Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА ЫРДАГАН «ЭСТЕЙ ЖҮР» ЫРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ. Ыр уурдалганбы?

№812 25-май -31-май, 2018-ж.


Бир кездери хит болгон, Сайкал Садыбакасованы ырчы катары элге тааныткан «Эстей жүр» деген ыр эсиңизде чыгар. Ал ырдын автору катары Чынара Сейитбурханова аттуу ырчынын аты аталып жүрөт. Бирок «Эстей жүр» менин ырым» деп Венера Калыкова аттуу айым редакциябызга баш бакты.

Венера Калыкова: «ЭСТЕЙ ЖҮР» ЫРЫН АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫМА АРНАГАМ»
– «Эстей жүрдүн» авторумун деп жатасыз. Бирок автору катары башканын аты аталып жүрөт, убагында эмнеге бул тууралуу айтып чыкпадыңыз?

– «Эстей жүр» 1984-жылы жазылган. Ал кезде Бишкектеги Музыкалык педагогикалык училищеде, 4-курста окучумун. Сөзүн да, обонун да өзүм жазгам. Мени менен чогуу окуган Клара Байысбекова деген таластык кыз бар эле. Ал «Эстей жүрдү» жактырып, көп ырдачу, анын сиңдилери да ырдап калчу. Ошол кыз аркылуу тарап кетсе керек деп ойлоп жатам. Бул ырды сахнага бир топ жылдан кийин ырдап чыгышты. Ал учурда мен үй-бүлөлүк шартыма, убактыма, «авторумун» деп жүргөн Чынара Сейитбурханованы таппаганыма байланыштуу «менин ырым» деп чыга алган жокмун. «Эстей жүрдүн» автордук укугун алайын деп эми гана чыгындым.

– «Эстей жүрдү» алгачкы жолу Сайкалдын аткаруусунда качан уктуңуз? Анын аткаруусу купулуңузга толдубу?

– Ырды алгач мага «апа, аябай жакшы ыр чыгыптыр» деп кызым угузду. Бирок ырды мен жазганымды кызым билчү эмес. Анан «бул ыр меники» деп кызыма айттым да, ошондон баштап аракет кыла баштадым. Ырды Сайкал жакшы аткарды, менин купулума толду. Сөзү, обону элге бурмаланбай жетти.

– Ырдын автору катары айтылып жүргөн Чынара Сейитбурханова менен байланыштыңызбы?

– Бир ирет телеканалдардын биринин эфирине ырчы Роза Шакирова конок болуп барып калды. Ошол жерден «Эстей жүрдү» комуз менен ырдады. Алпаруучу кыз «Бул ырды Сайкалга чейин сиз ырдап жүрчү элеңиз» деп айтып калды. Ошондо мен Розанын телефон номерин таап байланышып, Чынара Сейитбурхановадан алганын уктум. «Кыргызпатентке» барсам ал жерде иштеген 2 эже архивди карап, «Чынара Сейитбурханова автору деп катталыптыр» дешти. Чынаранын телефон номерин таап чалганда алгач алган. Анан «Мен «Эстей жүрдүн» авторумун. Ызы-чуу кылбай эле автордугун өзүмө өткөрүп бер» десем дароо телефонун коюп салды. Ошондон тарта чалсам албайт, СМС жазсам жооп бербейт. WhatsApp аркылуу да көп ирет жаздым, бирок окулду деген белги келет да, жооп жок. Өзү да ырдап жүрөт экен. Башында «эл тааныган кыз болсо, аны уят кылбай өзүбүзчө чечишели» деп 1 жылдай жакшы эле күттүм. Балким, убагында ырдын автору табылбай жатса, ал кызга жакса «меники» деп койгондур, адамда ар кандай болот да. Эми чыдамым да түгөндү, жакында бул иш боюнча сотко кайрылам.

– Бул ыр сиздики экенин далилдеп берчү күбөлөрүңүз барбы?

– Албетте. Курсташ, жатаканалаш курбуларымдын баары күбө болуп бере алышат. Ырды жаңы чыгарганда Музыкалык училищеде хор боюнча бизди окуткан Бүкөн Арзыматова аттуу эжекеме ырдап бергем. Ошондо ал «ай, бул ырыңды ырдап, ар кимге таратпай коё турчу. «Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө. Жашоодо да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө» деген саптары жакпай жатат» деп тыйып койгон. Анда эми Союз учуру, мыйзам катуу иштечү, үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани берилчү. Бүкөн эжекем маегимди окуса ырды мен жазганымды тактап бере алат.

– Жакшы ыр жөн жерден жаралбайт, ырдын тарыхына токтоло кетсеңиз.

– Ырдын тарыхы өзүмдүн жашоомо байланыштуу. Студент кезимде, 18 жашымда бир жигитти жактырып калып, ырдын сөзүндө айтылгандай, ал жигиттен жооп болбогондо ушул ыр жаралды. Алгачкы махабатыма арналган ырым деп айтсам болот. Жатаканада жашачу элем, ыр ал жакта хит болгон. Чогуу жашаган курбулар отуруштарда ырдап калчубуз.

– Ырдын негизги каарманына, алгачкы махабатыңызга кийин жолуктуңузбу?

– Бул жагын айтсам кызык. Ал балага ошол бойдон жолуккан жокмун. Кийин турмушка чыктым. Жолдошум укук коргоо кызматкери болгондуктан эрте пенсияга чыгып, күзөт тармагында иштеп калды. Бир ирет «Бизде бир бала иштеп жатат. Аябай жакшы бала, аны менен үй-бүлөлүк катышта бололу» деп калды. Кийин экөө чогуу сүрөткө түшкөн экен, карасам эле ошол бала. Анан мен жолдошума чынын айтып бердим. Жолдошум бул ыр башкага арналып жазылганын билчү. Күлүп, эч нерсе деген жок. Түшүнүктүү адам, ошондуктан кызганган жок. Эми жаш кезде боло берет да. Азыр жолдошум ал бала менен аябай жакшы мамиледе, жакын дос. Мен болсо эски сезимдерди козгобойлу деп үй-бүлөбүз менен катташуудан баш тарткам. Кээде жолдошума «Ал балада табигаттын кандайдыр бир керемети бар го. Убагында мен да жакшы көрсөм, кайра ушунча жыл өткөн соң сен да жакшы көрүп калдың» деп тамашалап коём.

– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, учурда эмне иш менен алектенесиз?

– 1 кыз, 1 уулубуз бар. Кызым турмушта. Учурда лицейлердин биринде мугалим болуп эмгектенем.

 

Ал эми «Эстей жүр» ырынын автору катары айтылып жүргөн Чынара Сейитбурханова менен байланышканыбызда ал «Менин жана мага тиешелүү ырга автор болуп жаткан адамга таң калып жатам» деп кыска гана жооп кайтарды. Ал эми бул ырга тиешеси бар адамдарга бул окуя боюнча байланышып көрдүк.

Жыпаркүл Жаңыбаева, Венера Калыкованын курбусу: «ЭСТЕЙ ЖҮРДҮ» САЙКАЛ ЫРДАП ЧЫККАНДА ТАҢ КАЛДЫМ»
– Венера эже менен 1992-жылдан бери таанышмын. Мен анда 19 жаштагы кыз элем. Эже менден 6 жаш улуу, бирок үй-бүлөлүк катышыбыз бар болгондуктан дайыма жолугуп турабыз. Отуруштарда эже «Эстей жүр» деген ырын ырдап калчу, башка да бир топ ырлары бар, жакшы да ырдайт. Кийин эле «Эстей жүрдү» Сайкал Садыбакасова ырдап чыкканда таң калдым. Эжеге айтсам «бир курбу кызым ырдап жүрчү, ошол берген окшойт» деген эле.


Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЧЫНАРАНЫН ЫРЛАРЫНЫН БААРЫ ХИТ БОЛГОН»

– Бул ыр эч кандай сиздерге кайрылган Венера дегендики эмес, Чынара Сейитбурханова деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен кыздыкы. Чынаранын Роза Шакирова ырдап жүргөн «Карабачы», «Сүйкүм элес» сыяктуу 12ге жакын ыры бар, баары эл оозуна алынып, хит болгон.

Сайкал Садыбакасова, ырчы: «ЫРДЫ 13 ЖАШЫМДА ЫРДАГАМ, СӨЗҮНӨ МААНИ БЕРГЕН ЭМЕСМИН»

– «Эстей жүрдү» мен 13 жашымда ырдагам. Чынын айтсам, ал кезде сөзүнүн маанисине деле түшүнчү эмесмин, обону жакчу. Маанисин кийин түшүндүм. Ырдайм деп туруп алсам, апам бул ырды Чынара Сейитбурханова эжеден алып берген. Жаздыргандан 1 ай өтпөй хит болуп кеткен эле.

