2018-жылдын 20-февралында Айбек Карымов үйүнө бир канча ирет ууру киргендиги, жергиликтүү милициядан натыйжа болбой жаткандыгы тууралуу коомчулукка айткан эле. Ырчы үйүнө 6 жолу ууру кирип, 1 миллион сомго жакын каражат жоготконун айткан. Ал тургай, Ички иштер министрлигине кайрылуу катын да жазган эле. Ал уурулар кармалып жазасын алдыбы? Бул тууралуу Айбек Карымовдун аялы Гүланда мындай жооп берди:
"Биздин үйүбүзгө алты жолу ууру кирди. Колубуздагы видео көзөмөлгө түшкөн тасманы тартип сакчыларына өткөрүп бергенбиз. Учурда бизди сүйүнткөн кабарлар бар. Эки жигит шектүү катары кармалыптыр. Иш аягына чейин тергелип бүтүшүн күтүп жатабыз".