БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ИНТЕРНЕТ АРЗАНДАЙТ...

  • Бишкек мэриясы 1-июнь – БАЛДАРДЫ КОРГООНУН эл аралык күнүнө карата өтүүчү иш-чараларга 442 миң сом жумшайт. Маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
  • Өкмөт өлкөнү АРЗАН ИНТЕРНЕТ менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алууда. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети жактырган келишимге ылайык, акчанын 25 миллиону насыя, 25 миллиону грант түрүндө берилет.
  • Жогорку окуу жайга тапшырууга АКЧАСЫ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕРГЕ кредиттер бериле башташы мүмкүн. Тийиштүү мыйзамдын долбоору парламентте каралууда.
  • Мурдагы премьер-министр САПАР ИСАКОВ «Бишкек ЖЭБин жаңылоо маселеси боюнча Кытайга бир да жолу барган эмесмин» деп билдирди. Анын бул сөзүн КСДП өз билдирүүсү аркылуу жарыялады.
  • Парламент депутаты УЛАН ПРИМОВ экологияга кам көрүү үчүн 1995 же 2000-жылга чейин чыгарылган автоунааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Өкмөт өкүлү мыйзам буга жол бербей турганын билдирди.
  • Кыргыз жеринде 5300 ҮЙ-БҮЛӨ жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Алмаз Асанов билдирди.
  • Вице-премьер-министр ЖЕҢИШ РАЗАКОВ Баткенде эл менен жолугушууда «кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тарткан адамдардын жоопкерчилиги каралат» деп билдирди.
  • Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө калың кар жаап, жергиликтүү чабандын 200 БАШ КОЮ ӨЛДҮ.
  • Билим берүү мекемелеринде иштеген китепканачылардын, башчы ашпозчулардын, механиктердин жана жатакана жетекчилеринин АЙЛЫКТАРЫ КӨТӨРҮЛӨТ. Жооптуу министрликтин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
  • Мамлекеттик салык кызматынын башчылыгына ТЕҢИЗБЕК АБЖАПАРОВ дайындалды. Абжапаров буга чейин Социалдык фондду жетектеп келген.
  • Өкмөт чет өлкөдө КАЗА БОЛГОН Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн анын жакындарына 50 миң сомдон берүүнү караган токтом кабыл алды.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 812, 25-май -31-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан