ФОНОГРАММАНЫН КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

Дебат-клуб

Шоу дүйнөгө жаңы толкун келди. Батышты же башканы туурайбы, өзү ырдайбы, айтор, ыр дүйнөсүнө капыстан да, кокустан да келип калгандар арбын десек эч ким танбас. Алгач фонограмма теледе колдонулса, азыр сахнада, ал гана эмес тойлордо да магнитофондон жаңыргансып ырдалып турат. Муну менен ырчыларды күнөөлөй албаспыз. Улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы келишпестиктер да мына ушул балээден башталат.

Дебатты «фонограмма түшүнүгү бизде качан жана кантип пайда болгон?» деген суроодон баштасак...

Курмангазы Азыкбаев, музыкант:
– Фонограмманы Орусиядан биринчи София Ротару металл кассета менен колдоно баштаган. Бул “вирус” бизге Орусиядан жуккан. Ал эми 1990-жылдардан баштап Кыргызстанда жайыла баштады. Европа өлкөлөрүндө фонограмма колдонууга каршы «алдамчылык» деген берене да бар. Кадимкидей 8 жылга сот жообуна тартылат. А бизде болсо андай мыйзам киргизилген эмес. Фонограмма ырдоонун эң оңой жолу болуп калды. Эгерде мыйзамдаштырганда, азыркыдай 99 ырчы чыкмак эмес. Негизи, фонограмма теледе, бийде, оркестрде, циркте колдонулат. А бизде болсо Асан же Үсөн концерт койсо, баарын топтоп ашар концерт, анан жансыз концерт берип элди алдап жатышат. Бир ырчы ырына аранжировка жасатат. Ошол ыры менен элди алдап, тойлордо ырдашат. Негизги, эмгек аранжировкачыныкы. Ал 95 пайыз мээнет кылат.

– Ильяз, 95 пайыз аранжировкачынын эмгеги болсо,
5 пайыз силердин мээнетиңерби?

Ильяз Андаш, ырчы:
– Бир чети агайдыкы деле туура. Андай болуп калганынын себеби, мисалы, биз концертибизди берип жатпайбызбы. Жандуу ырдаш үчүн музыканттарды чакырсак, кымбатка түшүп калат. Анын эсебинен биз да билеттин баасын көтөрүшүбүз керек. Бул үчүн элде гана эмес, бизде деле каражат жок. Фонограмманы жок кылуу каражатты талап кылат.

KG Элмурат, ырчы:
– Жандуу үн менен ырдаса болот, бирок техникабыз күчтүү болуш керек. Фонограмма жоюлса ырчылар да терилип, бизге жаман сөз тийбейт эле.

Жакут Сыдыков, куудул:
– Сахнага келгениме 10 жыл болду, ошондон бери эле фонограммадан арыла элекпиз. Фонограмма азыр пайдага жарап жатат. Гастролго барсак, көбү жаман көрүшөт. “Калп эле оозун кыбыратып коюшат” деп. Анан мен “фонограмма деле өзүбүздүн үнүбүз да, жаман көрбөгүлөчү” дейм.

– Өмүр бою фонограмма эмес, микрофону жок ырдап келаткандар бар. Мисалы, Мыскал Өмүрканова эжебиз Москвадагы декадада “Алымканды” созгондо, кыргызчаны түшүнбөгөн башка улуттун өкүлдөрү кол чаап кубатташкан экен...

Курмангазы:
– Музыканын чоң дубасы бар. Мыскал ырдаганда, элге 2-5 мүнөт созуп туруп алгандай сезилген. Туура, музыкатерапияны фонограмма менен жеткире албайсың.

Ильяз:
– Өткөндө бир берүүдө баары эле жаш ырчыларды жамандай бергенин угуп, абдан капа болдум. Керек болсо сындап жаткан агай-эжейлердин айрымдары ырдай албай жүрүшпөйбү.

Курмангазы:
– Мен бетке эле айтам, музыкалык сабаты жок болсо, анда алар караокеде эле кыйкырып ырдагандар.

Жакут:
– Менин музыкалык билимим да, жогорку билимим да жок. Орто мектепти эле бүтүргөн боюнча. Мен арданбайм.

Ильяз:
– Жок, агай, биздин тилде караокеде мыкты ырдайт эмес, “кабачник” деп коёт.

– Бүгүнкү күндө ырчы болуу оңой болуп калдыбы?
Дегеним, ырчылар арасында ырдоону хобби катары көргөндөр бар, туурабы?

Курмангазы:
“Ырчылык – хоббим” дегендерге айтарым, мен сахнада өскөм, керек болсо өөп-жыттап да жиберем. Сахнанын сүрү бар, коркуп-титиреп чыгам. Ыйык сахнаны тебелебегиле!

Ильяз:
– Мен кичинемден бери музыка менен жашайм. Жана музыкалык билимим да бар.

Элмурат:
– Кесибим башка. Бирок ырдоону хобби катары эсептебейм. Өз кесибиме караганда ыр дүйнөсү мага жакын.

Элиза Орозова, ырчы:
– Ата-энем ырчы болом дегениме карабай “артист деген болбойт” деп башка окууга тапшыртып коюшкан. Бирок ага карабай филармонияда атайын студияда окуп, эки жакка жетишип жатам.

– Ким айта алат, фольклордук топторду эсепке албаганда,
ким акыркы жолу жандуу концерт койду?

Курмангазы:
– Мени филармонияга 15 жылдан бери баш бактырышкан эмес. Анан мен кайдагы жандуу концертти көрөм?!

KG Элмурат:
– Акыркы жолу Мирбек Атабеков койду. Бирок билбейм, канчасы жандуу болгонун.

Элиза:
– 60-70-жылдардагы ырларды аккордеон менен ырдаган Эрмек Мойдунов, Гүлсүн Мамашова сыяктуу эжей-агайларыбыздын жандуу концертине күбө болгом.

– Бул талкууга Гүлсүн Мамашова эжебизди чакырдым эле, эже алыска сапар тартып жатыптыр. Бирок эженин айтымында, техника менен жандуу ырдагандын айырмасы чоң. Жеңил-желпи ырлардын өмүрү аз...

Курмангазы:
– Эски кишилер азыркы муунду кабыл албайт. Себеби алар ошол кездеги кайрыктарды сагынып, уккусу келишет.

Ильяз:
– Көп улуулар менен таанышып, кеп-кеңешин уккам. Кээ бирөөлөрү жаш ырчыларга сүйлөгүсү келбейт. Бир жолу топ балдар:“Иш жок, эми ырчы болуп алсак окшойт”,- деп күлүп жатышат. Ырчылык көп адамдар үчүн оңой көрүнө баштаганына өкүндүм. Туура, биз деле бөлүнөбүз. 90 ырчынын баары эле жакшы ырдабайт.

Жакут:
Ильяз, баятан бери 2-3 жолу айттың, “жаш ырчыларды жек көрүшөт” деп. Бирок аларды да угуш керек. Биз сын менен өсөбүз.

– Максат, сиз кечигип келбеди­ңизби, биз фонограмма жөнүндө кеп кылуудабыз, сиздин оюңуз...

Максат Бегалиев, ырчы:
– Бизде фонограмма басымдуулук кылат. Аппаратурага шылтоолойбуз, бирок аракет кылыш керек. Туура, кээ бир жерде ырдаганга болот, кээ бир жерде тырыша эле беребиз.

Жакут:
– Биз, куудулдар, фонограмма кылсак кандай болор эле?

Курмангазы:
– Койсоңчу, бул жакта ырчыларды “жандуу ырдагыла” деп кыйкырып жатсак, сен чыктың го... Элестет, интермедияңардын ортосунда чүчкүргүң келсе кантесиң?! Болбойт!

– Бир ырчы жылына 2 жолу концерт берет. А эгерде чындап үнү болсо, техникага шылтоолобой эле жандуу ырдаса болбойбу?

Максат:
– Биз “бул ырдай алат, тигил ырдай албайт” деп бетине айталбайбыз. Билебиз, кимдин деңгээли кандай экенин. Бирок “ашканабыз” бир болгондуктан, кантип айтабыз?

Ильяз:
– Кудай буюрса, акча болгондо гана фонограммадан кутулуп, концерт берем.

– Жакында Маданият министрлигинде көркөм кеңеш түзүлөт экен. Электен өтпөй калуудан коркпойсуздарбы?

Курмангазы:
– Көркөм кеңеш киргени туура. Көзөмөл керек. Антпесе “сүйөм-күйөм, жаным, куймулчагым” деп ырдай беришет.

Максат:
– Эки жыл мурда көркөм кеңеш түзүлөт деп калды. Улуу муун, кичүү муун катыштык. Чатак ошол жерден башталды. «Аппаратура кандай болот? Жетекчиси ким болот?» деген чыр чыккан.

Ильяз:
– Менин коркконум, тааныш-билиш, кыргызчылык болуп кетиши мүмкүн.

– Македондук Александрдын "башка мамлекетти кылычсыз, кансыз басып алгың келсе, биринчи маданиятыңды киргизип кой. Жылдар өтөт, ошол мамлекет акырындык менен сеники болуп калат" деген сөзү бар экен. Бизде ушундай коркунуч барбы? Чет элди туурасак, маданиятыбызды сактап кала алабызбы?

Курмангазы:
– Казак президенти Назарбаев: «Музыкалык аспаптарды биздики кылып койбойсуңбу»,- дейт. «Эч качан, арбактар уруп кетпейби» дедим. Көрдүңбү, ошондуктан бизге казак, өзбек музыкасы гана эмес, батыш маданияты да кирип келди. Абайлашыбыз керек.

Ильяз:
«Фонограммадан эртең-бүрсүгүнү арылабыз» деген болбойт. Баарын убакыт көрсөтөт.

Мейли алыскы тоодо мал баксын, мейли шаарда жан баксын, кыргыз эли ырсыз жашай алган эмес. Эл ыр-күүлөрдү кулагы менен укпастан, жүрөгү менен угат. Андыктан кулактын ырын эмес, жүрөктүн ырын ырдай турган таланттар көбөйсүн дейбиз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА