ДЕПУТАТТАР ТЕКЕБАЕВДИН ИШИН СОТТО КАЙРА КАРАТУУГА 5 ЖАҢЫ ЖАГДАЙ ТАБЫШТЫ

Парламент депутаттары Мирлан Жээнчороев, Мирлан Бакиров, Жанар Акаев жана Наталья Никитенко камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 5 жаңы жагдай табылганын айтып чыгышты. Мисалы, сотто Текебаевдин үстүнөн арызданган тарап 2010-жылы Текебаев менен ушул бөлмөдө жолугушканбыз деп Убактылуу өкмөттүн имаратындагы 306-кабинетти көрсөтүшкөн. Ал эми Текебаев өзү, Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү бул кабинетте 2010-жылы Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отурганын айтып көрсөтмө беришкен. Жакында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев аталган 306-кабинет Текебаевдин иш бөлмөсү болбогонун, Текебаев 307-кабинетте отурганын айтып берди. Никитенко былтыр сот бул жагдайга көңүл бурбаганын, бүгүн өлкөдө саясий режим алмашып, мамлекеттик кызматта иштегендер эми гана чындыкты айтып жатканын белгилейт. Башкы «ата мекенчинин» адвокаттары жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Текебаев менен Чотоновдун ишин сотто кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул кайрылуунун эртеси күнү президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алып, соттук реформа, коррупцияга каршы күрөш боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Эгер Башкы прокуратура сөз болуп жаткан 5 жагдай ишти сотто кайра каратууга негиз болот деп тапса, аталган 2 саясатчы жаңыдан соттошууга бет алат.

 


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан