Популярдуу рэп ырчысы Баястан жана сүйүктүүсү бийчи Зульфия экөөнүн үлпөт тою качан болору белгилүү болду. «Бир көрүп эле сүйүү пайда болду» деген ырчы сүйүктүүсү менен тоюна толкунданып даярданып жүргөн кези экен. Баястанга байланышканыбызда: «Биз азыр даярдыктар менен жүрөбүз. Тоюбуз август айында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Буюрса, эсте калгыдай кылып өткөрөлү деп жатабыз»,- деп билдирди. Бири-бирине жарашкан жаштарга бакыт каалайбыз.