Роза Шакирова, ырчы: «АВТОР КИМ ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ»
– Бул ырды 1995-1996-жылдары Ошто окуп жүргөн кезимде Чынара Сейитбурхановадан угуп калгам. Кийин комуз менен ырдап жүрдүм. Негизи ыр 4 куплет болчу, Сайкал 3 эле куплетин ырдап чыкты. Андан соң «Эстей жүрдүн» сөзүнө өзүм башка обон жазып, студиядан жаздырып 2007-жылга чейин ырдадым. Кийин Ислам Акматов ошол эле обонумду жактырып, ал обонго башка сөз жазып ырдап чыкты, себеби ал кезде «Эстей жүр» хит болуп, сөзү элге кеңири тарап кеткен эле. Кийин бир эже «бул ыр меники болчу» деп мага байланышты, бирок чынында эле автор ким экенин билбейм.

«АВТОРЛОР СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШСЕ БОЛОТ»

Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда алар архивди карап, бизге төмөнкүдөй маалымат беришти:

– Автордук укук алгысы келген адамдар «бул чыгарма меники» деп бизге кайрылса аны текшерип, эгер башка авторлору табылбаса, чыгарманын 1 көчүрмөсүн алып калып, ал адамга «ыр бул авторго тиешелүү» деген күбөлүк беребиз. Бирок бизде көбүнчө ырчылар бизге кайрылышып «ырдын автору бул» деп маалымат толтурушуп, каттатып коюшат. Же болбосо радио, телеканалдарга авторлор боюнча кандай маалымат тапшырышса, бизге ошондой катталып калат. «Эстей жүр» деген ыр боюнча айтсам, Сайкал Садыбакасова да, Чынара Сейитбурханова да бизге тапшырган маалыматтарда «Сөзү Канышай Токонованыкы, обону Чынара Сейитбурханованыкы» деп белгилешкен экен, автордук укук боюнча күбөлүк алышкан эмес. Эгерде чыгарма талашка түшсө, анда сот аркылуу чечишип алышса болот. Сотто чындап чыгарма башка адамдыкы экени далилденип, аныкталса, сот бизге чечимин жиберсе, биз ал чыгарманын автору тууралуу маалыматтарды тууралап беребиз.

"Эстей жүр" ырынын клибинен кадр.


Асхат Субанбеков
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(14)
29.05.2018. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1018
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+6
2006-жылы хит болуп Кыргызстанды дунгуроткон ыр.Атага кат менен биргеликте жылдын супер ыры наамын алган.Темирди ыссыгында бас дегендей,ошол жылдары кайрылса болмок экен,12 жыл откондон кийин чыкпай!
29.05.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмнеге ыр хит болуп жаткан убакта тактап алышпайт
29.05.2018. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 17:10
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырдалып буткон ырга мынча ызы чуу
29.05.2018. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-03-2018
Соӊку аракети:
15-10-2018 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+20
кеч болсо да адилеттуулук учун автордугун алыш керек да. Жолдошунуз жакшы адам экен, тушунуу менен карап колдоо корсоткон. Эки дуйно Бактылуу болунуздар.
29.05.2018. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
416
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 14:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+29
Гулшайыр эже ишенимдуу айтыптыр го кайдан билет ыр балким чындап эле ушул эженики.
29.05.2018. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-04-2013
Соӊку аракети:
23-10-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+8
Автордук укукту кайда барып алса болот жана бекерби же акчабы???
29.05.2018. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-04-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:19
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эгерде чынара эженики болсо эмнеге суйлошпой качып жатат деген суроо да?? Телефон чалса албай жазса жооп жазбай??
29.05.2018. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бироонун эмгегин ээлеп алган калын беттерге танмын
31.05.2018. 02:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+14
Чындап эле ушул эженики экен ыр болбосо Чынара жолугат эле качпай
31.05.2018. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
16-03-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 11:25
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чынара деген эмнеге качат? Журналист эмнеге андан жооп ала алган жок?! Демек Чынара Сейитбурханова бул обондун ырдын ээси эмес. Эгер Чынара дегендики болгондо жан талашып чыкмак. А Гулшайыр эже озүн билсин. Өзбектердин ырларын уурдап ырдатып жүрөт. А Чынара она кто такая?!!!
01.06.2018. 01:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулшайыр эже уят орозонун кунундо антип билип билбей чон суйлогонун.Эгер ушул эженики болуп калса чон куноокор болосуз!
01.06.2018. 06:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
13-03-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Катар Доха
+5
Эгерде Венера Калыкова бул ырды озу жаратпаганда мынчалык гезит бетине чыгып айтпайт болчу.
03.06.2018. 03:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адам олуп жататко ыр талашып дагы 12жыл мурдагы.бизде ким тынч жашап жатса уй булосуно ызы чуу салуу
09.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
0
Мурда каякта жүрдү экен Венера эми талашып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: