Сооронбай Жээнбеков: «БИЗ ПАРЛАМЕНТАРИЗМДИ ТАНДАП АЛДЫК, БУЛ ЖОЛДОН КАЙТПАЙБЫЗ»

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды. Сүйлөшүүдө өлкө башчысы Кыргыз жериндеги демократиялык реформалар ЕККУ тарабынан колдоого алынып жатканын билдирди.
«2005 жана 2010-жылдары Кыргыз өлкөсүндө болуп өткөн окуялар диктатуранын жана парламенттик демократиянын кагылышы болуп саналат. Өткөн президенттик шайлоо Кыргыз мамлекетинин демократиялык жол менен баратканынын далили. Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз. Анткени мамлекеттин келечеги парламенттик демократияга байланыштуу»,- деди Жээнбеков. Ал эми Томас Гремингер президент Жээнбеков сөз эркиндигин коргоого багытталган чечимдерди кабыл алганын, аны ЕККУ колдоого аларын айтты. «ЕККУ мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, сөз эркиндигин жана адам укугун коргоо сыяктуу принциптерге таянган парламенттик демократияны бекемдөөдө Кыргыз мамлекетин колдойт»,- деди Гремингер.
Айта кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбековдун "24 kg" сайтына жана журналист Кабай Карабековго карата 10 миллион сомдук доосунан баш тартканы коомчулукта жылуу пикирлерди жараткан.

 

 


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан