчылыкка кабылган аялдар үчүн Бишкекте «Сезим» деген борбор бар. Ошол жакка кайрыл» деп. Ал борборго кайрылып, бир ай ошол жакта жашадым. Бир тааныш кыз автоунаа оңдоочу жайда администратор болуп иштейт экен, ал ошол жайдан бош бөлмө алып берип, учурда балдарым менен жашап жатам.

«КЕЛЕЧЕГИМДИ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»
-Паспорт алганыма аз эле жыл болду, аны да кайненем алып берген. Балдарымдын бирине да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Булар төрөлгөндө жолдошумдун да паспорту жок болчу. Балдарга документ алганга маани деле бербептирмин. Эми гана балдарыма документ алайын деп жатам. Кайненем «менин үйүмдөн каттоодон чык» дегенинен «каттоодон чыксам такыр эле талаада калам, чыкпайм» десем, мени сотко бериптир. Анын жыйынтыгы кандай чыгат билбейм.
Кош бойлуумун, колумда жетелеген эки балам менен көчөгө калтырып, жолдошум башкага үйлөнүп алды. Келечегимди элестете да албайм. Кайда барып жашайбыз? Балдарымдын курсагын кантип тойгузам, эмне кийим кийгизем? Ушундай жообу жок суроолор менен күнүм өтүүдө...

«АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮП АЛСА БОЛОТ»
Анара Акбаеванын маселеси боюнча юрист Калыйнур Батыралиевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Балдарды багууга жардам болуш үчүн мамлекеттен жөлөк пулдар каралган, алардын бири – «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу. Бул мамлекеттик жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Жөлөк пул алуу маселеси боюнча Социалдык фондго кайрылуу керек.
Муну менен катар эле жолдошунан алимент өндүрүү арызы менен сотко кайрылса болот, сот алимент өндүрүп берет.
Бул кадамдарга барыш үчүн, албетте, тиешелүү документтер: паспорту, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болуусу шарт.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(39)
29.05.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кундун тени жарык,тени карангы дегендей силерге да жаркырап тиер кун бар,Жараткандан жакшы тилек кылып балдарындын бактысын тилен. Сени балдарын менен ыйлатып талаага таштаган адамдар эч качан бактылуу омур суро албайт. Жараткан Озу жардам кылып коргоосуна алсын,жакшы кун алдыда жана болоруна толук ишен.
29.05.2018. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+17
Супер ушунча жазасынар анан байланышчу контактары мн бадырайтып жардам берууну каалаган адамга жакшы корунгудой кылып жазбайсынарбы кобунчо карасан жок же бир корунбогон жеринде адамдар аны издеп тапкыча унутулуп калат анан кайдан жардам? Ээн чон сураныч сиздерден .
29.05.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
06-05-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+8
0771557089 Анара Акбаева
29.05.2018. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+21
Ушундай тагдырына озу куноолуу!!!Биринчи куну урса,кетип калбайбы,кайра-кайра тороп еще,балдардын убалы кимге?Эми ар кимден жардам сурап.Мындай аялдар толтура.Откондо жургондагы бироо,6баласы баркен,куйоочу оло ичкич экен.Раз ошондоюн билсе,башында кетип калбайбы?Азыр жашаган жери жок,балдары окубаайт,кээде бир сындырым нан жебейт экен.Аялдар айланайындар,эч кимге ишенбегиле азыркы жашоодо,даже куйооно.Кимге ишенип ушунча чыдап еще торойсунор.
29.05.2018. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+9
Stervamyn,ошентсе болмок барганда эле урса үмүт кылып жашады дейли,1балалуу болгондо жашоосун жыйыштырып койсо болмок.Өзүнүн башы мн бир баласын гүлдөй кылып багып алмак.
29.05.2018. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+1
Stervamyn,каяка кетет ? Барчу жери жок экен. Боюнда да болуп калыптыр.
30.05.2018. 01:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
17-05-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,А эми каяка барат? Азыр деле барчу жери жок болуп жатпайбы
30.05.2018. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 01:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Stervamyn, сен андай дегенин менен тагдыр. Насип деген нерсе бар. Буйруп койгон тагдырдан качып тюкутула албайсын. Кудайга шугур. Боюнда бар туруп эх аябай кыйналып аткан экен. Озу жакшынакай эже экен го. Неси болсо да. Кудай озу туйгон туйунун озу чечсин. Эсен аман 2болунуп алсын. Жардам берели кыргыз калкым. Ошто болгондо барат элем. Бишкекке озум да шартым жок ачыгы
31.05.2018. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
30-08-2018 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Stervamyn,эч кимге ишенбей эмне турмушка чыкпай журобересинби булда болсо пешенеге жазганы
02.06.2018. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
09-04-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:30
Жынысы:
Белгисиз
+5
Stervamyn,кетип калбайбы башында деп айтууга оной.Бизде кыздардын меелерине куюшатко эрге тийгенден кийин чыдап жашаш керек деп.Чыдап жашап журо беришет.Же бир этек бала менен кочодо калышат.Же келтектен олуп тынышат байкуш аялдар.Кайын эне,кайын журтту тартипке чакырган бир уюм ачыш керек болуп калды.Келинди кулдай корбой мамиле кылгыла деп угуттогон.Же кыздар учун мектеп ачыш керек,кайын журттун каарынан коргонушту,ответ беришти уйрото турган.Башка айла жок.
29.05.2018. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
-1
элдердин ан сезимин дуйно тушунугун озгортуп акыл эсин онуктуруу кк. Жетишпеген жашоо адамдын озунон ден соолук мн кары картан же жаш бала болбосо. Кээ бирлердин ойлогондорун коруп тан калам. Бирок бул эжеге критикам жок азыр кыйын турмушта экен. Башында эле кетсе болмок.
29.05.2018. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эхх башында кетип калбайт белен дейсинер, байкуш каяка барат? Куйоодон чыгыптыр деген соз жаман биринчиден, экинчиден атасы да ичип кол которсо, оз уйум олон тошогум деп келдида балким жакшы жака озгороор деп жакшылыктан умут кылып. Бул да болсо Аллахтын сыноосу деп бил, буюрса баары жакшы болот, жакшылыктан умут узбо, олом деп да ойлонбо балдарыны кимге ишенип таштап олгон аттын билбейм. Аллах сабыр берсин, жакшы кундорду насип эткен болсун!
29.05.2018. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
25-01-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 12:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Shaa-82,капа болбонго азыр каяка барат кимден уялат ошол маалда кетсе женилирек болмок
29.05.2018. 12:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-02-2018
Соӊку аракети:
02-06-2018 18:38
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул нерсенин баарына аялдын сабатсыздыгы деп ойлойм,мектепке да барбаптыр жадакалса.Эми сизге бир гана сабыр керек балдарынызды бутка тургузун. Экинчи жолу турмуш курууга да шашпан. Азыр эрекектерге ишенбеш керек.
29.05.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
296
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
Документ алганга маани бериш керек, балдардын келечеги эмне болот эми?
29.05.2018. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 03:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+5
Элден айланса болот , кийинги санында боорукер адамдар жардам берди деп окуп калайлы. Эми а бу дегенибиз менен эки бала бар , бул жагына аракет кылып жакшы жашоого умтулгула, эртен эле дагы бирооду суйуп калып тороп алып ал бобок дагы онду кун корбой оспосун .
29.05.2018. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+31
Ушундай эркектерге мыйзам чыксын,урматтуу мурду кызыл депутаттар!
Качанга чейин эле Талак деп басып кетишет? Анда неге алып качышат?
Силер неге аппак кагазга ×××аарчып,кычыраган креслодо отурасынар?
ЭЛ ОКУЛУ деген создун маанисин билесинерби?!
Кыздар "чет жерге тийбесин"- деп куру кыйкырган патриоттор кайда?!
Россияда эле экен го куйоо сорой,таап жыланачтап,ар ким менен жатып акча чачпай,балдарынды бакпайсынбы деп сабап,кыргыз кыздарына куйгуло!
jai түзөттү 2018-05-29 12:44:31
29.05.2018. 14:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-04-2018
Соӊку аракети:
04-07-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+30
Оа патриот жигиттерибиз кайда?? Аялдарга эле онорун коргозбой ушинтип башка шаарга барып уйлонуп алган эркектерди деле сабабайсынарбы кыйынсынбай???
29.05.2018. 14:59 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-04-2018
Соӊку аракети:
04-07-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алдагы депутатар да бир жолу отурган креслосун былчытып жаны кресло ала бербей,ушундайларга жардам бербейби
29.05.2018. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+11
Эркектерге жашоо оной болуп калды. «талак!» десе эле болду. Проблемасы чечилет. Анан кааласа ойнойт,кааласы жапжаны аял алып алат. А аял байкуш озун эптей албай, же балдарын бага албай, «бир эрден чыккан» деген статуска ээ болуп кала берет. Уй було Мыйзамы чыгыш керек. Жазага тартылышы керек.
29.05.2018. 22:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
09-02-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чуй
+23
Кана соопко,мусулманчылыкка жашынып алып жапжаш кыздарды,же иштеп жанын багып жургон турциядагы келиндерди шынаарлап токолдукка алып аткан эркек соройлор??!!
Сооп алгынар келсе ушундай жетим жесирди албайсынарбы токолдукка.
Колунардан келбеейт,себеби силер токол деп суусаганынардын максаты оз кызыкчылыгынарда.
29.05.2018. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
+10
g.roza,Азаматсыз! Кошулам. Токол алам дегендер барбы? Ошолор чыксынчы, мындайда ундору дагы чыкпай калат.
30.05.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-06-2017
Соӊку аракети:
29-08-2018 00:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Snejana,
01.06.2018. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Snejana,токол алгычтар сулуу,жаш баласы жок,Туркияда иштеп акча тапканды алат
30.05.2018. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ushunchalik karangi adamdar bar ,kuioosunun keipin korup emnege kaira kaira kelip toroit emi mintip jardam surap oturat
30.05.2018. 03:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
14-08-2018 11:51
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир жакшына аялы балдары бар туруп башкага уйлонгон эркеке тан каласын, тооба кылалы эркектер! Куйоосу москвада болсо аты жонун айтса болмок, корсотуп коймокбуз эсине келтирип акмакты! Сабыр кыл карындаш бааоы убактылуу, кыйынчылыктын артында жыргалчылык болот
30.05.2018. 07:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
08-08-2018 10:22
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сабыр кыл карындашым, админ эгерде күйөсүнүн номерин таап жазсаңыздар, балким аны таап сүйлөшүп көрөт элек көнбөсө анан башкача сүйлөшмөкпүз, жок дегенде жеп ичкенине акчс салатурган кылатбелек.
30.05.2018. 08:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+9
Күйөөсүнүн мүнөзүн билип туруп эле боюнда кыла бербей сактанбайбы. Өзүнүн караңгылыгы күнөөлүү. Неге урасын, көчөдө калган жетим кыз бекенмин деп катуу туруш керек. Нымтырап, бараар жерим жок деп башты жерге салган сайын эркек оолуга берет.
