КЫТАЙГА БОЛГОН КАРЫЗ ӨСҮҮДӨ

Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы жыл сайын өсүүдө. Учурда биздин мамлекет жалпы 23 өлкө жана эл аралык уюмдарга 3 миллиард 899 миллион доллар карыз. Эң көп карыз алган өлкөлөрдүн сап башында Кытай турат.

КАРЫЗ ЭСЕБИ КАНЧА?

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 2018-жылдын 31-мартына карата 3 миллиард 899 миллион АКШ долларын же болбосо 266 миллиард 818 миллион сомду түзөт. Учурда Кыргыз өлкөсү 23 мамлекет жана эл аралык уюмдарга карыз. Ал эми ички карыз 526 миллион долларды түзөт. Тышкы жана ички карызды кошкондо жалпы карыз 4 миллиард 425 миллион доллар же болбосо 302 миллиард 858 миллион сом.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик карыздын өлчөмү ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 60 пайызынан ашпашы керек. Учурда Каржы министрлигинин 2018-жылга карата божомолдору боюнча, бул карыз ички дүң продукциябыздын 58 пайызын түзүшү мүмкүн. Коңшу өлкөлөр менен салыштырсак, Кыргыз өлкөсүнүн карызынын өлчөмү ички дүң продукциясынын көлөмүнө карата пайыздык көрсөткүчү боюнча эң жогору.

КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ЭҢ КӨП КАРЫЗ АЛГАН НЕГИЗГИ УЮМДАР:


ТЫШКЫ КАРЫЗДЫН ИДПНЫН КӨЛӨМҮНӨ БОЛГОН ПАЙЫЗДЫК КӨРСӨТКҮЧҮ:


КЫТАЙДЫН КАРЫЗЫНА БАТЫП БАРАТКАН ӨЛКӨ
Кыргыз өлкөсү Кытайдын Экспорт-Импорт Банкынан эң көп карыз алган. Биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызы жалпы тышкы карыздын дээрлик 41 пайызын түзөт.

Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, аталган банктан алгачкы жолу 1992-жылы 5 миллион доллар насыя алынган. 2010-жылга карата карыз 150 миллион долларды түзгөн. Учурдагы Кытайдан алынган негизги насыялар Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууга 850 миллион доллар, «Датка-Кемин» долбооруна 389 миллион доллар, чуу жараткан ЖЭБдин жаңылануусуна 386 миллион доллар жана башкаларга керектелген.

Быйылкы жылдын март айында глобалдык экономиканы саресеп кылган «Quartz» журналы Кытайга белчесинен карызга батып бараткан 8 өлкөнү жарыялаган. Лаос, Жибути, Мальдив аралдары, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин катарында Кыргыз өлкөсү да бар. Учурдагы Кытайга болгон карыздын келишимине ылайык, кыргыз тарап эл аралык сотко кайрылуу укугуна ээ эмес. Тактап айтканда, бул маселе боюнча суроолор жаралса сотко даттануу мүмкүн болбойт.

«БИР ӨЛКӨДӨН ИРИ СУММАДАГЫ КАРАЖАТТЫ КАРЫЗГА АЛУУ КОРКУНУЧ ЖАРАТАТ»

Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер, экономика боюнча эксперт:

– Карыздын көп же аз, керек же керек эмес дегенин бир сөз менен жооп бергенге болбойт. Биринчиден, карыз мамлекеттин чечими, канчалык ИДПнын көлөмүн же пайызын түзөт деген суроолорду карайт. Коюлган чектен ашпашы керек. Экинчиден, улуттук коопсуздук үчүн карыздар кимден алынган деген суроону карайт. Карызы көп деп АКШны такай мисал келтиришет (ред.: жалпы мамлекеттик карызы 21 триллион доллар). Бирок бул өлкө ички экономикалык субъекттерден алган карызы көп. Алар бир гана өлкөдөн көп карыз алган эмес. Ошондуктан карыздар кайсы ресурстардан алынган, эгерде күтүлбөгөн кырдаалдар чыгып кетсе кимден көз каранды болот дегенге көңүл буруш керек. Биз өтө көп карызды күчтүү, биз менен чек арасы бар мамлекеттен алып койдук. Бул коркунучтуу. Чек арасы чектешкен бир өлкөдөн карыз алганда коркунуч көбөйөт, анткени биздин мамлекетке басым кылуу кызыкчылыгы көбүрөөк болот. Ошон үчүн башка акылдуу өлкөлөр алыскы, чектешпеген мамлекеттер менен тыгызыраак мамиле курганга аракет кылышат. Мисалы, Монголия Германия жана Япония менен тыгыз мамиледе. Бир жактуу, бир өлкөгө көз каранды болбосок, акылмандуулук жана көбүрөөк прагматизм кылган болобуз.

КЫТАЙГА КАРЫЗДЫ ТӨЛӨЙ АЛБАЙ КАЛСАК ЭМНЕ БОЛОТ?

Алгандын бергени бар. Бирок алынган насыялар натыйжасыз пайдаланылып калса, аны төлөй турган маалда оорчулук болушу мүмкүн. Кытай Орусия, Түркия жана Германия сыяктуу Кыргыз өлкөсүнүн карызын кечпей тургандыгын билдирди.

Ушул жылы март айында Кытай элчиси Сяо Цинхуа «Кытайдан алынган жеңилдетилген насыялардан Кыргыз өлкөсү пайда көрө алды. Аны төлөө келишиминде сүйлөшүлгөндөй болот жана мындан башка жолдору каралбайт дагы»,- деп айткан.

Буга чейин Кытайга олчойгон карызга батып, аны төлөй албай калган өлкөлөрдүн тагдырын карасак, Эл аралык валюталык фонддун маалыматы боюнча, Шри-Ланканын 2017-жылга карата Кытайга болгон карызы 47,8 миллиард долларга жеткен. Өз убагында төлөнбөгөн карыз үчүн аталган өлкө маанилүү деген Хамбантота портун Кытайдын мамлекеттик компаниясына өткөрүп берүүгө аргасыз болду. Ошондой эле Жибути карызы үчүн Кытайга өз өлкөсүндө аскердик база куруусуна уруксат берсе, Пакистан Гвадар портун ижарага берген. 2016-жылы Камбоджанын 90 миллиондук карызын Кытай тарап 30дан ашык маанилүү келишим түзүү менен кечкен. Ушул жылдын апрель айында Тажикстан бийлиги Кумарг алтын кенин Кытайга бермек. Коңшу өлкөнүн Кытайга болгон карызы 1,2 миллиард долларга жетип, алтын кенди биздин ЖЭБди курган ТВЕА компаниясы курары маалым болду.

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор:

– Тышкы карыздар боюнча мамлекеттик маанидеги маселелер, бюджет маселесин бир эле адам эмес, 120 депутат бекитет. Канча суммадагы карыз алынса, аны ошондой эле келишимдин негизинде төлөйт. Карызды төлөй албай калсак жерибизди тартып алат же башка кен берилет деген түшүнүк туура эмес.

«НАСЫЯНЫ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНБАСА ЧЫГАША БОЛОТ»

Улук Кадырбаев, экономика жана финансы боюнча эксперт:

– Дүйнөдө өлкөнүн ИДПсына салыштырып, ошонун негизинде карыздар өлчөнүп алынат жана берилет. Банк деле жеке адамга насыя берип жатканда кардардын кайра карызды төлөп бере турган акыбалын карайт. Мамлекет карыз алганда да ошондой. Насыя алып жатканда бул өлкө кайтарып бере алабы, өлкөнүн ИДПсын карайт. Ошонун негизинде Дүйнөлүк банк болобу же башкасы насыя берет. Бирок кээде жоопкерчилиги жок же эл аралык стандартка карабаган каражат институттар же чоң жеке банктар аны карабай бере беришет. Бир мамлекеттин башка мамлекет алдында карызы бар болуп, аны төлөй албай калса, эл аралык соттор аркылуу мүлкүн арестке коюп коёт. Мисалы, бир убакытта "Кумтөрдүн" акцияларына арест коюлбады беле. Азыр заманбап мезгил келбедиби, "мына ушунча карызың бар экен" деп согуш баштабайт. Карызды төлөй албаган мамлекеттер дефолт болсо да эч ким ал өлкөнүн жерин ала албайт. Бирок мындай абалга жеткирбей, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Мамлекеттин насыя алганы жеке адамдын насыя алганы менен айырмасы жок. Биз насыяны алып натыйжалуу жумушту баштаганга аракет кылабыз да. Мамлекет дагы карыз алгандан кийин өлкө ичинде экономиканы өнүктүрбөй же киреше алып келген долбоорлорду жасай албаса бул чыгаша эле болуп калат.

КАРЫЗДАР КАНТИП ТӨЛӨНӨТ?

Кытайга болгон карыз коомчулукту тынчсыздандырбай койгон жок. Буга кыргыз активисттери атайын видеокайрылуу жасашып, карызды төлөө үчүн жөнөкөй жарандар акча чогултуп, эсептик депозит ачууну айтып чыгышкан. Ал эми 17-майдагы парламент жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев «атайын фонд түзүп, байлар, өзүбүз эле акча топтоп Кытайдан алган карызыбыздан кутулалы»,- деп сунуштаган эле.

Каржы министрлигине таянсак, 2018-жылы тышкы карызды төлөө үчүн бюджеттен 13 миллиард сом каралган. Бүгүнкү күндөгү төлөөлөрдүн эсебин алганда карыздарды төлөөнүн орчундуу маалы 2024-2030-жылдарга туура келет. Насыянын бирин алып карасак, ЖЭБден алынган 386 миллион долларды Кыргыз тарап үстөк пайызы менен 2033-жылга чейин 493 миллион доллар кылып төлөөсү керек. Ал насыя 20 жылдык мөөнөткө алынып, 2024-жылга чейин Кыргыз тарап карыздын үстөк пайызын гана төлөйт.


Тышкы карызды ар бир кыргыз жаранына бөлө келгенде 623 АКШ доллардан же 42 миң сомдон тиет.

Анын ичинде Кытайга болгон карызды бөлө келгенде ар бир кыргыз жаранына 273 АКШ доллардан же
18,5 миң сомдон тиет.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
cubich
2018-05-29 15:06:20
Туулган баладан баштап ар бир Кыргызстанда жашаган адамга болуш керек.
0
jili
2018-05-29 15:26:25
Бул акчалар кайда кетти, жеп ичерлер талап кетишти, эми карапайым калк толойт бекен. Жуткучтар
0
Aikan1966
2018-05-29 16:57:38
Ким алган акчага туура эмес коротсо алардын мулкун алып бул акчаларды которуу керек,карапайым элдерге чачуунун кереги жок
0
aimai
2018-05-30 00:11:13
Kitaidin plani akcha berip kariz kilip kirgizstandi anan jeribizdi alat karizinin orduna korosunor
0
FREELove
2018-06-03 05:55:16
Карыз албай койсо болбойбу не?
0
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан