КОЙ (21.03-20.04)
Апта негизинен жаман эмес. Максаттарга талыкпастан умтула бериңиз, жеңиш сиз тарапта. Кошуналар жана жакындарыңыз менен көп алака жасайсыз. Окууга, документтерди бүтүрүүгө чуркайсыз. Сапарга чыгууңуз же кабар угууңуз да мүмкүн.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакшы ийгиликтердин болуусу үчүн чөйрөдөгүлөр, туугандар менен тыгыз мамиледе болуңуз. Каржыны көбөйтүүгө көбүрөөк көңүл бөлүү керектелет. Жакшыраак аракеттенсеңиз ири суммадагы акча колго тиет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушта жетекчилик жактан колдоолор болуп жатса манчыркап жатып албаңыз, аракетти токтотпоңуз. Сырткы келбетке, кийинүү стилине да жакшы көңүл бөлүңүз. Себеби сиз бул аптада көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Кадыр-баркыңыз жогорулайт.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алгылыктуу иштериңиз бул аптада да уланат. Ийгиликтер негизинен өзүңүзгө болгон ишеничтен көз каранды. Өз алдынча аракеттерди көп жасаңыз. Жабык типтеги мекемелер менен иш алып барууга жагымдуу мезгил.АРСТАН (23.07-23.08)
Акыркы убакта жасап жаткан иштериңизге баа берчү мезгил келди. Жыйынтыгы кубантарлык болот. Алдыда жаңы иштер күтүлүүдө. Курбу, кесиптештер менен чогуу чоң иштерди алып барууга аргасыз болосуз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада көп аракеттерди жасап, жасаган иштериңизден эргүү аласыз. Сүйлөшүүлөр көп болот. Жакындарыңыз моралдык колдоо көрсөтүшөт. Жогорку даражадагы адамдар менен жакшы тил табышасыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өткөн жумада башталган иштерди жарым жолдо токтотпой, андан ары улаңыз. Чечкиндүүлүктү көрсөтүңүз. Башка шаардык адамдар, дин, өкмөт өкүлдөрү тараптан колдоолор болот.ЧАЯН (24.10-22.11)
Капчыгыңызды даярдаңыз. Колуңузга акча тиет. Акча табуу жана көбөйтүү жаатында сүйлөшүүлөр да жүрөт. Келечекке пландарды куруңуз. Көздөгөн ой-максаттарды ишке ашырууга көп аракет жумшаңыз. Натыйжасы жаман болбойт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди бул аптада таанышуулар күтөт. Эл менен жакшы алакада болосуз. Сизден талап: оюңузду тартынбай билдирүүгө аракет жасаңыз. Кимдер жана кайсы ишканалар менен чогуу иш алып барсаңыз да ийгиликтер күтөт.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумушка, ден соолукка көңүл буруу ойдогудай жүрөт. Кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз. Баарлашуу, пикир алышуулар көп болот. Мал күтүү, кароо, алардын башын көбөйтүү маселесин чечүүңүз керектелет. Карыз маселеси козголот.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Негизги ой-максаттарды орундатууга киришесиз. Анын ишке ашышы үчүн жогорку кызматтагы адамдарга кайрылганыңыз оң. Узак мөөнөттүү пландарды күн тартибине киргизиңиз. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат.БАЛЫК (20.02-20.03)
Үйүңүзгө конок келет. Жагымдуу сүйлөшүүлөр, диспуттар жүрөт. Ата-эне, туугандар менен да баарлашуулар болот. Телевизор, компьютер же чөнтөк телефонун сатып алууңуз ыктымал. Китеп, канцеляриялык буюмдарды да алууга туура келет.