03.06.2018. 03:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Supsuluu,эмне баарынар балдарды торогонуно асылсасынар балдар чоноет,ошо балдар багат эжени буйруса, балдарым бар бактым бар деген кудай бала берсе ырыскысы мн берет же оз тамак аш мн келет, четтен чыкты жардам берем дегендер тороп кичинекейин чонойтуп алса,иштей берет балдар чоноет Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет??? Торогонуно асылбай жардам берсек берели, Кыргызстандын роддомдорунда озбек тажик толтура тороп кобойуп жатат, булда кыргыздын санын кобойтту . жакшы дуба кылалы балдарга
30.05.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-01-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келгиле мусулман бир туугандар ыйык рамазан айында чогулуп жардам берели эн чоон сооп болсо керек,урматтуу админ дарегин жазып койсонор жакшы болот эле колубуздан келишинче жардам кылалы
30.05.2018. 10:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+5
kairan_ozum, Анара Акбаева менен байланышуу үчүн номер: 0771557089
30.05.2018. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-01-2018
Соӊку аракети:
06-09-2018 01:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин мамлекеттеда мыйзам чыкса экен ажырашса мал мүлкүн канча баласы бар болсо тен бөлүп аялына да бөлүп анан ажырашса. Үч сөздү айтса бүттү ажырашты аялынан балдарынан кутулуп билгенин кылып жүрүшөт. Ушул темпте кетсе аялдарыбызды кыздарыбызды сыйлоо денгелибиз төмөндөп баратат. Аталар кантип өз балдарынан баш тартат. Биздин мамлекетте мыйзамдын алсыздыгы уйбулөдө начар тарбия берилип жатканы. Кантип өз неберелеринен баш тартышат. Бул акмакчылык.
30.05.2018. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
09-11-2013
Соӊку аракети:
05-09-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куйоосунун фамилия атын жазып койгула москвада жургон кыргыз балдар барып суйлошушсун
30.05.2018. 21:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 03:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отуруп алып ар нерсени айта беребиз да озубуздун башыбызга келбегенден кийин.Андан коро келгиле куттуу орозо айында наристелер учун бир аздан болсо да жардам кылалы. Коп тукурсо кол болот, колдон келишинче акчадан кайрылышсак жакшыраак батирге чыгып алышаар.Кичинекей балдарга журогум оооруп атат алардын куноосу эмне?
30.05.2018. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
30-08-2018 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээй Алла канчалаган адамдар кыйналып жатат.Эмне дейбиз эми тагдыр деген менен тагдырды да озубуз кылабыз,мейли ажырашпасын бирок бирди торогондон кийин эле сактанып турсан болмок спираль деген бар.
01.06.2018. 01:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
+996771557089 Анара Акбаеванын номери.Кыргызым жардам кылайлы! Орозонор кабыл болсун!
03.06.2018. 08:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул Кыз менин кошунам болуп Бир аз жашаган жакшы эле тааныйм жакшы эле Кыз Бир айыбы эркектерге жакыныраак болчу мумкун куйоосунон корбогон жылуулукту башкалардан издоочубу айтор билбейм атасы аябай коп ичет Бир туугандары деле мактай турган адамдар эмес 90 жылкы и 96 жылкы инилери бар эжесин кор кылбай карап алса болмок бирок бири бирине куйуму жок негизи бул кыздын Оз уйбулосу жонундо айтсан Бир драма анан мындай чыр семьянын кызын Ким токол кылып алгысы келет урматуу айымдар
03.06.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Айланайын кыргыз аялзаты,үйдөн кете турган эркекти бала м-н кармап кала албайсыңар!Аягы минтип эле өзүңөргө түшкөн түйшүк.Москвада жүргөн кыргыздар бул күйөө сөрөйдү таанып-билсеңер, уяткарып эсине келтирип койсоңор чоң соопко калаар элеңер. Эки эси жоктон жарык дүйнөгө келген Балдарда эмне күнөө?
16.06.2018. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
04-07-2012
Соӊку аракети:
19-06-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы урматтуу кыргыз элим! Бул кызыбыз чындыгында жардамга аябай муктаж экен, жогорудагы номер аркылуу суйлоштум. Жакында торойт бараарга жери жок экен, боорукер мусулман Бир тууганым келгиле колубуздан келген жардамыбызды аябайлы. Номерин дагы Бир жолу жазып коеюн 0771557089. Картасынын номери 50542701205135ь2 Акбаева Анара
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: