КСДП экс-чиновниктер Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовдун УКМКда суракка алынышы, Бишкек ЖЭБинин тегерегиндеги окуялар боюнча билдирүү жасады. КСДП Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароодо депутаттар бир жактуу чечим кабыл алганын, ЖЭБди 386 миллион долларга жаңылоо ишине гана басым жасалып, станциядагы чилдедеги авария, ага күнөөлүүлөр көңүл сыртында калып жатканын белгилейт. ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болгон учурда станцияны жетектеп турган Нурлан Өмүркул уулу жоопко тартылбай, ЖЭБди жаңылоо иши боюнча мурдагы премьер Сапар Исаковдун УКМКга суракка чакырылып, Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДПнын мүчөсү Салайдин Авазовдун камалышын КСДП укук коргоо органдарынын коррупция менен күрөшүүдө ылгоочулук иш жүргүзүп жатканы деп атады. Эл оозунда «Райым миллион» аталып жүргөн Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткенден кийин бажыдагы киреше эселеп өсө баштаганын, укук коргоо органдары бажыдагы уурдоолорду териштирүүнүн ордуна бажыны коррупциядан тазалай баштаган Кубанычбек Кулматовго кылмыш ишин ачканын белгилейт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg